«АСЫЛЗАТ-ЗИРЕК» БАЛДАР  БАКЧАСЫ – АЙЫЛДЫКТАРДЫН СҮЙМӨНЧҮЛҮГҮНӨ АЙЛАНДЫ

  • 17.02.2015
  • 0

Ат-Башы айылындагы «Асылзат-Зирек» балдар бакчасы өздүк салымдын негизинде ачылган. Ат-Башы районунун элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Дөөткуловдун уюштуруусу менен А.Керимбаев атындагы орто мектептин бош турган төрт класс бөлмөсүн бала бакча ачуу үчүн чечип берген. Бакчанын жетекчиси А.Тилегенова өзүнүн наамынан 100000 сом насыя алып, бакчаны толук ремонттон өткөргөн.

Ат-Башы  айылынын  тургуну  Күлүйпа Чекированын берген маалыматына таянсак, бала бакчанын имараты даяр болгондон кий-ин, бакчанын директору А.Тилегенова “Роза Отунбаева демилгеси” фондунан жардам сурап кайрылган. Бала бакчанын имараты даяр экенин көрүп, фонд «Финка» МКК аркылуу 260000 сомго инвентарь менен жабдып, бала бакчанын ачылышына чоӊ жардамын берген.

— Экс-ажобуз Роза Отунбаева өз учурун-да жардамын бербегенде, бала бакча ачыл-мак эмес. Бала бакча бир жыл бою иштеп кете алабы деген мааниде, чоӊ сыноодон өттү. 2014-жылдан баштап бала бакчанын жолу ачылып, ар тараптан жардамдар келе баштады. Азыркы учурда бала бакча толук кандуу иштешине шарт түзүлдү. Учурда төрт группада 120 бала тарбияланат. Балдардын татыктуу  тарбияланышына  бардык  шарт-тар түзүлгөн, — дейт К.Чекирова. — Жакында “Асылзат-Зирек” балдар бакчасында райондук деӊгээлде көрсөтмөлүү семинар болуп өттү. “Асылзат-Зирек” балдар бакчасынын башчы-сы Айгүл Тилегенованын арыбаган, талбаган изденүүчүлүк күжүрмөн аракети менен негиз-делип-уюшулган бул бакчанын бир жылда эле райондогу балдар бакчаларынын мыктысы болгондугуна семинардын катышуучулары күбө болушту. Жаӊы курулган аянтча, улуттук колоритте жасалган кичи стадион, жаратылыш бурчу, китепкана, баланы өнүктүрүүнүн бардык түрүнө колдонулуучу оюнчуктар, кыргыз бур-чу жана башкалар көздүн жоосун алат. Төрт тайпанын класс бөлмөлөрү кенен, жарык, таза, жылуу. Алар жаӊы идея, жаӊы тема балдар-дын кызыгуусун өзүнө тарткан кызыктуу, кооз жасалгаланган. Тарбиячылары Чынара Акма-това, Мээрим Чочоева, Гүлнара Нааматова өткөргөн ачык сабактары жогорку деӊгээлде деп белгиленди.

КРнын  Жогорку  Кеӊешинин  депутаты Алмазбек Баатырбековдун аракети менен “Хьюмен эппиел интернейшнл” эл аралык кай-рымдуулук коомунун Кыргызстандагы өкүлү Али Аюоуб мырза жарым миллион сомго ме-белдерди, керебеттерди алып берген. Дагы бир ишкер Үрүмчү шаарынын 25 миӊ сомго жалаӊ жыгач оюнчуктарды алдырган. Ат-Башы район-дук эмгек, миграция жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Рая Сатындиева балдар аянтчасын курдуруп берген.

Ата-энелер эмне дейт?

Турсунбүбү РАЖАПБАЕВА, чоӊ эне:

— «Асылзат-зирек» бала бакчасында тар-бияланып жаткан Үсөнов Бексултан, Керимов Арген деген неберелерим бар. «Эшигин көрүп төрүнө өт дегендей», бала бакча абдан таза, бүт мүмкүнчүлүк бар, суу ичинен чыгат, туалет иштейт. Бала бакчада төрт группа бар, анын эки тайпасы орус тилинде, эки тайпасы кыргыз тилинде таалим-тарбия беришет. Орусча тайпа болгону абдан жакшы, анткени балдар кийинки мектепке кирүүдө 5-6 сөз үйрөнсө дагы пайда болот деп ойлойм. Балдарга тамак берүүсү дагы абдан жакшы, көбүнчөсү эт менен берилет.

Шаарбүбү МОЛДАЛИЕВА,чоӊ апасы:

— “Асылзат-Зирек” бала бакчасында эки неберем тарбияланып жатат. Бул бакча башка бала бакчадан айырмаланып турат, канчалаган кыйынчылыктарга, бут тосууларга карабай ачылып, жакшы деӊгээлде иштеп жатат. Кыска убакыттын ичинде бала бакча жасалгаланып, элдин көбү балдарын ушул бала бакчага бергенге ынтызаар болуп жатышат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА,“Кутбилим”

Поделиться

Комментарии