№21 МЕКТЕП АРАЛЫКТА ОКУТА БАШТАДЫ

  • 09.04.2020
  • 0

Бишкек шаарындагы №21 мектептин мугалимдери 30-марттан — 3-апрелге чейин ар кандай онлайн сабактарды өтүүгө оңой жана жөнөкөйрөөк болгон программалар менен таанышып, аны колдонгонду үйрөнүп, сабактардын түрлөрүн даярдап, группаларга салып иштөө принцибин дагы өздөштүрүштү. 8-апрелден баштап төртүнчү чейректи окуй башташты.

№21 МЕКТЕП  АРАЛЫКТА ОКУТА БАШТАДЫ

Мектептин директору Гайде Умарованын берген маалыматына таянсак, 16-20-мартка чейин мугалимдер окуучулардын чейректик жыйынтык бааларын, мурдакы алган билимдерине, жазган тест, текшерүү иштерине таянып чейректик жыйынтык чыгарышкан.

№21 МЕКТЕП  АРАЛЫКТА ОКУТА БАШТАДЫ

— Жалпы мектептин отчету да мына ошол жыйынтыктардын негизинде тапшырылып берилди. ЖРТга даярдык көрүү максатында биздин мектепте алдын ала маалыматтарга таянып, окуучулардын өздүгүн каттоо, алардын ЖРТга керектүү бланкаларды толтуруу иштери 2020-жылдын 17-мартында толук бүткөрүлүп, акча каражаттарын банкка төгүп, болгон документтерди тастыктап, райондук билим берүү бөлүмүнө тапшырылды. Биздин мектепте 37 бүтүрүүчү бар. Алардын ичинен эки окуучу ЖРТга катышпай турганын билдиришти. Азыркы күндө биздин мектепте 11-класстын класс жетекчилери ЖРТга даярдоо боюнча WWW.TESTING.KG сайттар жөнүндө окуучулар жана ата-энелерге маалымат берип жатышат, — дейт директор.

Каникул учурунда окуучуларды бош койбостон, мугалимдер, класс жетекчилер ар кандай изденүүнү талап кылган максатта тапшырмаларды берип турушту.

— Азыркы кырдаалга карата мугалимдер кезектеги каникул Билим берүү министрлиги бекиткен боюнча 3-чейрек 2020-жылдын 20-марты менен аяктамак. Ошол убакытта КТПга ылайк 3-чейректеги өтүлгөн окуу программаларына жалпы кайталоо жүрмөк. Биз ошол 16-20-мартта кайталануучу программаларды 23-27-март ичинде окуучуларга WhatsApp аркылуу тапшырмаларды берип, кайтарым байланышты түздүк. Ошол эле учурда министрликтин сайтына жайгаштырылган ЭлТР, САНАТ телеберүүлөрү аркылуу өтүлүүчү телесабактар ата-эне менен окуучулардын группасына жөнөтүлүп, алар көрүп, окушту. Ал эми 30-мартынан-3-апрелге чейин мугалимдер ар кандай онлайн сабактарды өтүүгө оңой жана жөнөкөйрөөк болгон программалар менен таанышып, аны кантип колдонууну үйрөнүштү. Сабактардын түрлөрүн даярдап, группаларга салып иштөө принциби менен да таанышып чыгышты. Мисалы, ZOOM, сократив, гугл классруум, мугалим ТВ группаларына киргизилген видеосабактар менен таанышып чыгышкан. 8-апрелден баштап окуучуларга билим берүү стандартынын дистанттык негизде окууга окуучулар менен ата-энелерди түшүндүрүү иштерин жүргүзүп бүттүк. Ушул аптада педкеңешти ZOOM программасы аркылуу өттүм, — дейт Г.Умарова.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Поделиться

Комментарии