7-АПРЕЛЬ — ЫҢКЫЛАППЫ ЖЕ ТӨҢКӨРҮШПҮ?

  • 14.04.2020
  • 0

К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде ар жуманын үчүнчү күнү тарбиялык саатты бардык студенттер үчүн бирден группа даярданып өтүп турат. Бул жолку тарбиялык саатты ОБД-18 тайпанын студенттери менен куратору Батма Султанова «7-апрель — элдик революция» деген темада аралыкта өтүштү. Сабактын өткөрүү талабы боюнча окуянын катышуучуларын студенттер телефон аркылуу таап, алар менен сүйлөшүп, маалымат топтоп, сурамжылоо жүргүзүштү. Сабак учурунда студенттерге суроолор берилип, WhatsApp аркылуу жүргөн талкууга бардык студенттер активдүү катышты.

7-АПРЕЛЬ — ЫҢКЫЛАППЫ ЖЕ ТӨҢКӨРҮШПҮ?

10 жыл мурунку тарыхый окуя биздин элибиздин адилетсиздикке жана мыйзамсыздыкка каршы күрөштө болгон эркин жана алдыга умтулуусун ачык-айкын көрсөткөнүн, окуянын себептерин студенттер талдап беришкенин куратор Батма Султанова айтып берди. Тайпада 18 студент болсо, баары тең сабакка активдүү катышып, ар бири суроо берип, ошол эле кезде башка студенттердин да ойлорун укканга жетишишти.

1. Апрель окуясы — ыңкылаппы же төңкөрүшпү?

Студенттердин жооптору: 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя азыркыга чейин так аныктамасын ала элек. Тарыхчылар «Эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы бурулуш, төңкөрүш дешсе, эксперттер тим гана бийлик алмашуу, авторитардык бийликтин кулашы» деп карашууда. Жылдар өтүп, кезеги өз баасын алат. Канткен күндө да элдин бийликке болгон нааразычылыгынын жогорку баскычка жетүүсү, калктын социалдык муктаждыгынын көз жаздымда калуусу, бийликтин элден ажырашы, авторитардык, жеке бийликтин орношу 2005-жылдагы март ыңкылабынын өз максатына жетпей калуусу элдин көтөрүлүшкө чыгышын шарттады.

2. Апрель төңкөрүшү максатына жеттиби?

Студенттердин жооптору: Токсонго чукул жарандын өмүрү кыйылган кандуу окуя катары карагандар бар. Мурдагыдай эле бийлик алмашуунун бир ыкмасы деген эксперттер да жок эмес.

3. Апрель окуясынын чыгуу себептери эмнеде?

Студенттердин жооптору: Биринчиден, март ыңкылабынын талабы ишке ашкан жок. Экинчиден, электр энергиясына болгон төлөмдүн көтөрүлүшү, карапайым калктын жакырлануусуна түрткү берди. Үчүнчүдөн, телефон байланышынын тарифинин өсүүсү да элдин кыжырдануусун жаратты. Төртүнчүдөн, жогорку бийлик бутагына ошол кездеги президенттин жакындарынын топтолушу, бир туугандарынын бийликке, саясатка аралашуусу. Бешинчиден, мамлекеттик бир катар саясатчылардын куугунтукталышы, жөнсүз өлтүрүлүшү, сөз эркиндигинин басмырланышы.

— Ушул орчундуу себептерди студенттер белгилешти. Тайпадагы студенттердин жардамы, айрыкча, Качкынов Сыймыктын жардамы менен тарбиялык саат өтүлдү. Ал апрель окуясынын катышуучулары менен сурамжылоо жүргүздү. Тарбиялык саатты аралыкта өтүүгө кыйынчылык болбой койгон жок, бирок бардык аракетти жумшадык. Иштесе болот экен, — дейт Батма Султанова, К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинин укук таануу предметинин окутуучусу.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Поделиться

Комментарии