Ак кызматка акыйкат баа

  • 17.12.2014
  • 0

phoca_thumb_l_IMG_6416

Өткөн жумада Апрель революциясынан кийин үч жолу өкмөт курамына кирип, Билим берүү жана илим министри болуп кайрадан дайындалып, иштеп келген Канат Садыков өз арызы менен кызматтан кетти.  Президент А.Атамбаев анын арызын кабыл алып, ээлеген кызматынан бошотту. Ушул жумада Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппараты Канат Жалиловичге  зор ыраазычылыктарын айтып, урмат-сый менен узатты. Аталган тармакта Канат Садыков эгемендүүлүктөн кийин эӊ узак турган министр десек болчудай. Эсептеп көрсөк, ал 26-министр экен.  Акыйкатта, Билим берүү жана илим министрлигинин көп мээнеттүү аракеттери ал жетектеп турган учурга туура келди. Билим тармагын заманга ылайык модернизациялоого  К.Садыков  министр  кезинде көп күч жумшады. Узатуу иш-чарасында  бирге иштешкен коллегалары экс-министрге ушундай акыйкат баа беришти.Экс-министр менен коштошуу үчүн залга эл жык-жыйма чогулду. Министрликтин статс-катчысы К.Шадыханов  мындай аппараттын  жүз пайыз катышкан жыйыны дайыма эле боло бербесин кубануу менен айтты:- Урматтуу Канат Жалилович, сиз менен бүгүн коштошуу болот деп укканда баары келишти. Мына бирге иштегенибизге төрт жарым жыл болуптур. Ушул мезгилде бир туугандай эле болуп калыптырбыз. Буга кызматкерлерибиздин баары сизге ыраазычылык айтып коюу үчүн чогулуп, коштошкусу келбей турганы күбө болуп турат. Экс-министр К.Садыков андан ары сөз алып, өзү иштеген мезгилде кандай гана түйшүк болсо да аппараттын кызматкерлери менен бирдикте аткарылган, бүткөрүлгөн иштери туурасында кеӊири сөз кылды. — Биз билим, илим тармагын мезгил талап кылгандай шартта оптималдаштырдык. Мугалимдердин айлыгын жогорулатууда мугалим татыктуу айлык алышы үчүн күрөштүк. Курикулумду окуу прграммасына кийрүү оӊойго турган жок. Каршылаштар ар дайым артка сүрөгүсү келет. Биз мындай учурда жеӊилип калган жокпуз. Болон процессин окуу процессине кийирүү да оӊойго турган жок. Бала бакчалар менен камсыз кылууну 10 пайыздан 18 пайызга чейин жеткирдик. Алыскы Баткенде бул 60 пайызга жетти. Бала бакчадагы 240  сааттык прграмма 4-5 жылдын ичинде өз түшүмүн берип баштайт. Биздин азыркы аракетибиз менен буйруса, 2020-жылда 12 жылдык билим берүүгү өтөбүз. Мектептеги окуу жүктөмү да Курикулумдун негизинде азайа баштайт. Окуу китептеринин кайрадан иштелип чыгуусуна жол ачтык. ЖОЖдорду оптималдаштырууну  да ирээтүү жүргүздүк. Бүгүнкү күндө талапка жооп бербей туруп, адистикке даярдагысы келген окуу жайлары жокко эсе болуп калды. Эки баскычтуу билим берүүнү киргиздик. Илимде өзүӊүздөр байкагандай жаӊылануулар болуп жатат. ЖОЖдордо илимий институттарды ачуу мүмкүнчүлүгүн түзүп бердик. Албетте, билим берүү — өтө татаал жана убакытты талап кыла турган система. Ал сайсаӊ эле шуулдап жакшы иштеп кеткидей  бир аппарат же сотка, автомат эмес. Ал адам. Демек адамды өстүрүү, билим берүү, адам кылууга бир жарым жыл аздык кылат. Андан көп убакытты сарптоого тийишпиз. Ошондо гана жыйынтыгын берет. Биз ошол көп жылдык келечек үчүн татыктуу иштегенге үлгүрдүк деп ойлойм. Бул иштерди аткарууда сиздердин эмгегиӊиздерге, чыдамыӊыздарга ырахмат айтам, — деди Канат Садыков өз сөзүндө.Артка кылчайсак, ал бирге иштешкен кызматкерлерине эӊ жакшы адамдык сапаттарын калтырыптыр. Бөлүмдүн жеткечилери же жөн эле катардагы кызматкерине чейин сөз алып, тереӊ ыраазычылыктарын айтып өтүштү. Улуттук тест жүргүзүү борборунун Кыргыз тест усулдук окутуу секциясынын башчысы Б.Топоева экс-министрдин тестке байланыштуу концепцияны иштеп чыгууда убактысынын жоктугуна карабай чогуу иштегенине  ыраазы болсо, Укуктук жактан камсыз кылуу секторунун башчысы Б.Кадыралиева аталган бөлүмдүн өзүнчө кеӊейип ачылышы экс-министрдин демилгеси болбосо ишке ашпай калмагын баса белгиледи. Ички аудит бөлүмүнүн башчысы Б.Жолдошев К.Садыковдун түздөн-түз кийлигишүүсүндө билим берүү мекемелерин көзөмөлдөп, текшерип туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонун айтты.  Канат Садыков мамлекетибиздин эӊ оор сыноолордон татыктуу өтүп, өнүгүү жолуна багыт алганын да айтып өттү. — Ош окуясында коогалаӊга карабай эл менен бирге болдум. Ошто 1-сентябрда ар улуттун балдарын бириктирип, кол кармаштырып, ынтымакка чакыруу, билим күнүн үзгүлтүккө учуратпай бирге баштоо биз үчүн кыйынга турду. Эки элдин жакшы жашоосун, ынтымагын камсыз кылуу үчүн жаныбызды аяган жокпуз. Ошол оор  күндөрдү мен сыймыктануу менен эстейм. Себеби, андай учурда мен кызматты, бийликти ойлобой, элибиздин тынчтыгы үчүн кызмат кылдым. Мындай оор учурда министрдин жардамчысы А.Абдылдаев да К.Садыков менен бирге болгонун, агайынын атуулдук сезиминин күчтүүлүгүнө тан берди. Жогорудагы айтылгандарга дагы бир ирээт кайрылып, баамдап бакчу болсок,  кийинки төрт жылдан ашуун мезгилде  Кыргыз Республикасында билим берүү системасын реформалоонун негизги  багыттары аныкталды. Билим берүү системасындагы реформаны алга жылдырууда 2020-жылга чейин   билим берүүнүн Концепциясы, 2012-2020-жылдарда Билим берүүнүн стратегиясы жана 2012-2014-жылдарда билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруунун мерчемдүү аракеттери  бекитилип, иш жүзүнө ашууда. 2013-жылдын 1-мартынан баштап  дээрлик бардык мектептеринде 240 сааттык балдарды мектепке даярдоо боюнча программа иш жүзүнө ашып жатат. Азыркы учурда билим берүүнүн мазмунун өзгөртүүнүн үстүндө иштер уланууда. 2012-2013-окуу жылында башталгыч класстар билим берүүнүн жаӊы стандартына өткөрүлдү. 2014-окуу жылында 5-6-класстарга билим берүү жаатында жаӊы стандарттардын апробациясы 4 предмет боюнча — так илимдер, тил, математика жана искусство аркылуу улантылууда.2011-жылы КРнын Өкмөтү билим берүүчү уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жолун өзгөрттү. Мурда тарифтик торчонун негизинде каржыланып келсе, азыр мугалимдин жасаган ишине жана окуткан саатына жараша маяна төлөнөт. Мындан тышкары, мурда төлөнбөй келген сабакка даярдануу, педагогикалык чеберчиликти өстүрүү, усулдук бирикмелерге жетекчилик кылуу    өӊдүү иштерге азыр маяна төлөнө баштады. Натыйжада мектепке жаш педагог кадрлар көп келе башташты. Кыргыз Республикасында жогорку окуу жайлар тармагын оптималдаштыруу да эки этапта өтүүдө.  2012-жылы КЖБ-кесиптик жогорку билим берүүчү окуу жайлары лицензия талаптары боюнча текшерилген. Анын натыйжасында 72 адистик боюнча 15 ЖОЖдун лицензиясы кайтарылып алынды. Андан тышкары бакалаврларды даярдоонун 42 түрү боюнча лицензия берүү токтотулган.  2012-2013-жылы сырттан окуу бөлүмүнө кабыл алуу токтотулду. Ошол себептен, аралыктан билим берүү боюнча, окуу жайлардын ишкердүүлүгүн жөнгө салуучу укуктук-ченемдик базаны жогорулатуу иштери жүргүзүлгөн.  2-этапта  улуттук маанидеги ЖОЖдорду аныктоо, ЖОЖдордун профилин тактоо, магистрлерди даярдоо программасын ишке ашырган ЖОЖдордун санын кыскартуу болуп эсептелет.Дагы бир чечилбей келе жаткан көйгөй — окуу куралдары менен камсыз кылуу.  Бул уланып келаткан көйгөйдү жергиликтүү авторлор менен биргеликте, Министрлик (АБР) Бүткүл дүйнөлүк банктын каражатынын эсебинен чечүүнү колго алды.  2014-жылдын аралыгында министрлик педагогикалык билим берүүнүн Концепциясын жана мугалимдердин кесибин жогорулатуунун стандартын толуктап иштеп чыкты. Бул мугалимдердин көпчүлүгүн жигердүү окутууну талап кылат. Системалуу өзгөрүүлөргө келсек, министрлик бюджеттик каражаттар секторун башкаруунун 70 пайызын көзөмөлдөөнү өзүнө алды. Эмки милдет — бул каражаттар натыйжалуу жана сапаттуу билим берүүгө кызмат кылууга тийиш.  Коррупциялык схемаларды жоюу максатында 2011-жылы “Билим берүү жөнүндө” КРнын мыйзамынын 44-1, 44-2, 44-3-беренелерине өзгөртүү киргизилип, мектепке берилген каражаттарга коомдук көзөмөл кылуунун жакшы шарттарын түздү. 2013-жылы өлкөбүз боюнча, 620 мектепте камкордук көрүүчү кеӊештер түзүлдү.  2014-жылы министрлик мектеп администраторлорун  сертификаттоо ченемдерин иштеп чыкты. Келечекте бир дагы жетекчи билим берүү менеджментине байланышкан маселе боюнча  магистратурадан же тренингден өтпөсө, директорлор ассоциациясынын сертификатын албаса, анда ал жетекчи болуп шайланбайт.  Дагы бир  алгылыктуу иштердин бири — 100 инновациялык мектеп долбоору. Министрликтин жүргүзгөн талдоосуна ылайык, Кыргызстандын мектептеринде 2013-жылдын 1-декабрынан баштап, 95 интерактивдүү доскалар пайдаланууга берилген. Инновациялык технологияны колдонуу-окутуу материалдарын байытып, окуучулардын кызыгуусун арттырып, жигердүүлүгүн күчөтөт.  2013-жылы министрлик балдарды тарбиялоо ишин күчөттү. Тарбиялоо ишин жүзөгө ашырууда “Кыргызстанда өсүп келе жаткан муунду тарбиялоонун Концепциясы” иштелип чыгып, кабыл алынган. Тарбиялоо милдеттерин жакшыртуу максатында 2013-жылы Кыргызстандын мектептеринде бир катар долбоорлор иштеди.  Мектептерде үлгү кызматтары түзүлдү, ал педагогдордон жана 5-11-класска чейинки окуучулардын курамынан турат. Кызмат аркылуу окуучулар менен педагогдор арасындагы кол көтөрүү, күчкө салуу сыяктуу, жагымсыз иштер каттоого алынат. Азыр мектептерде  ишеним почтасы, ишеним телефондору иштеп, маалымат кереге гезити чыгарылат. Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги «Электрондук министрлик» долбоорун жаӊы жылдан баштап ишке ашырат.   Кыскартып айтканда, ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алууда  билим берүүнүн бардык формалары боюнча   ЖРТнын жыйынтыгы боюнча ишке ашыруу, көп баскычтуу (бакалавр-магистратура) жогорку билим берүүгө биротоло өтүү, PhD боюнча пилоттук долбоордун  башталышы,  кредиттик технологияны киргизүү, сырттан окуунун жабылышы жана дистанттык билим берүүнү киргизүү, ректорлорду шайлоону киргизүү, ЖОЖдоду профилдештирип, оптималдаштыруу аракеттери,  ЖОЖдордун атайын  эсебиндеги каражаттарына  салынган 20% салыктын жоюлушу, Ednet тарабынан пилоттук режимде бир нече ЖОЖдордун айрым адис  даярдоо программаларын аккредитациялоо, Кыргызстандын 13 жогорку окуу жайынын Болон процессинин Генералдык хартиясына кол коюшу, бюджеттин эсебинен окутуучуларга жана кызматкерлерге бериле турган эмгек акылардын өсүшү  да К.Садыков министр болуп турган убакка туура келди. Эӊ негизгиси,  билим берүү системасын натыйжалуу реформалоодо К.Садыков саясий эрки жана позициясы бар  жетекчи катары бул тармакка зор салымын кошо алды десек аша чапкандык болбос. Жогоруда биз билим берүү системасында кийинки төрт жарым жыл аралыгындагы иш-аракеттеринин айрым гана негиздүү бөлүктөрүнө токтолдук. Ушунун баары   Канат Садыковдун жетекчилиги астында болгондугу талашсыз. Коштошор алдында экс-министр ушул эле тармакта кайрадан жолугушарын, кызмат эмес, эӊ алдыӊкы орунда адам турарын жана  мамлекет үчүн ак кызмат өтөй берерин, ошол эле учурда Президент А.Атамбаевдин ага болгон ишенимин актоо үчүн ар дайым аракет кыларын баса айтты.

Майрамбек Токторов, «Кутбилим»

Поделиться

Комментарии