АКЫН МУРАТБЕК РЫСБЕКОВ 60 ЖАШТА

  • 14.05.2015
  • 0

 «ВАН ГОГДУ ДА ЗАМАНДАШТАРЫ УЧУРУНДА БААЛАЙ АЛГАН ЭМЕС…»

        Акын Муратбек Рысбековдун чыгармачылыгын аздектеп карай турган болсок, поэзиясынын жаратылышы өзүнчө саркечтелген, окурмандын өз алдынча талдоосун талап кылган, поэзиядагы ар бир табылганы окурман өзү издеп алаарына ишеним берген жагдай камтылат.

      «Сүрөт — бул көрө турган поэзия болсо, поэзия уга турган сүрөт» деп, атактуу италия сүрөткери Леонардо да Винчи айткан экен.  Муратбектин ырларында өтө ыкчам  штрихтерге бай, кескин ачык түстүү (локалдуу) тартылыш ыкмасына ээ болгон сырдуу сүрөттөрдү  байкайбыз.

       Жыйырманчы кылымдын ортосундагы Голландия сүрөтчүсү Ван Гогдун картиналары ошол кездеги замандаш көрүүчүлөрдүн  назарын өзүнө бура алган эмес. Адамдардын түшүнбөстүгүнөн жана учурунда баалоо, тааный билүү сапатынын жетишпегендигинен жана түшүнгөндөрдүн айрымдары көралбай, айрымдары этибарга албай, элге түшүндүрүп, жеткирбегендигинин  кесепетинен, Ван Гог каражаттын тартыштыгынан жашоо-турмуштун өтө оор кыйынчылыктарына тушуккан…

Улуу сүрөтчү өмүрүндө бир гана картинасын сата алган. Арадан 100 жыл өткөндөн кийин гана анын бир картинасы 82 миллион долларга бааланган жана башка картиналары дагы баа жеткис баалуулуктарга ээ болуп, атак-даңкы бүт дүйнөгө тараган.

       Муну айтып жатканымдын себеби, Муратбектин чыгармалары дагы жалпы окурмандардын бардыгына эле сиңимдуу шартта болбосо да ак ыр жана эркин ыр формасы менен демейдегидей эмес, өзгөчө сөз  терминдери колдонулуп, ойго келбеген, капыстан кездешүүчү  өзүнчө бир ыкмада жаралган.

      Мындай шартта, Муратбектин ырларын окурман өзүнчө талдап, терең ойлонуп, дүйнөнү башкача көз менен карап,  ырларды кабыл алуудагы өзүнчөлүгү керектей…

       Мисалы, 2001-жылы жарыкка чыккан «Ыр канатындагы симфония» аттуу китебиндеги «Биринчи ыр» деген ырында төмөндөгүдөй келтирилген:

«Кездешкенде

Учкун отуң

көзөп өттү

ЖҮРӨКТҮ !..»

же,

«Көз мончокту

 Таккым  келет

бүт ДҮЙНӨҢӨ,

боюңа.

Даана көргөн

Карегиңе,

Жүзүңө.

Сенин…

ДҮЙНӨҢ

Салмактаттым…

Баа кылдым…» –деп элестүү ( абстрактуу) чагылдырат.

      Салттуу ырларды угуп, окуп, ошол ыкмага жедеп көнүп, «дем алып» калыптанып, уйкаштыкка көнгөн жаным  андай саптарды  издеп таппай китепти жаап коюп, көп  убакыттан соң акындын эмнени айткандыгын билүү ирээтинде кайрадан  китепти ачып, окуп көргөнүмдө табылгыс баалуулуктарга тушугуп, өз талдоомду, пикиримди айтууга мажбур болдум…

     Бардык ырларды талдап жазып отурууга убактымдын жетиши  мүмкүн эместей.  Айрым ырларды келтирсек туура болоор;

       Акындын 2015-жылы жарыкка чыккан «Үндүү жарык»  деген 300 дөн ашык бет китебиндеги «Кыл чокулар» аттуу главасындагы «Кыял бийи» аттуу ырында жаратылыштын көркөм элеси боюнча этюд жаратып келип, кыялсыз (идеясыз) тиричиликтин өзү мүмкүн эместигин, бардыгы идеядан келип чыккандыгы жөнүндөгү философияны эстетет:

«… Кыялсыз сен?..

Кимсиң деги (?)

дегим бар!

Кыялың жок,

соо экенге

 шегим бар…

… Төгүлгүм келди, төгүлгүм!»

 Адамда боло берүүчү, турмуштун бороонуна тушуккан көңүл чөгүү жагдайын (депрессияны) «Кеч эмеспи (?!) беттеп кеткен түшкөн жол…» аттуу ырында төмөнкүчө сүрөттөйт;

«… Ууга чыкпай,

 улуп  турган тайгандай…

Өткөн күнүң,

Өмүрүң бүт…

Жалгандай!..

Өчпөй турган

 АРМАНДАЙ!..» деп, сары изине чөп салган санааларга тушуккан учурларды айтат.

       Ошол эле китептеги «Таануум Теңир» деген ырында Кыргыз элинин керемет жаратылышын, КЫРГЫЗ АТА, КЫРГЫЗ ЭНЕСИНЕ—УЛУУ МАНАСЫНА  кынтыксыз  кынап, синтездеп, бардык касиет  ЖОГОРКУ АКЫЛ-ЭСКЕ–МАНАСКА байланыштуу экендигин ынандырат;

“Улуу зоолор;

Аска таштын

Дал түбүнөн сызылган;

мөлтүр БУЛАК

шыңгыраган,

булдураган тилиндей,

кылымдардан кылым санап

ДИЛГЕ сиңген билинбей…

… Асыл ДИЛИН,

Анык ТИЛИН

табиятты жууруган.

Асман менен Жериңе

Тирөөч болгон АСЫЛЗАТ;

Эң Жогорку Акыл-Эске ээ болгон

МАНАС! МАНАС! МАНАСтап!

Улуу УРААН чакырган.

Көктү тиреп аркайышкан зоолордон;

Бүркүт учуп

кыраандарын таптаган.

Тилим КЫРГЫЗ,

Таануум ТЕҢИР;

Көк АСМАНГА-КУДУРЕТке

табынган!

… Бузулбасын,

кемибесин

ТИЛИҢ,

ДИЛИҢ

КЫРГЫЗЫМ!”

       Негизинен, Муратбектин турмушка болгон акындык же болбосо адамдык көз карашы адамкерчиликтүү экендигине кинем санабайм . Ошондой эле  байоо сезимдери, мындан аркы чыгармачылык өмүрүндө «КЕЛ-КЕЛ!» жолуна чыйыр салаарына толук ишенем!

Абдылда КАПАРОВ,

архитектор, Кыргыз Республикасынын жана  Казакстан Республикасынын Архитекторлор союзунун мүчөсү.

 

Поделиться

Комментарии