АНГЛИС ТИЛИ – ДОСТУКТУН КӨПҮРӨСҮ

  • 05.07.2013
  • 0

VIII Борбор Азиялык “КАТЕК – 2013”  «Англис  тилин окутуудагы сынчыл  ой жүгүртүү» аттуу эл аралык конференция “Ысык-Көл — Аврора” санаториясында өттү. Конференциянын максаты – англис тилин окутууда сынчыл ой жүгүртүүнү жогорулатууну жана  заманбап коммуникативдик ыкмаларды колдонууну көздөдү.  Конференциянын уюштуруучусу  «Лингва англис  тил мектеби» коомдук фонду, ал эми өнөктөштөрү болуп АКШнын Тынчтык Корпусу, Англис тил мугалимдеринин «Форум»  ассоциациясы, “Oxford University Press” жана “Macmillan Education” өкүлчүлүгү болду.

АНГЛИС ТИЛИ – ДОСТУКТУН КӨПҮРӨСҮ

АНГЛИС ТИЛИ – ДОСТУКТУН КӨПҮРӨСҮ

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте, мектепке чейин жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарованын айтымында, жогоруда аталган конференцияга Казакстандан, Тажикстандан, Түркменстандан, Өзбекстандан жана Кыргызстандан 250 жакын  англис тили мугалимдери катышты.

— КАТЕК конференциясы АКШ мамлекеттик департаментинин каржылык колдоосу  менен өттү. АКШнын Элчилиги  200 жакын  орто мектептердин жана жогорку окуу жайлардын мугалимдерине ушул иш-чарага  катышуу үчүн стипендия бөлүп берип, ошондой эле Орто Азия региондорунда иштеп жаткан волонтерлордун, англис тилин үйрөтүүдөгү адистердин катышуусун каржылады.  Ал эми калган катышуучулар өз каражатына барып катышып келишти, — дейт Кылым Сыдыкназарова. — Стипендия алган ар бир катышуучу англис тили боюнча  презентация өттү, ошондой эле алган  тажрыйбасын бөлүшүү максатында өз мамлекетине кайтып барганда кесиптештерине семинар өткөрөт.

Эки күндүк иш-чарада мугалимдер секцияга бөлүнүп иш алып барышты. Ал жерде бир гана англис тилинде сүйлөө эмес, ошол тилде ой жүгүртүүнү жогорулатуу ыкмалары пайдаланылып сабак өтүлдү. Маселен, катышуучуларга бир жумадагы жети күндү ар түстө бое тапшырмасы берилген. Бирөөлөр дүйшөмбү күнүн жашыл түстө боешсо, экинчилери кызыл түскө боешкон.  Жашыл түс эс алууну билдирет деп биринчилери айтса, экинчилери кызыл түс биринчи күндүн  оор экенин билдирээрин  белгилешти.  Ошентип, мугалимдер окуучулардын англис тилинде ой жүгүртүүсүн кантип өркүндөтүү керек экенин үйрөнүштү, биринчиден. Экинчиден, ушундай иш-чара аркылуу элдер аралык ынтымакты чыӊдоо, кошуна элдер менен биримдикте жашоо керек экенин ырасташты.

— Бул конференциянын мааниси зор экенин билип, көп мугалимдер өз каражатына барып катышты. Бул абдан жакшы. Мисалы, Өзбекстанда 1-класстан баштап англис тили окутулат. Мугалимдерди аттестациядан өткөрүүдө башталгыч, ортоӊку жана жогорку деӊгээл деп бөлүшөт экен. Эгерде баштапкы деӊгээлден англис тили мугалими аттестациядан өтпөй калса, ал сабак бергенге укугу жок экенин айтышты. Бизде бөлүнбөйт, беш жылда бир жолу өтчү аттестациядан баары бирдей эле өтө беришет. Ушул өзбекстандык тажрыйба бизге керек окшойт.   Мындай конференция негизинен жыл сайын өткөрүлүшү  керек, бирок каражаттын тартыштыгынан өткөрүлбөй калган учурлар кездешет, — дейт жетектөөчү адис.

Баса, иш-чарага Америка Кошмо Штатынан келген англис тили мугалимдери да катышып, өз тажрыйбаларын ортого салышты. Маселен, АКШнын англис тил  боюнча адиси Ен Мыкаллен, британиялык кеӊештен Лесс Кирхем, Борбордук Орто Азия боюнча англис тилинин жетекчиси  Джениффер Юлер, ар бир өлкөдөн экиден катышуучу семинар-тренингдерди өткөрдү. Казакстандан келген Лариса Петрованын англис тилин окутууда сынчыл ойломду өнүктүрүү боюнча тренинги эӊ кызыктуу деп табылды.

Гульнара Алыбаева

Поделиться

Комментарии