Акыйкаттык тайган жерде коррупция уялайт

  • 28.04.2014
  • 0

Паракорчулуктун  тамырын кыйыш үчүн эмне кылуу керек деген суроо ар бир жаранды ойлонтот. Ал үчүн жаш муундарды үй-бүлөдө, мектепте, мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде тазалыкка, аруулукка, адилеттүүлүккө, акыйкаттуулукка тарбиялаганда гана коррупциянын тамыры түбүнөн  кыйылбаса дагы, кандайдыр бир деңгээлде кыскарат деген үмүт бар. Ошондуктан ата-эне, бала бакча, мектеп балага туура багыт берип, анын руханий дүйнөсүн азыктандыруусу зарыл.

Уядан эмне көрсө, учканда ошону алат

Борбор калаада бала бакчага, 1-класска кирүү абдан кыйын. Ошондуктан шаардыктардын көбүнчөсү тааныш аркылуу пара берүү менен балдарын керектүү билим берүү мекемелерине орноштурат. Айрым гана  ата-эне мыйзам чегинде иш жүргүзөт. Булар эч кимге эч кандай акча төлөбөй туруп баласынын келечегине кам көрөт. Албетте, бул үй-бүлө акча жогунан же сараңдыгынан эмес, тескерисинче, мамлекеттеги кабыл алынган мыйзамдардын иштешин талап кылгандыктан, ошондой эле жаңыдан бала бакчанын босогосун аттаган баласы коомдун таза инсаны болуп чоңоюшуна көрүлгөн камылга деп билсек болот. Кыргызда бекеринен айтылбайт “Уядан эмне көрсө, учканда ошону алат” деп. Маселен, мындан 24 жыл мурун төрөлгөн жаштардын көбүнчөсү учурда үй-бүлө куруп, бала-чакыралуу болуп калышты. Ушул муундагылар  үй-бүлөдө кандай тартипте  чоңоюшса, азыр өздөрү балдарына так ошондой мамиле кылышат экен.

Сөзүм кур болбош үчүн эки кошуна келиндин сүйлөшкөнүн мисал келтирейин: “Баламды бала бакчага орноштурайын десем 200 доллар сурап жатышат. Илгери мамам да мени бала бакчага берээрде акча берип, анысы аз келгенсип пакетке арак, коньяк, конфет алып барганы эсимде. Бул коррупция дегеле тыйылбайт окшойт”, — деп бирөөсү айтса, анда экинчиси:”Сен кызык экенсиң, жашаган жериң боюнча барып кезекке туруп, мыйзам чегинде талап кылбайсыңбы? Сенин байманаң ашып-ташып жатабы? Сен өзүң тазаланышың керек, эгерде сен, мен таза болбосом, анда коом ирип-чирий берет. Биз туура иш кылып, балдарыбызга үлгү болушубуз керек. Карачы, сенин мамаң сага “взятка” бергенге программа түзүп коюптур. Эми ошол катаны сен кайталап жатасың, андан көрө “эсиң барда этегиңди жый”. Азыр мамлекетте коррупцияга каршы иш-чаралар жүрүп жатат. Бала бакчага барып, жетекчисине айт, же болбосо арыз жазып тиешелүү органдарга кайрыл” деди.

Демек, жашоонун темиргенинде калган муундун аң-сезиминде ата-энесинин кандай жол менен майлуу жерге орношсо болоорун, кантип жогорку окуу жайга өтүп, мектепке, бала бакчага кандайча кирсе болоору тууралуу үйдө айтылган, талкууланган кептери мээсинин түп-тамырына чейин сиңип, калыптанып калган. Андыктан өздөрү ата-эне болгондо да кайрадан паракорлуктун жем баштыгынан чыга албай, мамлекеттин бардык структураларына жумушка орношоордо, окууга кирерде жетекчилерге пара берип, же өзү жетекчи болуп отурса, тиешелүү ставкасын алып жаткандар четтен чыгат.

Чын эле “балык башынан…” дегендей, баланын жан дүйнөсүн кирдеткен паракорчулук, ичкилик, баңгилик  ж.б.у.с. терс көрүнүштөр  үй-бүлөдөн башталат. Андыктан үй-бүлөдө ата-эне сүйлөгөн сөзүнөн баштап баскан турганына чейин баласына өрнөк болуусу зарыл. Коррупция илдетин айыктыруунун жолу үй-бүлөгө жана мектепке көз каранды. 

Айтмакчы, билим берүү жана илим министри Канат Садыков шаардык мугалимдер менен болгон бир жолугушуусунда коррупцияга каршы күрөшүү үчүн бала бакчанын кире беришинде балдардын тизмеси илинип, андан сырткары канча балага орун бошоору, кезекте турган кайсы ата-энелер кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар экени тууралуу маалыматтар илинип туруш керек экенин баса белгилеген эле. Эгерде бул сунушту шаардык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору ишке ашырса, анда кандайдыр бир деңгээлде бул тармакта коррупция анча-мынча болсо дагы ооздукталмак.

Ырыс Эралиева, Ж.Баласагын атындагы ПКМДИ орус тили жана адабияты мугалими:

  • Мен деле баламды жакшы карасын деп тарбиячыга пакет жасап берген учурларым болгон. Бул өзүмдүн ыктыярым менен кылгандыктан, ыраазычылык катары кабыл алса болот. Бирок кээ бир учурда тарбиячылар  өздөрү таңуулашчу, майрамга баланча сом, түкүнчө сок ж.б.у.с. Бул даана коррупциянын өзү. Коррупцияны жоюш үчүн мектеп, мугалим, ата-эне жана окуучу өз ара келишим түзүп,  иш алып барыш керек. Балдардын аң-сезимин ойготуп, жүрүш-турушун оңдосок болот. Ириде  чоңдор балдарга үлгү көрсөтүп, иштеш керек. Ошондой эле мамлекет тарабынан кабыл алынган мыйзамдар иштеп, мугалимдин статусун көтөрүү үчүн алардын эмгек акыларын жогорулатуу зарыл. 

Коррупциянын тамыры кантип кыйылат?

Бишкек шаарындагы №82 мектебинин директору Атыркүл Конушбаеванын айтымына караганда,  коррупция адамдын жан дүйнөсүнө, жаратылышына каршы экен. Мисалы, кээ бир мектеп окуучулары сыртынан айтпаса дагы, ичинде анча-мынча калыстыктан тайыган нерсенин баарын коррупция деп түшүнүшөт экен. Маселен, эгерде сабак окубаган классташы жакшы баа алып, мугалим ага жакшы мамиле кылса, эркелетсе, демек, ал баланын ата-энеси мугалимди эбак паралап койгон деп түшүнөт жана ал мугалимди сыйлабайт.

  • Биз коррупция десе эле чоң нерселерди айтабыз. Мектеп акча чогултуп жатат, директорлор, мугалимдер коррупционерлер деп жүрөктү ооруткан сөздөр айтылат. Менимче, билим берүүдөгү  ички өңүттү кароо зарыл. Баланын жан дүйнөсү таза, андыктан ал баарын таза кабыл алышы керек. Пара алган мугалимди окуучу эбак эле ичинен билип коет, аны адис катары көңүлүнө албайт, анын ар бир сөзүнө ынанбайт, — дейт мектеп жетекчиси.

Бул мектепте 20 жылдан бери эле окуучунун жан дүйнөсүн урматтоо, инсандыгын сыйлоо, окууга болгон ынтызарлыгын ойготуу маселесинин үстүндө иштешет. Коррупцияга каршы күрөшүүдө ар кандай жолугушуулар,  диспут,  тренингдер, кесипке багыттаган иш-чаралар өткөрүлүп турат. Мектептин бардык иш-чараларына окуучуларды тартып, керек болсо, аларды  мектепти башкарууга кошо тартышат. Мындай ыкма, биринчиден,  жетекчилик кызматтын милдеттерин жакындан таанышканга мүмкүнчүлүк түзүлөт, окуучуга болгон ишенимдүүлүк артылат, экинчиден, окуучу “жетекчинин” көз карашы менен мектептеги оң жана терс жактарын көрүп, андан тыянак чыгарганга үйрөнүп жана курдаштарын оң жолго үгүттөйт.

Учурда коррупциялык схемаларга каршы иштөөдө төрт багыт боюнча иш жүргүзүшүүдө. Жетекчиликтеги, тарбия ишиндеги, окуучулар жана ата-энелер арасындагы көз жаздымдар боюнча.  Кайсы нерсе балдарды коррупцияга үгүттөп салышы керек деп аны изилдеп чыгып, ошол боюнча балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Мындай иш-аракеттер класстык сааттарда, сабактан сырткаркы тарбиялык  сааттарда, семинар-тренингдерде аткарылат экен. Эгерде класстын ичинде акыйкаттык орногон болсо, ал жерде коррупциянын жыты да болбойт, качан гана акыйкаттыктан тайганда коррупция өз ордун табат.

  • Мектепте таза иштеген, өз кесибин сүйгөн мугалимдин окуучулары да материалдык жакка кызыкпай, руханий дүйнөгө көбүрөөк ыкташат. Негизги биздин милдет — баланы түз, таза, чынчыл, ак көңүл кылып тарбиялоо. Ошондо коомдогу жат нерселерди жеңсе болот, ириде паракорлукту. Таза окуучу акчанын артынан куубайт, келечекте да ал андай иштерден алыс болот. Дегеле чынчыл адам терс жолдорго түшпөйт, — дейт А.Конушбаева.

Күлүйпа Хайтбаева, мугалим:

  • Коррупцияны түп тамырынан жоюу үчүн адамдардын аң-сезимин өзгөртүү керек. Аны руханий баалуулуктар аркылуу, мекенчилдикке, нравалык тарбия берүү менен аң-сезимди ойготсо болот. Бул аракеттер мектепте аткарылышы зарыл.

Коррупцияга каршы кантип тарбияласа болот?

Бишкек шаарындагы №21 мектептин директору Гайде Умарованын пикиринде, мектеп окуучулары ар кандай эл аралык уюмдар уюштурган семинар-тренингдерге катышып, долбоор жазып, мектептин материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө гранттарды утуп, өз салымдарын кошуп жатышат. Демек, окуучу базар экономикасынын шартында жашоого үйрөнүү менен катар билим уясына ата-энесинен каражат сурабай, алган билими аркылуу салымын кошот.

Баланын ички, таза дүйнөсү коомдогу жат көрүнүштөр менен шайкеш келбей, аларды ичиркентип, жийиркентип, ушул илдетти кантип тазалоо керек деген туңгуюкка капталткан суроо бала болсо дагы алардын тынчын алып келет. Андыктан айрым окуучулар мектеп парламентинде, класстык сааттарда ушул маселени көтөрүү менен курдаштарынын таза болушуна чакырган учурлар аз эмес. Мисалы, “Биз – коррупцияга каршыбыз!”, “Жоголсун коррупция!” ж.б.у.с. иш-чаралар бир эле мектепте эмес, жалпы республикадагы жалпы билим берүү мекемелеринде жүргүзүлүп жатканы маалым.

Айзада Салиева, Шопоков атындагы мектептин тарбия иштери боюнча завуч:

  • Акча бүгүн бар, эртең жок. Көп ата-энелер балдарынын сапаттуу билим алганына тынчсызданышууда. Бирок айрымдары акча аркылуу жасалма аттестат алып жүргөндөр да жок эмес.

    Мисалы, шаарда бир айга 600 сом чогултулат экен, эгерде 1800 окуучу окуса ал 1,5 миллионду түзөт. Бул каражат кайда, эмне, качан ж.б.у.с. суроолордун тегерегинде ата-энелер өздөрү чечиши керек. Мектепке акчаны бала аркылуу бербеш керек. Баарыбыз жаш муунга коррупциянын жолдорун өзүбуз үйрөтүп коюп, эми аны кантип жоебуз деп олтурабыз. Үй-бүлөдө баланын көзүнчө мектептеги маселелерди сүйлөп, талкуулабаш керек. Анткени үйдөгу ар бир айтылган сөз, ар бир жүрүм-турум баланын аң-сезимине жазылып калат. Ушундан ата-энелер сак болушу зарыл.

     

    Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

Поделиться

Комментарии