АРАЛЫКТАН ОКУТУУНУН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ ЖАНА КӨЙГӨЙЛӨРҮ

  • 06.04.2020
  • 1

Бүгүнкү күндө адам баласы оор күндөрдү башынан өткөрүп жаткан учуру. Адам баласы жаратылыштын оор сыноосуна кабылды. Мына ушундай оор күндөр билим берүү системасын да өз кучагына алды. Ушул оор кырдаалдан чыгып кетүү үчүн, Бишкек шаарындагы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдында түзүлгөн Техникаэкономикалык колледжинин жамааты бир топ ийгиликтүү иштерди жүргүзүп келүүдө. Студенттерге билим берүүнү үзгүлтүккө учуратпастан, аралыктан окутуунун ар кыл ыкмаларын колдонуп, натыйжалуу иштерди аткарууда.

Педагогдор чыгармачылык менен аралыктан окутуунун эӊ мыкты усулдарын өздөштүрүп, натыйжалуу сабактарды берип келүүдө. Педагогдорду шыктандыруу максатында колледждин директору, техника илимдеринин доктору, профессор Жыргалбек Сабырбекович Шаршембиев тарабынан «Эӊ мыкты аралыкта өткөрүлгөн сабак» аттуу конкурс жарыяланды.

Педагогдор тарабынан аралыктан окутууда ийгиликтер менен оор кыйынчылыктар да туулду. Маселен, компьютердик техниканы жеткиликтүү түшүнбөгөндүк, кээ бир мугалимдерде, ошондой эле студенттерде жогорку сапаттагы техникалык колдонмонун жетишсиздиги билим берүүдө көптөгөн тоскоолдуктарды туудурбай койгон жок. Мугалимдер тарабынан даярдалган сабактарды аралыктан жөнөтүүдө студенттер оор кыйынчылык менен кабыл алып жатышат. Студенттер карантинге байланыштуу туулуп-өскөн айылдарына кетүүгө аргасыз болушту. Ал эми кээ бир алыскы райондордо интернеттин тартпагандыгы билим берүүгө тоскоолдуктарды жаратууда.

Мамлекет тарабынан же ишкер адамдар тарабынан колунда жок, жетишсиз студенттерге ошондой эле окуучуларга жогорку сапаттагы уюлдук телефон менен камсыз кылышса, билим берүү үзгүлтүккө учурабас эле.

Замира Тентимишова, ТЭКтин кыргыз тили жана адабияты мугалими

Поделиться

Комментарии

Мырзайым / 09.04.2020 23:10
Оор кырдаалга карабай окуучуларга жана студенттерге билим берип, талыкпай эмгектенип жаткан мугалимдерге таазим. Замира эже ишинизге ийгилик! Дагы коптогон ийгиликтерди багынтып журо бериниз, биз сиз менен сыймыктанабыз?