АЙЫЛДА ОКУУЧУЛАР АТА-ЭНЕСИНИН ТЕЛЕФОНДОРУН ПАЙДАЛАНЫШУУДА

  • 02.04.2020
  • 0

2020-жылдын 8-апрелинен баштап төртүнчү чейректи дистанттык формада окуу жүргүзүлө тургандыгы белгилүү болду. Азыркы мезгилдин талабына ылайык бардык мектептердин мугалимдери окуучулар менен дистанттык окууну баштап өз алдыларынча изденип жатышкан учуру.

Кээ бир тоолуу айыл жеринде иштеген мугалимдер компьютер менен камсыздалган эмес, көпчүлүгүндө, ал тургай мугалимдерде азыркы талапка жооп бере тургун кол телефондору жок, окуучулар ата-энесинин телефондорун колдонуу менен сабакка даярданышууда. Кээ бир бийик тоолуу айылдарда Billain, O, Мегаком мобилдик түйүндөрүнүн бири тартса, бири тартпаган жерлер кездешет. Интернет булактарынын ар кандай түрлөрүн колдонуу менен окуучуларга билим берип жатышат. Бирок көпчүлүк мугалимдер видеосабак, слайд жасоо менен класстарга түзүлгөн WhatsApp группасы аркылуу байланышып сабак өтүшүүдө.

Мектеп жетекчилери, класс жетекчи мугалимдер министрликтен, райондук билим берүү бөлүмүнөн келген буйрук тапшырмаларды ата-энелерге түшүндүрүү менен иш алып барышууда.

Кочкор районундагы Ак-Чий орто мектебинин жаш мугалими Иманалиев Канат чет тили сабагы боюнча интернеттин ар кандай маалымат булактарынан алган материалдарды колдонуу менен окуучуларга сабак өтүүдө. Канат өзүнүн коллективи менен бирге интернеттен окутуу материалдарын чогултуу, кайра жасалгалап жасоо менен окуучуларга таратуу иштерин жасап, билгендерин мугалимдерге, окуучуларга айтып көрсөтүп берүүдө. Канат менен чогуу иштешкен Чодонова Гүлзадат, Кайып кызы Гүлзат, Кутманов Канат мугалимдер жамааты өзүлөрүнүн окуучулары менен уюлдук телефон аркылуу видеосабак өтүп, кайтарым байланышын түзүп аракет кылышууда.

Дайырбек Айдарбеков, Кочкор району

Поделиться

Комментарии