АГАРТУУ ТАРМАГЫНЫН БАСЫЛМАСЫ, БАРСЫҢБЫ?..

  • 13.11.2015
  • 0

Кеңеш өкмөтү барында күрүлдөп жүз миңдеген нуска менен чыгып, мектеп окуучуларынын табитин тарбиялап, маданиятка, адабиятка, ал тургай коомдук ишке шыктандырып, мекенчил сезимин ойготкон чыгармаларды жарыялоо менен бирге ал убактагы чоң идеологиянын бир тарабын татыктуу аткарган “Жаш ленинчи” (азыркы “Кырчын”), “Байчечекей” “Кыргызстан пионери” (азыркы “Жеткинчек”) журналдары бар эле. Орус жазуучуларынын “Биз Гоголдун шинелинен чыкканбыз” дегениндей, азыркы журналисттердин көрүнүктүүөкүлдөрү жогорудагы аты аталган басылмаларга кабар, макала, ыр жазып жүрүп чыгармачылык жолго аттанышканын унутпаганыбыз жөн. Тактап айтканда, бул басылмалар кыргыз рухуна, анын ичинен журналистикасына ат көтөргүс жүк артып, мыкты чыгармачыл инсандарды бергенге жетишкен. Мындан тышкары келечек муундарга адептик тарбия берүүдө да чоң ролду ойноп келген. Ошондой эле “Эл агартуу”, “Русский язык и литература в школах Кыргызстана” аттуу мугалимдер үчүн чыгып келген журналдарды да кошсок болот. Бул журналдар да мугалимдердин кесиптик чеберчилигин көтөрүүдө зор иштерди аткарып келген. Эми алардын да нускасы азайып, бары-жогу билинбей турган чагы.

Ошол абройлуу басылмалар кийинки эгемендүүлүк жылдарында башка басылмалар сыяктуу эле оор мезгилдерди башынан өткөрүп, рыноктун катаал шартына кабылып, бели мертинип, аксаганына карабай, такыр жоголуп кетпей чыгып жатканын угуп, көрүп кубанбай койбойсуң. Бизге белгилүү болгондой бул гезит, журналдар өкмөттөн жарым жартылай каражат каралганы менен, өз киндигин өздөрү кесип, торолуп дегендей өп-чап жашоону башынан кечирип келишет. “Байчечекей” журналынын редактору, кыргыз эл акыны Т.Самудиновдун айтканына караганда, өкмөт берген каражат журналдын эки санын чыгарганга эле жетет экен. Калганын жазылуудан түшкөн каражаттан таап, балдар журналын жоготуп ийбей бапестеп багып келишет. “Кырчын”, “Жеткинчек” журналдары деле ушундай абалда. Булардын нускасы эң эле аз болгондуктан, окурмандарга жеткенче эле кумга сиңген суудай жок болот. Эки ортодо мындай басылмаларды издеп окугандар да көптүгүн, коомчулукта мунун да аба, суудай керектиги бар экендигин саймедиреп жогору жактагыларга жеткире албагандыгын редакторлору байма-бай айтып, жазып келишкени менен каражат баягыдай эле калыбында калып, эски обондун кайрыгындай ырдалып келе жатканы журналисттер чөйрөсүнө жакшы белгилүү. Дегинкиси, рыноктун шартында балдар басылмасы өзүн-өзү багып кеткенге мүмкүнчүлүгү бар тармак. Бирок жаңы технологиялардын күргүштөп өнүгүүсү, социалдык желелердин чыгышы менен жаш өспүрүмдөр ошол жакка тартылып кетип жатканы журнал иштерине терс таасирин тийгизип жатканын айтпай кетпегенибиз болбос. Бул басылмалардын аткарган иши бир болгон менен бири-бири менен иши жок, өздөрүнчө оокат кылып келишет. Рыноктун жолу да ушундай эмеспи. Бирок буларга өкмөт өзгөчө көңүл буруп, максат-милдеттерин тактап, жетиштүү каражат бөлүп берип, өспүрүм жаштарды тарбиялоодо көмөкчү катары кеңири пайдаланса жакшы эле болмок деген ойлор да айтыла калып жүрөт. Тилекке каршы, тийиштүү тармактар тарабынан   унутта калтырылып келгени өкүнүчтүү. Канткен менен “башка басылмалар сыяктуу эле буларды да окурмандар колдоп, окуп жатат. Биз болгону басма сөз күнүнө карата майрамы менен куттуктап, иштерине ийгилик каалап, “Жеткинчек”, газетасынын, “Байчечекей”, “Кырчын”, «Эл агартуу» орус тилинде чыгып келе жаткан “Русский язык и литература в школах Кыргызстана”  журналдарынын редакторлорун эки ооз кепке тарттык.               

Токтосун Самудинов, «Байчечекей» журналынын баш редактору:

 Кар тешкен гүлдүн кайраты

— СССР деп аталган зор держава кулаганда Кыргызстандагы бийликтин бир бутагын тутамдап турган төрөлөрдүн бири «Килейген завод-фабрикалар кыйрап жатканда араңжан «Байчечекей» журналы эмне болуп кетиптир, чыкпаса-чыкпаяк койсун, ага берер пул жок!» деп  ороңдогону али жадыбызда. Бирок «ооздон чыккан суук сөз – жүрөккө барып муз болор» десек да, ал суук сөз «Байчечекейдин» назик тамырын  биротоло солута алган жок. Канчалаган көпчүлүк эл күтүп,  самап окуган аттуу-баштуу басма сөз каражаттары аты-жыты менен жок болуп кеткен чакта кетик тиш бөбөктөрдүн журналы ай сайын нускасын 6-7 миңден кемитпей чыгып жатканы ич жылытар кубанычтуу окуя. Айрыкча, басма сөз күнүнүн майрамында – кичинекей бөбөктөрүбүздү, алардын ата-энелерин, тарбиячыларын, мугалимдерин чын жүрөктөн куттуктоого милдеттүүбүз. Анткени дал ушулар журналдын чыныгы күйөрмандары, өмүрүнөөмүр кошкон тилектештери.

Ырас, «Байчечекей» журналы мезгилдүү басма сөз каражаты деп аталганы менен анын редакциялык башкы вазипасы – түркүн жанрлуу түркүн-түстүү материалдары менен бөбөктөрдү мектепке даярдоо жана мектепке киргендердин сабакты өздөштүрүүсүнө көмөктөшүү. Ошол эле учурда ал журнал гана тургай, көркөм, кооз балдар китепчесинин да ролун аткаруу.

Келерки жылдын аяк чени «Байчечекей» журналы үчүн тарыхый окуя. Журналдын 1977-жылдан бери үзбөй чыгып келе жатканына 40 жыл толот. Күйөрмандарыбыз жардамдашса «40 жыл бою кырда өскөн Байчечекей» аттуу альманах чыгаруу оюбуз бар. Бул алатоолук бөбөктөргө арналган алтын чачыла болууга тийиш.

Сатыбалды Бакенов, “Жеткинчектин” (мурунку “Кыргызстан пионери” газетасы) башкы редактору:

 “Жеткинчек” — журналисттердин башаты

 — “Жеткинчекти” жоготпой чыгарып, балдарга руханий азык бололу деп аракет кылып жатабыз. Гезит бетине Ч.Айтматовдун чыгармаларынан баштап, кичинекей окуучулардын жазгандарын да жарыялап, мурунку салтыбызды улоодобуз. Эми гезит экзотикага айланып калгычакты чыгарабыз го деп турам. Каражат жагын айтсам, албетте, жетишсиз. Өкмөтүбүздүн деле ахыбалын көрүп турабыз. Бирок гезит баары бир тирүү жан өңдүү жашашын камсыз кылганыбыз оң. Балдарыбызга оокаттан тышкары тарбия, руханий азык да керек. Ушул жагынан болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Эгер миң окуучунун жүзүнө жетип, ошого шык-жөндөмүнө өбөлгө болуп, талантын ойготуп, тарбия бере алсак, анда биздин иш ийгиликтүү болуп жатат дээр элем. Албетте, рыноктун каатчылыгында муну аткарыш деле кыйын болуп жатканын моюнга алышыбыз парз. Эң негизгиси, “Жеткинчектин” тарыхы тереңде. Анын изин эч ким жогото албайт. Азыркы чоң акын, жазуучулар, журналисттер ушул пионер гезитинен такшалып чыкканын сыймык менен айтаар элем. Алдыда гезит багытынын дагы да болсо чоң келечеги бар деп үмүт үзбөй туралы. “Жеткинчекти” өнүктүрүүдө ата-энелер, мугалимдер, окуучулар өздөрү да четте турбай колдоп турса мурунку башатыбыз болгон “Жеткинчек” жарыкка чыгып, жашай бермекчи.

Чолпонбек Тайтелиев,  “Эл агартуу” журналынын редактору:

 Жазылуу иштери жолго коюлса

 — “Эл агартуу” журналы Билим берүү  жана илим министрлигинин илимий-педагогикалык жана методикалык басылмасы болуп эсептелет.  Аталган журналдын алгачкы саны «Жаңы маданият жолунда» деген ат менен 1928-жылдын май айында жарыкка чыккан. Журналдын беттеринде  мектеп мугалимдери, жогорку окуу жайларынын окутуучулары, мектепке чейинки билим-тарбия берүүчү мекемелердин кызматкерлери үчүн ар кандай багыттагы илимий-педагогикалык макалалар, ата мекендик жана чет элдик жаңычыл мугалимдердин иш-тажрыйбалары, билим берүү багытындагы укуктук-ченемдик актылар, жоболор, стандарттар, окуу программалары үзбөй жарыяланып келет.

Журнал бир жылда алты жолу, тагыраак айтканда, эки айда бир жолу жарык көрүп,  “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасы аркылуу ишке ашырылып келет. Белгилүү болгондой, журнал Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржыланат. Бирок учурдагы жалпы эле билим берүү тармагынын аз каржыланышы, бул ишти ийгиликтүү аркалоого да өз таасирин тийгизип келе жаткандыгы маалым. Анткен менен финансылык кыйынчылыктарга жана материалдык–техникалык базанын начардыгына карабастан, редакциянын кызматкерлери журналдын үзгүлтүксүз чыгып туруусун камсыздоонун үстүндө жигердүү эмгектенип келе жатат десек жаңылышпайбыз.

Ошондой эле дагы бир көйгөйлүү маселе —  журналга жазылуу ишин уюштуруу. Кийинки жылдары бул иш бир топ эле солгундап кеткендиги белгилүү. Тилекке каршы, облустук жана райондук билим берүү башкармалыктары да бул маселеге жеткиликтүү көңүл бөлбөгөндүктөн  журнал бетине жарык көргөн белгилүү окумуштуу методисттердин алдыңкы тажрыйбалары да жер-жерлерге жетпей келет. Албетте, бул өкүнүчтүү көрүнүш.  Билим берүү жана илим министрлигинин мезгилдүү басма сөз каражаттары республикабыздын ар бир мектебиндеги китепканада жана методикалык кабинеттерде болсо, жаш мугалимдердин ишинин натыйжалуулугун арттырууда бир топ эле көмөкчү болмок.

Тынчтыкбек  НУРМАНБЕТОВ, “Кырчын” журналынын башкы редактору:

Канатың кайрылбасын “Кырчын”

— “Кырчын” мындан алтымыш үч жыл мурун “Жаш ленинчи” деген ат менен уюштурулуп, телчигип, жаш окурмандардын сүйүктүү басылмасына айланып, өсүп келе жаткан келечек ээлерин тарбиялап, алардын дүйнөгө болгон көз карашын калыптандыруу жана кыргыз адабиятынын өсүп-өнүгүшүүчүн ат көтөргүс жүк аркалап келүүдө. Балдарга кыргыз элинин каада-салтынан, сатирасынан, көркөм өнөрүнөн, адабий казынасынан кеп салып, нечендеген жаш таланттарды адабий айдыңга алып чыккан басылманын улуттук басма сөз тарыхында ээлеген орду өзгөчө.

Улуттук адабиятыбыздын негиздөөчүлөрү: А.Токомбаев, Т.Үмөталиев, Т.Сыдыкбеков, А.Токтомушев, К.Маликов, К.Каимов, С.Өмүрбаев сыяктуу авторлор балдарга арналган чыгармаларын дал ушул “Кырчын” журналында жарыялап турушканы маалым. Кыргыз адабиятында аттын кашкасындай таанымал акын-жазуучуларыбыздын көпчүлүгү чыгармачылык тушоолорун “Кырчын” журналынан кескенине сыймыктанышып, чыгармачылык байланышын азыр да үзбөй келатышат.

Журналга өспүрүмдөрдүн жазган ыры, аңгемеси, дилбаяны өздөрүнүн сүрөтү менен кошо берилет. Анткени бул, биринчиден, чыгармачылыкка кызыктырса, экинчиден, алардын жөндөм-шыгын өстүрөт. Үчүнчүдөн, журналдын окумдуулугун арттырат. Журналдын чакан эмгек жамааты ар бир сандын мазмунуна, жасалгаланышына өзгөчө көңүл буруп, эң башкысы окурманга жеткирүүгө аракет кылат.

“Кырчындын” ар бир жаңы санын алыскы жердеги мектептердин ынтызарлык менен күткөн жаш окурмандарына өз убагында кечиктирбей жеткирүүгө көп күч-аракеттер жумшалууда. Бул жооптуу ишке бизге кол кабыш көрсөтүшкөн Аксы районунан Ж.Жороева, Ала-Бука районунан Б.Акпаралиев, Кара-Суудан С.Ызаков, Кочкордон Б.Иманкулова өңдүү агартуу тармагынын белдүү азаматтарына ак дилден ыраазычылык билдирүү менен иштерине ийгилик каалайбыз!

Эра Абдукаримова, главный редактор журнала «Русский язык и литература в школах Кыргызстана»

 Надежный помощник учителя, площадка для обмена мнениями и педагогическим опытом

 — В течение 10 лет Посольство Российской Федерации в Кыргызской Республике, оказывая безвозмездную помощь образовательным организациям нашей страны, осуществляло подписку для 573 школ с русским языком обучения, и они получали наш журнал бесплатно. С этого года всем школам необходимо будет самим позаботиться о своевременной подписке на журнал «Русский язык и литература в школах Кыргызстана».

Еще одна проблема, с которой сталкивается редакция журнала – это пассивность наших читателей. Публикуя те или иные материалы дискуссионного характера, мы призываем учителей высказывать свое мнение, замечания, предложения по совершенствованию учебных программ и учебников, по насущным проблемам преподавания русского языка и литературы. Откликов нет. Создается впечатление, что нашему учительскому сообществу безразлично, на основе каких методов и по каким программам и учебникам работать.

К сожалению, и немалый корпус преподавателей вузов, занимающихся подготовкой студентов – будущих учителей русского языка и литературы, не проявляют особой заинтересованности в публикации своих исследований и методических разработок на страницах журнала. Между тем, вузовские вестники, в которых преподаватели предпочитают публиковать свои статьи, никогда не попадают в руки школьных учителей, в отличие от журнала «Русский язык и литература в школах Кыргызстана». Таким образом, утрачивается связь между вузом и школой; при этом лингвистические, литературоведческие и методические исследования и разработки, которые осуществляются в вузах и могли бы быть очень полезны школьным учителям, остаются не более чем мертвым грузом.

Несмотря на существующие проблемы, сотрудники редакции с оптимизмом смотрят в будущее и продолжают прилагать все усилия к тому, чтобы журнал оставался верным и надежным помощником учителя в приобщении школьников Кыргызстана к русскому языку и литературе, а также живой площадкой обмена новыми методическими идеями, мнениями и передовым педагогическим опытом.

Майрамбек Токторов, «Кутбилим»

Поделиться

Комментарии