3-8-класстардын окуучулары үчүн Республикалык математика боюнча мектептен сырткаркы олимпиада тууралуу ЖОБО
- 25.10.2013
- 1
3-8-класстар үчүн өткөрүлө турган Республикалык математика боюнча мектептен сырткаркы олимпиада (РММО – мындан ары олимпиада) жеке жарыш болуп саналат жана “Алтын түйүн” Республикалык балдардын инженердик-техникалык академиясында өтөт.
I. Олимпиаданын багыттары жана максаттары
— Математикага жөндөмдүү окуучуларды табуу.
— Башталгыч класстардын окуучуларынын логикалык ой жүгүртүү деӊгээлин жогорулатуу.
— Математикалык билимди жайылтуу.
— Окуучуларга илимдин кошумча булактарын өз алдынча колдонуу менен күчүн сынап көрүү мүмкүнчүлүгүн түзүү.
— Окуучуларды өз алдынча чыгармачыл иштерге даярдоо.
— Логикалык жөндөмү бар, математикага кызыккан окуучуларды олимпиадага тартуу.
II. Олимпиаданын катышуучулары
2.1. Олимпиадага түрүнө, ээлик кылуучусуна карабай, республиканын жалпы билим берүүчү мектептеринин 3-8-класстарынын окуучулары катыша алышат. Бул мектептен сырткаркы этапка тапшырмаларды белгиленген мөөнөттө аткарып, жоопторун жөнөткөн бардык каалоочулар катышса болот.
III. Олимпиаданы өткөрүү тартиби
3.1. Олимпиада эки этапта өткөрүлөт: биринчиси – мектептен сырткаркы (заочный), экинчиси – такай окуу (очный). Биринчи этапта республикалык маалымат каражаттарында түрдүү оорчулуктагы эки турдун тапшырмалары жарыяланат. Жоопторду жөнөтүүнүн тартиби көрсөтүлөт (бардык жооптор жазуу түрүндө, бир окуучудан бир гана жооп кабыл алынат) олимпиада өткөрүүнүн жана жоопторду берүүнүн мөөнөттөрү белгиленет.
3.2 Тапшырмалардын жооптору жука мектеп дептерине жазылып, сыртына катышуучунун толук почта дареги жана телефону, мектептин дареги жана номери, классы жана мектептин директорунун, мугалимдин же математикадан сабак берген адамдын толук аты-жөнү жазылган катышуучунун анкетасы чапталат (тиркемени кара). Тапшырманын аткарылышын тастыктаган иллюстрациялар (сүрөттөр) так, даана аткарылышы керек.
3.3. Олимпиада кыргыз жана орус тилдеринде өткөрүлөт.
3.4. Биринчи этапты жыйынтыктоо стадиясында мектептен сырткаркы олимпиаданын 1-2-турунун жыйынтыгы чыгарылат. Жыйынтыктар олимпиаданын шарттары жарыяланган маалымат каражаттарына басылат.
3.5. Жооптору эӊ оригиналдуу болгон мыкты катышуучуларды математика боюнча олимпиадага даярдык көрүү боюнча сабак пландалган жазгы сессияга (жазгы каникул убагында) чакыруу, ошондой эле интернет ресурстарын колдонуу менен эл аралык олимпиадага катышуусу болжонууда.
3.6. Экинчи этап (3-тур) – такай окуу (очный) менен кыдыруу. 1-2-турлардын жыйынтыгы боюнча биринчи этаптын жеӊүүчүлөрү жазында өтө турган 3- такай окуу (очный) менен кыдыруу туруна чакырылат.
3.7. Катышуучулардын курамын (3-тур) саны жана түзүмү боюнча өзгөртүүгө жол берилбейт. Кечигип калган катышуучулар сынактан четтетилет.
3.8. 3-турга катышууга келген курамы көбөйгөн же билдирүү бербеген катышуучулар дагы сынактан четтетилет.
3.9. Сынактын жалпы турунда четтетилген катышуучулар уюштуруу комитетинин чечими менен жарыштан сырткары катыша алышат, тагыраак айтканда, байгелүү орундар берилбейт.
4.0. Республикалык олимпиаданын байгелерине ээ болгондорго, 1-даражадагы дипломдун ээсине «Технодром» жайкы лагерине жолдомолор ыйгарылат.
IV. Олимпиаданын 3-турун өткөрүү тартиби
4.1. Олимпиаданын 3-турун өткөрүү боюнча маалыматтар (өткөрүлчү убакыты жана орду, катышуучулардын саны, билдирүүнүн формасы жана тапшыруу мөөнөтү) республикалык басма сөздө жарыяланат жана мектеп жетекчилери аркылуу катышуучуларга маалымдалат.
4.2. Катышуучуларды каттоо жана эне-аталар, мугалимдер же коштоп жүргөндөр менен жолугушуу бир күн мурда өткөрүлөт.
4.3. Бул жазуу турунда 5 маселе сунушталып, аны чечүүгө 2 саат (120 мүнөт) убакыт берилет.
4.4. Текшерүү алдында тапшырмалар беш упайлык система менен аныкталат. Баалар калыстар тобу тарабынан, катышуучулардын шифрленген бланкаларына коюлуп, жеӊүүчүлөр аныкталгандан кийин гана катышуучулардын аты-жөнү аныкталат. Эне-аталар, мугалимдер же аларды алмаштырган адамдар ачылышта жана жыйынтык чыгарууда гана чакырылышат, олимпиада учурунда катышуучулар, калыстар тобу жана уюштуруу комитети гана имаратта болууга укуктуу.
4.6. Иштерди баалоо шарттары:
— Маселени чыгаруунун тууралыгы
— Маселени чыгарууда ой жүгүртүүнүн өз алдынчалуулугу
— Иштин оригиналдуулугу
— Ишти шөкөттөө (оформление)
V. Олимпиаданын жыйынтыгын чыгаруу
5.3. Район боюнча калыстардын баалоо бланкынан алынган чыгарылган маселелер боюнча биринчи этабын өткөргөндөн кийин (бирок, райондор боюнча мектептердин санынын катышы эсептелбейт) олимпиаданын экинчи этабына катышуучуларды тандоо уюштуруу комитети тарабынан жүргүзүлөт. Экинчи этапка катышуучулардын саны уюштуруу комитети тарабынан бекитилет. Бул турдун курамына түрдүү аймактардан, райондордон жана мектептерден катышкандардын эӊ күчтүүлөрү кирет.
5.4. Экинчи этаптын (3-тур) катышуучуларынын курамы олимпиаданын мектептен сырткаркы этабынын жыйынтыгын чыгаргандан кийин мектептерге «Кутбилим» газетасы аркылуу жеткирилет.
5.5. Биринчи, экинчи, үчүнчү жана кызыктыруучу орундардын саны катышуучулардын көрсөткөн жыйынтыктарынын эсебинен калыстар тобунун мүчөлөрү тарабынан аныкталат. Байгелүү орундардын ээлери «Алтын түйүн» РБИТАнын дипломдору менен сыйланышат.
5.6. Экинчи жана үчүнчү орундарды алгандар тиешелүү даражадагы дипломдор менен сыйланып, катышуучунун жашаган жериндеги математиканы тереӊдетип окуткан класстардан (гимназия, лицей, адистик мектеп ж.б.у.с.) билим алууга сунуштамаларды алышат.
VI. Олимпиаданын уюштуруу комитети жана калыстар тобу
6.1. Олимпиаданын уюштуруу комитети, усулдук комиссиясы жана калыстар тобу «Алтын түйүн» РБИТАнын базасында түзүлөт.
6.2. Калыстар тобунун курамына ЖОЖдордун илимий кызматкерлери жана окутуучулары, мектептердин жана мектептен сырткаркы уюмдардын мугалимдери, студенттер жана жогорку класстардын окуучулары, ошондой эле, учредителдердин өкүлдөрү кирет.
6.3. Калыстар жоопторду кыргыз жана орус тилдеринде текшерип, жыйынтыктарды чыгарат.
6.4. Баалоо системасы маселелерди түзүүдө уюштуруу комитети тарабынан аныкталып, ар бир тапшырмага берилчү упайлар олимпиада алдында катышуучуларга билдирилет.
VII. Олимпиаданы каржылоо
7.1 РММОнун каржылык жана материалдык булактары болуп:
— «Алтын түйүн» РБИТАнын бюджеттик жана бюджеттен сырткаркы каражаттары;
— ата-энелердин каражаттары (мыйзамдуу өкүлдөр);
— башка юридикалык жана жеке жактардын кайрымдуулук жана спонсордук каражаттары;
— академиянын менчигине берилген мүлк (тийиштүү органдар тарабынан);
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына дал келген башка булактар.
7.2 Олимпиаданын 1 жана 2-турун каржылоо (тапшырмаларды түзүү, жоопторду текшерүү жана талдоо, иштин жүрүшүндөгү керектүү тапшырмаларды басуу жана көбөйтүү ж.б.у.с.) «Алтын түйүн» РБИТА тарабынан жүргүзүлөт.
7.3. Олимпиадага катышуучулардын эне-аталары (мыйзамдуу өкүлдөр) балдардын 3-такай окуу туруна катышуусундагы почта чыгымдарын, ошондой эле транспорт чыгымдарын өз алдынча көтөрүшөт.
7.4. Катышуучулардын жетекчилери 3-такай окуу турунун мөөнөтү бүткөнчө балдардын ден-соолугу менен өмүрү үчүн жоопкерчиликтүү болушат.
7.5. Билим берүүнүн аймактык башкаруу органдары олимпиаданын 3-такай окуу туруна катышуучуларды жайгаштыруу, тамактандыруу жана камсыздоо милдетин алышат.
7.6. Олимпиаданын калыстар тобунун мүчөлөрүн, уюштуруу комитетин командировкага жөнөтүү билим берүүнүн тиешелүү мекеме, органдары тарабынан ишке ашырылат.
Тиркеме
Тапшырмалардын жооптору жука мектеп дептерине жазылып, сыртына катышуучунун толук почта дареги жана телефону, мектептин дареги жана номери, классы жана мектептин директорунун, мугалимдин же математикадан сабак берген адамдын толук аты-жөнү жазылган катышуучунун анкетасы чапталат.
Катышуучунун анкетасы
Фамилиясы | |
Аты | |
Классы, мектептин № | |
Үй дареги | |
Индекси, областы, шаары | |
Району, айылы | |
Көчөсү, үй, батир | |
Телефону, E-mail жана/же интернет | |
Мектептин дареги | |
Индекси, областы, шаары | |
Району, айылы | |
Көчөсү, үй | |
Телефон, Директордун аты-жөнү | |
Мугалимдин жана (же) математикадан сабак берген адамдын аты-жөнү |
3-4 класстар үчүн 1 тур маселелери
1-маселе. Үй-бүлөдө 5 бала бар. Камчыбек Бейшенден 2 жашка улуу, бирок Даниярдан 2 жашка кичүү. Туратбек Акылбектен 3 жашка улуу. Бейшен жана Акылбек эгиздер. Балдардын кимиси эӊ улуусу? (Чыгаруудагы ой жүгүрткөн жолуӊарды кеӊири ирети менен жазгыла)
2-маселе. Буратино ар бир калп айтканда анын мурду 6 см узарат, эгерде ал чындыкты айтса – 2 см ге кыскарат. Кечээ күн бою анын мурдунун узундугу 5 жолу өзгөрдү жана жыйынтыгында 6 см узарды. Бул күнү Буратино канча жолу калп айткан?
3-маселе. Аннанын бир монетасы 5 цент, бир монетасы 10 цент, бир монетасы 20 цент жана бир монетасы 50 цент. Ал канча ар түрдүү болгон суммада кайтымы жок соода кыла алат?
4-маселе. Тикбурчтук, бир жалпы жакка ээ болгон, эки бирдей болгон квадраттардан турат. Анын периметри 48 см. Тикбурчтуктун аянтын тапкыла.
5-маселе. Эгерде киреше чыгымдан аз болсо, келтирилген зыян жөнүндө сүйлөшөт. Алмаз ар бидону 700 сом болгон 5 бидон май сатып алды. Машинага жүктөгөн маалында капысынан бир бидон колдон түшүп кетип, майы төгүлдү. Алмаз калган майды ар бидонун 800 сомдон сатты. Алмаз зыян тарттыбы, эгерде тартткан болсо канчага?
6-маселе. Бирдей калындыктагы, тик бурч формасындагы эки тортту сатып алышты. Бир торттун узуну жана туурасы экинчисинен эки эсе чоӊ. Чоӊ торттун салмагы 2 кг, кичине торттун салмагы канча?
7-маселе. Бөлмөнүн аянты 20м2, ал эми анын узундугу 4 м. бул бөлмөгө 2 ге 3 м (2×3) килемди салганы жатышат. Мындай кылууга болобу? Өзуӊдүн жообуӊду чыгарылыштын жардамы менен түшүндүр.
8-маселе. Апасы алма сатып келип, балдарына сабактан келгенден кийин теӊ болуп жешин айтты. Биринчи Актилек келип, алманын үчтөн бирин алып кетти. Экинчи болуп Турат келди да калган алманын үчтөн бир бөлүгүн алып кетти. Андан кийин мектептен Акылай келип, өзү көргөн алманын санынын үчтөн бир бөлүгү болгон – 4 алманы алды. Апасы канча алма койгон?
9-маселе. Алекс ар 8 мүнөт сайын бирден шам жагат. Ар бир шам 35 мүнөттө бирдей күйөт. Алекс биринчи шамды жаккандан кийин канча шам бир саат өткөндөн кийин күйүп турат?
10-маселе. Сүрөттөгү фигура 7 бирдей квадраттардан турат. Анын периметри 32см. Фигуранын аянтын тапкыла.
5-6 класстар үчүн 1 тур маселелери
1-маселе. Актан ар бир 8 минутада бирден шамды күйгүзөт. Ар бир шам туура 35 минута күйүп, ана өчөт. Актан биринчи шамды күйгүзгөндөн бир саат өткөндөн кийин канча шам күйүп турган болот?
2-маселе. Ит түлкүнү 30м аралыкта көрүп, кууп жөнөдү. Ит 2 жолу секиргенде, түлкү 3 жолу секирет. Иттин ар бир секириги 2м, түлкүнүкү – 1м. Ит канча м аралыкта түлкүнү кууп жетет?
3-маселе. Бир квадратты жактарынын узундугу бүтүн сан болгон 2013 квадраттарга бөлүп салышды. Алгачкы квадраттын жагынын узундугу кандай эӊ кичине маани боло алат?
4-маселе. Эгерде 3х3х3 өлчөмдүү кубдан 1х1х1 өлчөмдүү бурчтук кубикти кесип алса, анда 9 грандуу фигура пайда болот (сүрөттү кара). Эгерде калган бурчтук кубиктерди кесип салсак калып калган фигура канча гранга ээ болот?
5-маселе. Кайсынысы пайдалуу? Банка акча салган адам кандай учурда көп акча алат: эгерде банк кирешени жылына бир жолу 12 пайыз эсептегендеби же ай сайын бир жолу 1 пайыз эсептегендеби?
6-маселе. Арбуздун оордугу 20кг жана анын 99% суусу бар эле, ал кичине кургагандан кийин 98% суусу калды. Андан кийин арбуздун оордугу канча?
7-маселе. Башкатырмаларга кызыккан кишиден канча жаштасыз деп суроо беришти. Ал болсо татаал жооп берди: “Үч жылдан кийин менин жашымды үч эсе көбөйткүлө, жана үч жылдан мурдагы жашымды үч эсе көбөйтүлгөн санды андан кемитксеӊер менин азыркы жашымды тапасыӊар” Ал азыр канча жашта?
8-маселе. Бир айдын үч жекшембиси жуп сандарга туура келген. Айдын 22 саны жуманын кайсы күнүнө туура келет?
9-маселе. Алты сандын орто арифметикалык саны 17 ге барабар. Алты сандан бирөөсүн алып салганда калган сандардын орто арифметикалык саны 19 болуп калды. Алып салынган санды тапкыла.
10-маселе. Аскардын китептеринин саны 150 дөн көп, бирок 200 дөн аз. Алардын 20 пайызы романдар, ырлар жыйнагы — 1/7. Аскарда канча китеп бар?
7-8 класстар үчүн 1 тур маселелери
1-маселе. Падышачылыкта 1001 шаар бар. Падыша шаарлар ортосунда ар бир шаардан 7 ден жол чыккыдай кылып жол салууга буйрук берди. Кол алдындагылар падышанын буйругун аткара алышабы?
2-маселе. Сандардын кайсынысы чоӊ 21997 же 5850? Ырастооӊорду далилдегиле.
3-маселе. Кенгуру сол буту менен түртулүп 2 м секирет, оӊ буту менен түртүлүп 4 м секирет, ал эми эки буту менен түртүлүп 7 м секирет. Туптуура 1000 метр болушу үчүн ал эӊ аз канча секирик жасоо керек?
4-маселе. Антиквар дүкөнү эски буюмду 30000 сомго сатып алды да аны баасын 60 пайызга жогору кылып сатыкка койду. Бул буюм бир жумадан кийин, дүкөн коюлган бааны 20 пайыз төмөндөткөндөн кийин гана сатылган. Дүкөн антиквар буюмун сатууда канча пайда көрдү?
5-маселе. Айлананын борбору аркылуу берилген айлананы жанып өткөн дагы төрт айлана жүргүзүлдү(чиймени кара). Чиймеде бөлүнүп көрсөтүлгөн кара жана боз фигуралардын аянттарын салыштыргыла.
6-маселе. Жактары 100 болгон квадраттан жактары 80 болгон квадрат кесип алынды. Калган бөлүгүн жактары 1 болгон квадраттарга кесип салынды, алардан Бектен жаӊы квадрат түзмөкчү. Анын жактары канча болот?
7-маселе. Бул көбөйтүү кайсы цифра менен аяктайт
7х27х47х67х…х2007?
8-маселе. x+3y=8 экендиги берилсе, (2x-6y):(0,25x2-2,25y2)
туюнтманын сан маанисин тапкыла.
9-маселе. 12 ге калдыксыз бөлүнө турган жазылышында жалаӊ 0 жана 1 цифралардан турган эӊ кичик оӊ санды тапкыла.
10-маселе. Эгерде x=12+22+32+…+20092 жана y=1х3+2х4+3х5+…+2008х2010 экендиги белгилүү болсо, x-y канча болушун тапкыла?
Комментарии