ТОО АРАСЫНДАГЫ АЙЫЛДЫН АГАРТУУЧУЛАРЫ

  • 24.10.2017
  • 0
ТОО АРАСЫНДАГЫ АЙЫЛДЫН АГАРТУУЧУЛАРЫ

Борбор калаабыздан 145 км алыстыкта жайгашкан Ак-Түз деген кыштакты кийинки жаштар көп билбей калышты. Сары өзөн чүй өрөөнүндөгү (балким Кыргызстан боюнча) эң бийик, деңиз деңгээлинен 2,300 м бийиктикте, тоосу асманга умтулган, кокту-колот койнундагы карагайлары тоого умтулган кереметтүү бул аймакты союз учурунда Москва өзү көзөмөлгө алып, колдоп турган. Ал кечээ жакынкы эле 1938-жылы түптөлгөн. Аты айтып тургандай эле бул ак өрөөндүн топурагы коргошун кенине бай болгондуктан, аны казып иштетүү согуштан мурда эле башталган. Кен казганы келишкендер акырындап отурукташып отуруп бүтүндөй бир кыштак түптөлүп, алгачкы мектептин курулушу да ошол эле 1938-жылдарга туш келет.

Ак-Түз орто мектебинде учурда 103 окуучу окуйт. Окуучулардын саны айтып тургандай эле, азыр ал жерди жердегендер жылдан жылга азайып баратат. Ак-Түздүн аты алыска угулуп турган кезде калкынын саны 3500 адамдан ашчу. Учурда жарым миңдин тегерегинде тургуну бар Ак-Түздүн мектебинде эмгектенген 16 мугалимден турган педагогикалык жамааты, деги эле мектептин азыркы абалы тууралуу мектептин директору Конуров Медет Аттокурович мына буларды айтып берди.

Бардык шарттар ыңгайлуу болсо, балдар тартип бузушпайт

  • Мен негизи бул мектептин босогосун 2002-жылы аттагам. Кесибим – география мугалими. Мугалимдерибиз жетиштүү, баардыгы өз адистиктери боюнча иштешет. Буга чейин кадр маселеси, мектептин материалдык-техникалык жабдуусу менен алектенип келсек, азыр бул маселелердин баары толук чечилген десек болот. Азыркы учурда биз бир гана багытта – балдардын билим сапатын жогорулатуу багытында окуу-тарбия иштерин жүргүзүүдөбүз. 16 компьютер жана интерактивдүү доскаларыбыз бар. 1-класстан 11-класска чейинки окуучуларыбыздын баары компьютер менен иштешет. Китеп менен 93% камсыздалганбыз. Жаңы жылдан кийин да толуктайбыз деп турабыз. Көп жылдык тажрыйбалары бар, алдыңкы мугалимдерибиз КР Билим берүүсүнүн мыктылары Айгүл Саякбаева, Анара Осмонова жана башталгыч класстын мугалими Тынара Шамшидиновалар менен сыймыктанабыз.

Биздин Ак-Түз орто мектебинде окуучулардын мыкты окуп, ден соолугун чыңдап, ага кошумча түрдүү ийримдерге барып ар тараптуу, заман талабына шайкеш жаштардан болуп өсүүсүнө бардык шарттар бар. Алсак, саламат жашоону колдогон тренажердук, күрөш залдарыбыз бар. Буга айылдын кары-жашы дебей бүт келип машыгышат.  Балдардын ден соолугуна кам көргөн эң мыкты, башкаларга үлгү болорлук шартыбыз – бул имараттын ичинде дааратканалардын, кол чайкагычтардын жайгашканы деп эсептейм. Биздин балдар ысык-суукта эшикке чыгышпайт. Мындай шарттын дагы бир жакшы жагы, балдар короого чыгышып мушташпайт, тартип бузушпайт. Окуучулардын билим жетишкендиктери канааттандырарлык. Анткени биздин мугалимдер бааларды реалдуу коюшат, окуучулардын үй-бүлөлүк ж.б. жагдайларына карап көтөрмөлөшпөйт.

Биздин мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөрүбүз менен тыгыз байланыштабыз. Алар бизге майрамдарда, даталуу күндөрдө келип турушат. Алар менен сыймыктанабыз. Алсак, ЖКнын экс депутаттары Нуржан Бадыкеева, Эрик Арсалиев, мурда шаардын мэри болуп иштеген, Кыргызстандын шайба менен ойнолуучу хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов, “Алтын-Кендин” директорунун орун басары Умар Изабаев, өзүбүздүн эле билим берүү тармагында көп жылдан бери эмгектенип келаткан Марат Үсөналиев, Тоо-кен институтунда мугалим болуп иштеген Малика Кудайбергенова ж.б. көптөгөн мурдагы бүтүрүүчүлөрүбүз мектеп менен байланыштарын үзбөй, бизге дайыма келип турушат.

Музейлер тарыхты эле үйрөтпөй, патриоттук духту да тарбиялайт

Мектеп директору менен эки кабат мектепти кыдырып, жылуу жана таза класстардын заманбап жасалгалангандыгына күбө болдук. Мектепте эки музей бар экен. Бирөө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын музейи, экинчиси – Край таануу музейи. Мындай музейлер окуучуларга жеке эле өткөн тарыхты үйрөтпөстөн, патриоттук духта таалим-тарбия берүүгө чоң көмөкчү экендиги талашсыз. Медет Аттокурич заманбап жасалгаланган математика кабинетин көргөздү. Бул кабинет ушул айылдык кеңеште көп жыл жооптуу катчы, андан кийин бала бакчада тарбиячы болуп ак эмгек өтөгөн Токуш Абдыкеримованын ысмын алып жүрөт. Анын балдары жыл сайын окуу жылы башталганда, мектепке керектүү жабдууларды алып беришип, окуунун эң мыктыларына үй-бүлөлүк стипендия ыйгарып турууну чечишкен. Мындай жакшы жөрөлгөлөр жугуштуу болуп, авторлук кабинеттердин саны арбышын каалап, андан кийинки бөлмөлөргө баш бактык. Мектепке быйыл велиончель музыкалык аспабында ойногон жаңы музыка мугалими келгенин айтып, ал кийинки учурда солгундап бараткан көркөм ийримдерди жандандыраарына кубанган директор, жаңы мугалим Клара Аильчиеванын демилгеси менен мугалимдердин кесиптик майрамын өзгөчө белгилешкенин кошумчалады.

  • Быйылкы биздин кесиптик майрамыбыз өзгөчө шаңдуу өттү. Балдар мугалимдердин чоңойтулган сүрөттөрүн көтөрүп чыгышып, ар бирине мүнөздөмө беришип, ырларын арнашты. Бизге окуучуларыбыздын сен жөнүндө кандай ойдо экендигин, сени кандай бааларын билүү аябай кызык болду. Бирин сулуу, экинчисин ажарлуу, үчүнчүсүн тамашакөй деп баалашкандары да бир чети жагымдуу, бир чети окуучулар менен кер байланыш түзүүдө башкаларга да үлгү болчудай,-дейт.

“Биз бардык мугалимдерибизди бирдей жакшы көрөбүз”

Туш тарабынан карагайлуу тоолор курчалган бейиштин төрүндөй жерди жердеген ак-түздүктөргө, башкалар атайын издеп барып укпаган велиончелде Алтынбек Жаныбековдун “Романсынын” мукам кайрыктарын ойноп берген Клара Мукатовнадай мугалимдүү болушкандыгына окуучулар өзгөчө кубанышууда.

Окууда да мыкты окуп, коомдук иште да активдүү катышкан 10-класстын окуучусу Асканбекова Жылдыз жана 11-класстын окуучусу Мажинова Жамиля түшкө чейин окушса, түштөн кийин кайра эле мектебине ашыгып келишип, түрдүү ийримдерге катышаарын айтышты.

  • Убактыбыздын баары мектепте өтөт. Түшкө чейин сабактар, түштөн кийин ийримдер. Мурда комузга барып жүрдүм эле, бирок мугалим жетишпей, үзгүлтүккө учурап калган болчу, эми жаңы мугалимибиз Клара Мукатовна келип, комуз үйрөтөм деп жатат. Андан тышкары, кыздар болуп тренажер, күрөш залдарына барабыз. Окууларымда жетишкендиктерим да аябай жакшы. Башка мектептерде кандай билбейм, бизде болсо мугалимдерибизден эч нерсе жашырбайбыз. Ички сезимдерибиз менен да бөлүшөбүз. Жакшы окуп, жакшы иштеп, келечекте мугалимдериме эң чоң белек кылгым келет,-дейт Жылдыз.

Кыздар жылдагыдай эле быйыл да мугалимдер күнүндө майда класстын окуучуларына сабак өтүштү. Алар бул күнгө алдын-ала тыкаттык менен даярданышат. Быйыл Жылдыз мектеп директорунун милдетин аткарса, Жамиля 9-класска химия сабагын өттү. Алар предметтик мугалимдер менен теманы мектепте даярдашса, үйлөрүнө барганда күзгүнүн алдында кандай басып, эмне деп сүйлөш керектигинен өйдө кайталашат. 45 мүнөттүн ичинде эле мугалимдин түйшүгүнөн чарчап калышкан жогорку класстын окуучуларынын мугалимдерге көз карашы дароо өзгөрүлүп, аларга карата сый-урматы артыла түшөт.

Жаш келсе ишке…

Мектепте 16 мугалим болсо, анын ичинен алтысы – жаш адистер. Тоо арасындагы алыскы айыл эмес, шаарларга оңой менен барбаган жаш адистердин бул жерге келип отурукташып жатышы, албетте, жакшы жетишкендик. Мектеп директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Галия Жандыбаеванын айтымында, жаш мугалимдердин эң алды үч, эң аз дегени бир жыл иштеп жатышат. Алар: Арык кызы Салтанат, Толик кызы Ажар, Осмонова Бегимай, Бегалиева Бүайна, Асканбекова Айгеримдер. Көбү ушул эле тегерек четтеги айылдын кыздары болсо, ушул аймакка келин болуп келгендер да бар. Алардын бири Бегалиева Бүайна Талас облусунун Кара-Буура районундагы Чолпонбай айылынын кызы. Өзү айткандай, “чыккан кыз чийден тышкары” болуп, өмүрлүк жарын ушул айылдан тапты. Өзү англис тилчи Бүайнанын жайдары жүзүнөн келген жерине да, иштеген ишине да ыраазы экендиги байкалат.

Ал эми Арык кызы Салтанат эки жылдан бери балдарга химия сабагын окутат. Бир жыл бою Кемин районундагы мектептердин химия предметинин мугалимдери, мектеп директорлору катышкан ачык сабактарды өтүп жүрдү. Бул тажрыйбасы анын кийинки жылы “Жылдын мыкты мугалими” сынагына катышып, экинчи орунга жетишине жардам берди.

Жаштарды өзүнө көркөм жаратылышы, тоо койнундагы токою, элинин кең пейилдүүлүгү менен тарткан бул аймакта кең байлыктардан тышкары дары чөптөр, козу карындар, баалуу мөмө жемиштер арбын. Ак-Түздүктөр мындан он жылдай илгери курула баштап, бирок белгисиз себептер менен жабылып калган тоо лыжа базасынын кайра жанданган курулушун жарданып карашып, ачылышын чыдамсыздык менен күтүп жатышкан кездери. Кышы да, жайы да мал-жанга жагымдуу бул жерди жердегендердин көбү убагында иштин арты менен убактылуу келишкени менен, ушул жерде төрөлүп, ушул мектептен билим алгандар үчүн топурагы алтын туулган жер болуп калаары анык.

Айнагүл КАШЫБАЕВА, “Кут билим”

Поделиться

Комментарии