АЛТЫН  БАЛАЛЫК

  • 15.06.2021
  • 0

Тогуз-Торо райондук  балдар өспүрүмдөр  чыгармачылык борборунда “Алтын  балалык —  2021”  балдардын  жайкы  эс  алуу  лагери   2021-жылы  1-июнда   II поток  менен  уюштурулуп, ага  95  бала катышты.

АЛТЫН  БАЛАЛЫК

Лагердин  ачылышы  1-июнь  Балдарды  коргоо  күнүнө  туш  келгендиктен,  балдар  майрамына  жана  лагер  ачылышына  карата  райондук   балдар  өспүрүмдөр чыгармачылык  борборунун  директору Г.Атамкулова куттуктады. Ийримдин  окуучулары  келгендерге көңүлдүү  майрамдык  маанай  тартуулап, концерт  коюп  беришти.

АЛТЫН  БАЛАЛЫК

АЛТЫН  БАЛАЛЫК

АЛТЫН  БАЛАЛЫК

— Концерттин соңунда  райондук  билим берүү  кесиптик  бирлигинин  профсоюз  уюмунун  төрагасы   З.К.Ажыбаев  райондук  балдар өспүрүмдөр  чыгармачылык  борборунда көп  жылдан  бери  балдардын жайкы  эс алуу лагери уюштурулуп келе жатканын, балдардын лагерге көп  катышып  жаткандыгын  айтты.  Демөөрчү  же  болбосо  материалдык  жактан  колдоо  болгонунда  мындан  дагы  кызыктуу  кылып уюштуруусуна көзү  жетип, бизге  ыраазычылыгын  айтып, балдарга  көңүлдүү  эс  алуу  каалады.  Ошондой эле ата-энелердин атынан  С.Жусупказиев,  А.Исакова,  Аккыз   чыгып,  балдарга  бактылуу  балалык  каалап, сөз  сүйлөштү. Быйылкы 2021-жылдагы  балдардын  эс  алуусун Элвира  Эшенкулова, Жумадил  уулу  Б., Арстанбекова  Жылдыз  жетектешти, — дейт Г.Атамкулова.

АЛТЫН  БАЛАЛЫК АЛТЫН  БАЛАЛЫК АЛТЫН  БАЛАЛЫК

Лагерде балдар түзүлгөн график боюнча музей кыдыруу, китепканага барып  китеп окуу, мекемелер  менен  таанышуу, паркка барып  бий сынак өткөрүү, ойноп эс алуулары, асфальтга  сүрөт тартуу, ар кандай  мастер-класс ж.б.у.с. ищ-чаралар өткөрүлдү. Ошондой эле лагердин жүрүшүндө шоколад, печенье,  сок, компот,  балмуздактар берилип  турду.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Поделиться

Комментарии