АНАРКҮЛ ЭЖЕЙ, ЭСИБИЗДЕСИЗ!

  • 12.07.2013
  • 0

Мезгил арылаган сайын балалыктын кайталангыс күндөрүндөгү билим дүйнөсүнө жол салган мектеп, андагы эне-атадан калышпай кам көргөн агай- эжейлердин карааны көздөн учуп, сагынычтуу күндөрдүн кусасы менен далай жолу аларга учурашуу үчүн барышаар. Коштошууга ооз барбай кыйылып, алардын сансыз бырыштар чегелеген, ак саамайлуу жүздөрүнө аяр тигилишип, кошто­шуудан кыйылып турушаар. Бул жарыкчылык менен эртелеп коштошкон асыл эжейлеринин элеси көз алдыга тартылып, үнсүз үшкүрүшүп, ”аттиӊ арман!” деген кайрыктар көмөкөйдүн ары жагында кысылып, эт жүрөктү эзген учурлар болбой тургандыгына эч ким кепилдик бере албас.

 

Кара-Буура районундагы Рахманаалы Осмонов атындагы орто мектептин жа­мааты өткөн жылы орду толгус жоготууга учурады. 35 жылдан ашуун өмүрүн жаш муундарга арнап, мугалимдик кесиптин ысыгына күйүп, суугуна тоӊуп, балдардын келечеги үчүн өмүрүн аябаган асыл муга­лимдердин бири, ушул мектептин директо­ру Анаркүл Мусаеванын күтүүсүздөн каза болгондугу кесиптештеринин, аймак эли­нин, миӊдеген окуучуларынын кабыргасын кайыштырып, кайгыга батырды. Эжейибиз Анаркүлдүн каза болгондугун укканымда негедир уккан кулагыма ишенбегенсип, ушул оомал-төкмөл дүйнөнүн жалган экен­дигине аргасыздан ынанып турдум. Мектеп босогосунан аттап чыгып кеткендигибизге 30 жылга чукул убакыт өтсө дагы кечээ гана балалыкты артка таштагансып ал күндөр аргасыздан эске түштү.

Жоон-Дөбө айылындагы Кыргыз эл му­галими Рахманаалы Осмонов жетектеген, ошол жүрөккө жакын, көзгө ысык мекте­бибиз жөн гана Жоон-Дөбө орто мектеби деп атала турган. Союздун гүлдөп турган маалында жаш муундарга таалим-тарбия, орто билим берүүгө ылайыкталган эӊ со­нун шарттары, чоӊ базасы, жатак-интер­наты бар, аймактагы саналуу, алдыӊкы, таанымал мектептердин бири эле. Ушул айылдын тегерегинде жайгашкан айыл- кыштактардагы мектептер толук билим берүүгө ылайыкталбагандыктан, 8-классты аяктагандан кийин толук билимге ээ болуп, аттестат алуу үчүн Жоон-Дөбө орто мекте­бине келип окууларын улантыша турган.

Ошентип, 1984-жылы Суулу-Маймак айылынан 8-классты аяктап, биз дагы Жоон-Дөбө мектебиндеги ар кайсы кошу­на айылдан келген окуучуларды топтогон класста окуп калдык. Бөтөн айылдагы мек­тепте чоочун мугалимдерден корунганыбыз аз келгенсип, катарыбызга кошулган жаӊы классташтарыбыз менен алгач тил табы­ша албай убара болгонбуз. Орус класста окуган тыӊчыкмалары болсо “колхоздор келди, мыркалар” дешип ары-бери жөөлөп өтүшөт. Мугалимдерибиз менен четинен тааныша баштадык. Анаркүл эжей менен адеп таанышканыбыз дагы эсте калган. Химия кабинетинин толук мүмкүнчүлүктө сабак өтүүгө ылайыкталып жасалгаланган­дыгына суктанып, элейип улам бир көргөзмө куралдарга тигилип отурганыбызда ак жуу­мал, мээримдүү, тегерек жүзүнө бакырайган кой көздөрү, кырдач мурду жарашкан орто бойлуу эжей кирип келди. Бул Мусаева Анаркүл эжебиз эле. Сабакты ушунчалык берилүү менен, жөнөкөй ыкма менен мээге кыт куйгандай сиӊимдүү, жеткиликтүүөтө тургандыгына дароо ынанып, химия сабагын күтүп калуу биз үчүн адатка айланды.

Көрөӊгөсү кенен, келечекти аӊдап биле алган сапат касиеттери бар, түшүнүгү, адам­керчилиги тереӊ Анаркүл айым кесиптеш­теринин, айылдаштарынын арасында зор кадыр-баркка илинип калгандыгын бала болсок дагы баамдап, эжейибиздин ийги­лигине кубанып турар элек. Университет­ти аяктагандан кийин мугалимдик кесипти аркалаганына аз эле жылдар болсо дагы такшалып, тажрыйбасы мол мугалимдерден калышпай, тырышып аракеттенгендигине биз ал кезде баабызды бергенге дараме­тибиз жетиштүү эмес болчу.

“Ата-эненин үмүтүн актоо ар бириӊердин парзыӊар. Ал эми билим менен адам ба­ласы каалаган максатына жетип, каала­ган бийиктикти багындырат. Ошондуктан ушул алтын мезгилиӊерди бошко өткөрбөй, окуп адам болсоӊор, мээнетти актаганыӊар ошол”, — дечү эжебиз ар сабагында.

Чындыгын айтканда, талабы катуу, тар­тиби бекем Анаркүл эжейибизден көп окуучу сестенип, батына алышчу эмес. Анткени ал мугалим эт менен челдин ортосунда чайналган, чечкинсиз, өзүнө ишене алба­ган, жалкоо адамдарды такыр жактырчу эмес. Окууга дитин койбогон, тартиби начар окуучулар менен такай иш алып баруу ал үчүн мыйзам эле. “Окуучулардын жаманы болбойт, алар менен тил табышып иштей албаган тайкы маанай педагог болушу мүмкүн” деген принциби бар мугалимди баардыгы колдошо турган.

Эжейибиздин эртеден кечке жаны тынчу эмес эле. Жаӊы тирилик, жаш балдары болсо дагы, таӊ эртеден күн батканча мек­тептен кетпей иштей берчү. Предметтик кружокторду, тарбиялык сааттарды такай уюштуруп, ал эмгектери өз кезегинде ре­спубликалык жогорку сыйлыктарга татыган. Билим берүүнүн отличниги, ардагер муга­лим Мамыт Сыдыгалиевдин улуу келини болгондугу үчүн алдыӊкы мугалимдердин катарында, башкаларга үлгү болушу керек го деп ойлочубуз. Балким чындыгында эле Анаркүл эжейдин эл арасынан чыккан чы­гаан агартуучу болуп калышына кайнатасы Мамыт агайдын деле салымы болгондур. Бирок эжейибиздин кесиби гана мугалим болбостон, жашоосунун маани-маӊызы жана өзөгү ушул кесип менен байланышып калгандыгын эч ким жокко чыгара албас.

Кыска убакыттын ичинде эле мамлеке­тибиз 3 доорду басып өттү. Коом, жашоо- тиричилик заман нугуна жараша өзгөрүлүп турганы менен, келечек ээлеринин татык­туу, патриот, билимдүү болууларын ак эт­кенден так этип каалап-самаган мугалим­дер гана саясат, мансап, байлык менен иши жок өз убаракерчиликтери менен алек болушту. Ушул убакыттын ичинде Анаркүл эжейибиздин агартуу тармагындагы жарат­кан ийгиликтери менен кабардар болуп, кубанып жүрдүк. Узак жылдар бою мектеп­ти түп тамырынан бери түптөп, жетектеп келген устаты, Эл мугалими Рахманаалы Осмоновдун ордун басып эчен жылдар бою өз үйүндөй болгон мектептин директору болуп эмгектенди. Аянбай төккөн маӊдай теринин, таман акысынын акыбетин эми көрө баштаган маалда тымызын кыйнап келген оорунун кесепетинен акыркы са­парга узап кетти. “Апа, жумушту кое ту­руп, өзүӊдү, ден соолугуӊду карачы!”, — деп суранган уул-кыздарынын өтүнүчтөрүн улам кийинкиге жылдырып отуруп, акыры ушундай болгон тура. Аттиӊ, ошол өрүшү кенен өсүп-өнгөн мектебибизди Анаркүл эжейибизсиз элестете албай кыйналып, көкүрөктөрү букка толгон канча адам, кан­чалаган бүтүрүүчүлөр бар болду экен? “Эсил кайран, эзелки эжей” деп айтканга оозубуз барбаганы менен, ажалдын улукту­гуна айласыздан ынандык. Биз үчүн сиздин карааныӊыз ошол мектептин айланасында түбөлүккө калгандай.

Кечээ жакында гана мектепте өткөн акыркы коӊгуроо салтанаты биринчи жолу Сизсиз өткөрүлдү. Мектебиӊиз, жамаатыӊыз, миӊдеген окуучуларыӊыз шуу үшкүрүп, каӊырыгы түтөп, Сизди жоктоп турушту. Ошол мектептин мугалими, “ке­лечекте кайненемдин ордун бассам” деген изги тилектери бар келиниӊиздин ошол күнү “Апамсыз деле мектептин жашоосу уланып, той-тамашалар, салтанаттар өтө берет тура”, — деп буркурап боздогонун, элдин баарын ыйлатканын угуп, өмүрүӊүздүн, асыл эмгектериӊиздин текке кетпегенди­гине ынандык.

Эсил кайран эжейибиз, сиздин кал­тырган зор эмгектериӊиз, бийик адамдык асыл сапаттарыӊыз менен элдин, келечек муундардын эсиндесиз. Урпактарыӊызга, уул-кыздарыӊызга, неберелериӊизге ыйык рухуӊуз келечекке айкын жол көрсөтүп, колдоп жүрсүн! Жаткан жериӊиз жайлуу, топурагыӊыз торко болсун!

Раиса ДҮЙШӨНБЕКОВА, журналист

Поделиться

Комментарии