АРАЛЫКТА ОКУГАНГА СТУДЕНТТЕР КӨНҮШТҮ

  • 01.04.2020
  • 0

КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинин администрациясы жарыялаган «Эң мыкты аралыкта өткөрүлгөн сабак» сынагына мугалимдер активдүү катыша башташты.

АРАЛЫКТА ОКУГАНГА СТУДЕНТТЕР КӨНҮШТҮ

Сынактын биринчи эле күнүндө чыгармачыл мугалимдер коюлган талаптарды так аткарып, кызыктуу сабактарын студенттерге WhatsApp аркылуу жөнөтө башташты. Сап башында окуу жайдын тажрыйбалуу кыргыз тили жана адабият мугалими, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы Тентимишова Замира Абдыжапаровна аудио жана видео сабакты жаздырып, студенттерге кызыктуу кылып кыргыз адабиятынан «Жеңишбек» поэмасынын жазылышы, тарыхы тууралуу айтып берсе, англис тили мугалим Каухар Мукушева «Муз доорундагы» мультфильмге карата слайддарды даярдап, керектүү диалогдорду алып, студенттерге мультфильмдеги каармандардын артынан сөздөрдү кайталоого чакырды. Бул сабак абдан кызыктуу болгонун көргөндөр да баалашты. Ошондой эле химия сабагынын мугалими Эльмира Жумабекова лабораториялык иштерди видео аркылуу көрсөтүп, жаңы теманы түшүндүрүп берди. Сынактын экинчи күнүндө да мугалимдер биринен бири өтүп, кызыктуу сабактарды бере башташты. Керек болсо дене тарбия мугалими дагы сүрөттөрдү жиберип, ошол нукта көнүгүүлөрдү жасоого чакырды. Ошентип күн сайын бул окуу жайдын мугалимдери саат 8.00 — 14.00 чейин расписание боюнча сабактарын үзбөй берип жатышат. Ал эми студенттер болсо тапшырманы алганы тууралуу кайра колледждин директоруна алдым деген белгини WhatsAppта түзүлгөн группага жөнөтүшүүдө.

— Алгачкы күндөрү студенттер көп WhatsAppка кирбей, тапшырмаларды албай жатышты эле. Биз ата-энелерине чыгып, байланышты күчөткөндөн тарта студенттер кадимкидей саат 8.00до мугалимдердин сабактар боюнча жиберген окуу материалдарын алып, кайра анын жоопторун саат 14.00до жиберип жатышат. Студенттер аралыкта окуганга бат эле көнүп кетишти. Мугалимдер, кураторлор тынбай иштеп жатышат, — дейт колледждин директору Жыргалбек Шаршембиев.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Поделиться

Комментарии