АТТЕСТАЦИЯ: КЕСИПТИК КАТЕГОРИЯЛАРДЫ АЛУУНУН КЕЗЕГИ БАШТАЛДЫ

  • 24.10.2016
  • 0

* 20-октябрдан Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдерин аттестациядан өткөрүү башталат.

* Өкмөт бекиткен жобого ылайык, аттестация эки түрдө болот: беш жылда бир кезеги менен болот, мөөнөтүнөн мурда өтүш үчүн кезексиз өткөрүлөт.

* Аттестациялык комиссия  мугалимдин кесиптик компетенттүүлүгүн комплекстүү баалоону жүргүзөт. Аттестациянын жыйынтыгына жараша мугалимдерге жогорку, биринчи жана экинчи категориялар ыйгарылат. Жогорку категория алган мугалимдердин эмгек акысына 2000 сом, 1-категория үчүн 1500 сом, 2-категория үчүн 1000 сом кошумча каралган.

* Аттестациянын биринчи этабы Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тест борбору иштеп чыккан технологиянын негизинде комплекстүү компьютердик тестирлө ыкмасы менен жүргүзүлөт.

* Аттестация мугалимдердин кесиптик потенциалын жогорулатууга жана мектептерде билим сапатын көтөрүүгө стимулдук таасири болот деген үмүт-тилек менен башталып жатат.

Карачач ЖАНБОЛОТОВА,  Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы Э.Кендирбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары:

—  Чыгармачыл мугалимдин сабагын  калемгер  жазып,  сүрөтчү тартып бүтпөйт, бирок мугалимдин чыгармачыл экендигин окуткан окуучунун билим сапаты айтып жатпайбы. Быйылкы окуу жылында өтүлүп жаткан мугалимдерди аттестациялоо дагы ошол максатта, ошону менен бирге мугалимдин чыгармачыл ишмердүүлүгүн арттыруу үчүн ага квалификациялуу категория ыйгаруу, алардын педагогикалык чеберчилик деңгээлин жогорулатуу,  эмгек маянасын көтөрүү максатында өтүлүп жатат. Быйылкы окуу жылында мугалимдерди аттестациядан өткөрүү боюнча жобо бекитилип, аларды кайрадан аттестациялоо жүргүзүп квалификациялык категорияны ыйгаруу жана аларга кошумча акча каражаты каралып жатканын уккандан бери мугалимдердин арасында ар кандай  ой-пикирлер пайда боло түштү. Бирок мугалимдер ар иштин баштоочусу, илим-билимге жол ачуучу адамдар эмеспи. Октябрь айынан апрель айына  чейин өтүүчү аттестациялоого кызуу даярданып жатышат. Биздин Барскоон  айылындагы Э.Кендирбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде 72 мугалим аттестациядан өтүү үчүн даярдык көрүшүүдө. Жобонун негизинде аттестациядан өтпөй тургандары 23 мугалим, ал эми жалпы мугалимдердин 25%  аттестациялоонун 1-этабында өткөнү турушат. Мектепте 11 кишиден турган аттестациялык комиссия түзүлүп, негизги функцияларын аткарып жатышат. Биздин  мугалимдер  квалификациялык тесттен өтүүгө таптакыр каршы эмес. Тескерисинче, кесиптик деңгээлин аныктоо ар  бир мугалим үчүн керек экендигин түшүнүшүүдө. Көйгөйлүү маселе категорияларга каралып жаткан акча каражатынын аздыгы болууда. Албетте, мамлекетибиздин бюджетинде тартыштык бар экендигин билебиз. Ошондой болсо да мындан көбүрөк  акча каражаты каралса мугалимдердин иштешине бир топ эле стимул болот эле.  Анткени финансылык жактан жетиштүү   мугалимдин  жеке  жашоосундагы көйгөйлөр  азайып,  болгон дараметин билим берүүгө жумшамак. Билими  кенен мугалим билим-тарбиясы  терең окуучуну тарбиялайт. Билимдүү келечек муун — өлкөбүздүн бекем пайдубалын түзөт.

Мейискан АСАНОВА, Бишкек шаарындагы А. Молдокулов атындагы №5 УКГнын  усулдук иштер боюнча директордун орун басары:

— Аттестация ар бир мугалим үчүн керек: мугалимдерде жоопкерчилик сезилет; изденишет; отчеттуулук, жыйынтыктуулук болот; иш-кагаздары калыпка келип, системалаштырылат; жаш адистерди, пенсия курагындагы, кош бойлуу мугалимдерди аттестациялоо боюнча  талаптар канааттандырарлык. Ал эми ойлондурган маселе: коллективдин 25% аттестациядан өтүү зарыл деген талап: анын ичинен 3% — жогорку, 10% — биринчи, 12% — экинчи категория берилет деп чектөлөрдүн коюлганы; аттестациянын талаптарына жооп берип, бирок мугалимдердин санынын көптүгүнөн категориясыз калганы; бул убакка чейин жүргүзүлгөн аттестациянын жыйынтыгы менен ээ болгон категориялардын жокко чыгарылганы; көп жылдык стажы бар мугалимдер, башкача айтканда, 20-30 жыл иштеген мугалим менен жаңы кадрлардын эмгеги бирдей деңгээлде бааланганы. Биздин сунушубуз боюнча, категориясы жок мугалимдер гана аттестацияланса, мурдагы категориясы бар мугалимдерди калтырып, тактап айтканда, тастыктоодон өткөрүп, кийинки 5 жыл иштеген мугалимдерди жана категориясы жок мугалимдерди аттестацияласак.

Ширин ЕГЕМБЕРДИЕВА, Чоң-Алай районундагы Кулчу негизги мектебинин директору:

— Менин оюмча, мугалимдер үчүн аттестациянын өткөрүлүүсү эң негизги, маанилүү маселе, бирок аттестациядан каалоочулар эле эмес жалпы мугалимдер өтсө жакшы болмок. Себеби айрым билими төмөнүрөк мугалимдер өтүшпөй, мурун билими кандай болсо ошол бойдон жүрө беришет. Жалпы мугалимдер өтсүн деген Жобо болгондо жок дегенде изденип даярданышмак.  Дагы бир маселе, стажы үч жылдан кем болгон жаш мугалимдерге да аттестация болсо туура болмок.  Кээ бир жаш мугалимдердин билими төмөн жана сабак өтүүдө өтө кыйналышат, ошол себептүү окуучулардын билим сапаты төмөн болууда. Жумушка биринчи жолу орношууда да сөзсүз түрдө аттестациядан өткөрүлсө.

 

• Суроо – жооп

Кулийпа ХАЙТБАЕВА, Бишкек шаары:

?  Мугалимдердин аттестациясы милдеттүүбү же ыктыярдуубу? Мисалы, быйыл аттестациядан мугалим өткүсү келбесе, өтпөй койсо болобу?

Жооп:  КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы №541 токтому менен бекитилген, жалпы билим берүүчү уюмдардын Бир типтүү Жобосунун 55-пунктуна ылайык, (КРӨнүн 2013-жылдын 2-октябрындагы №544 токтомунун, 2014-жылдын 17-сентябрындагы №535 токтомунун редакциясы) «… КРнын Мыйзамына ылайык, мугалим аттестациядан өз ыктыяры менен өтүүгө укуктуу…» Бул жылы мугалимдердин ыктыярдуу укугун эске алуу менен алардын баары эле аттестациядан өтө беришпейт. Бирок, эгерде, мугалим ыктыярдуу түрдө аттестациядан өтүүнү пландаштырса, анда ал беш жыл аралыгында оюн ишке ашырганга акылуу.

?  Квалификациялык тестирлөнү ким өткөрөт жана тестке кандай суроолор келет?

Жооп:  Тестирлө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Улуттук тестирлө борборунун администраторлору аркылуу ишке ашат. ПКнын операторлору катары башка адистер да тартылат. Тесттин суроолору үч блоктон турат:

1-блок. “КРнын Билим берүү тууралуу мыйзамдарын билүү”,  КРнын Конституциясы, КРнын балдар Кодекси, КРнын “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамы.

2-блок. “Педагогиканын, психологиянын, усулдун негиздери” буга тарбиялоонун теориясы, дидактикасы, усулу, жалпы педагогика, психология жана окуу процессин башкаруу, уюштуруу  кирет.

3-блок. “Предметтик билимдин негиздери” берген сабагы боюнча окуу программасынын бардык көлөмү кирет.

?  Квалификациялык тестирлөдөн канча балл топтоо керек?

Жооп:  Аттестацияга катышуучу, эгерде, тесттик суроолордун жалпы санынан 50 баллды туура алса, анда аттестациядан өттү деп эсептелет (Жобонун 43-пункту).

?   Эгерде мугалим тестирлөнүн жыйынтыгы менен макул болбосо, кандай чаралар көрүлөт?

Жооп:  Мугалим кесиптик тестирлөнүн тыянагы менен татыктуу баа албай калса, анда кийинки белгиленген мөнөттө кайталап тесттен өтөт (Жобонун 44-пункту).

?   Эгерде сабак (аттестация үчүн) жеткиликтүү болбосо, анда экинчи жолу өтсө болобу?

Жооп:  Жок. Мугалим аттестациялык комиссияга арыз берүү менен бирге, аттестация өткөрүүнүн эрежелери менен кеңири  таанышкан. Ошол эле учурда мугалим түзүлгөн график боюнча аттестациялык процедурага да даяр турушу керек. Ошондой эле, аттестациялык процедура сабакты баалоо менен гана чектелип калбастан, комплекстүү мүнөзгө, кесиптик тестирлөгө, мугалимдин портфолиосуна, интервью-маекке ээ. Аталган критерийлердин негизинде, АК эксперттик тыянакка таянуу менен, андан кийин гана чечим чыгарат.

Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернатынын

эмгек жамааты, Каракол шаары:

?  Пенсия курагындагы мугалимдерге категория кереги жок болсо, аттестациядан өтпөй койсо болобу?

Жооп:  Эмгек келишими менен иштеген пенсия курагындагы мугалим аттестациядан жалпы  негизде эле өтөт (Жобонун 11-пунктуна ылайык).

?  Тесттик тапшырмалардын варианттарын мугалимдер үчүн жеткиликтүү болгудай массалык маалымат каражаттарына жарыяласаңар болобу? Анткени багыттоочу материалдар керек.

Жооп:  Суроолордун инструменттери апробация болгон соң 20-ноябрдан кийин УТБ жана КРнын ББИМнин сайтына иштелип чыккан айрым булактары жайгаштырылат (1-2-блок боюнча). Негизги предметтердин бардык бөлүктөрү,  темаларына ылайык, КРнын жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик стандарты тесттик тапшырмаларда иштелип чыкты.

 

Даярдаган Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кутбилим»

 

Поделиться

Комментарии