2016-жылдын мыкты мугалими аныкталды

  • 10.10.2016
  • 0

28-29-сентябрда борбор калаабыздагы №5 А.Молдокулов атындагы улуттук гимназияда жети дубандан жана шаарлардан келишкен агартуу тармагынын алдыңкылары акыл таймашында мыктынын мыктысы наамы үчүн күч сынашты. Жыл сайын мугалимдердин кесиптик майрамын утурлай уюштурулуп келаткан республикалык сынак «Жылдын мыкты мугалими», «Жылдын мыкты инновациялык мектеби», «Жылдын мыкты бала бакчасы», «Жылдын мыкты айылдык мектеби» деген аталыштагы төрт номинация менен өттү. Республикалык сынакка катышууга буга чейин райондук жана облустук этаптарда өз аймагынын жеңүүчүсү аталган алдыңкылар жолдомо алышкан.

КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында жыйынтыкталган «Жылдын мыкты мугалими – 2016» республикалык сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды. Сыйлык тапшыруу аземинде Токтобүбү Ашымбаева Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеванын куттуктоосун окуп берди. Министр куттуктоо сөзүндө кесиптештерине кайрылып, КР Өкмөтүнүн приоритетивдүү багыттарынын бири билим берүү саясатын өнүктүрүү экендигин, бүгүн бизге интеллектуалдуу өнүккөн жана жогорку адеп-ахлактуу инсандар керектигин, аларга билим-тарбия берип жаткан мугалимдердин жана тарбиячылардын чыгармачылык менен эмгектениши үчүн аларга шарттарды түзүү, билим берүүчү мекеме-уюмдарда болуп жаткан инновациялык процесстерди колдоо болуп саналарын белгилеген.

«Жылдын мыкты мугалими – 2016» номинациясынын жеңүүчүсү ардактуу наамы жана 100 миң сом баш байге Баткен облусунун Лейлек районундагы Б.Набиев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими Бегайым Бегалиевага ыйгарылды. Экинчи орунду Бишкек шаарынын №69 гимназия мектебинин немец тили мугалими Самара Абдыкеримова ээледи. Үчүнчү сыймыктуу орун Ош облусунун Кара-Суу районундагы И.Кулбаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Раева Гулжамалдын энчисине тийди.

«Жылдын мыкты инновациялык мектеби» номинациясында Бишкек шаарынын №68 мектеп гимназиясы байгелүү биринчи орунга татыктуу болду. Экинчи орунду Чүй облусунун Москва районундагы Петровка мектеп-гимназиясы, үчүнчү орунду Ош облусунун Ноокат районунун М.Гапаров атындагы гимназия мектеби ээлешти.

«Жылдын мыкты бала бакчасы» номинациясы боюнча Чүй облусунун Сокулук районундагы №3 ясли-бакчасы биринчи орунга озуп чыкса, экинчи орун Бишкек шаарынын №51 бала бакчасына, үчүнчү орун Ош облусунун Алай районундагы «Жоогазын –Мурдаш» бала бакчасына ыйгарылды.

«Жылдын мыкты айылдык мектеби» номинациясы боюнча биринчи орунду Ош облусунун Кара-Суу районундагы Дадан Султанов атындагы орто мектеп ээледи. Экинчи орун Нарын областунун Ат-Башы районундагы Наамат Усеналиев атындагы орто мектебине, үчүнчү орун Ысык-Көл областынын Түп районунун Өмүр Баатыр орто мектебине тийди.

Педагогиканын алдыңкы ыкмаларын жайылтуу менен бирге чыгармачылыгын арттырып, агартуу тармагын өнүктүрүүдө баалуу салым кошуп эмгектенип жатышкан мугалимдерди аныктап, аларды сыйлоо максатында көп жылдан бери өткөрүлүп келаткан сынакты бул жолу жагымдуу жаңылык коштоду.

“Жылдын мыкты мугалими-2016” сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанатында кыйла жыл мугалимдик кесипте үзүрлүү эмгектенип келаткан агартуу тармагынын алдыңкылары Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси жана Ардак грамоталары менен сыйланышты. Сынакты уюштуруучулардын бири, Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүү жана жаштар саясаты башкармалыгынын башкы адиси Назгүл Мусаеванын айтымында, сынак да, сыйлык да бул тармакта иштеген адамдарды мындан да жогорку ийгиликтерге шыктандырмакчы.

—          “Жылдын мыкты мугалими” сынагы жыл сайын алгач мектептерде, райондордо, анан облустарда өткөрүлүп келет.  Өз аймактарында өткөн сынактарда жеңишке жетишип алдыга озуп чыккандар гана республикалык сынакка жолдомо алышып, борбор калаабызда өткөн этабында күч сынашат. Мындай сынактар мыкты мугалимдерди эле эмес, мыкты айылдык мектепти, мыкты инновациялык мектепти жана мыкты бала бакчаларды аныктоого жардам берет жана алган сыйлыктары дагы-дагы жогорку жетишкендиктерге жетишип иштөөгө шыктандырат деп ишенебиз. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо фондунан биринчи орунду ээлеген мугалимге – 100 миң сом, экинчи орунга – 80 миң сом, ал эми үчүнчү орунду алган мугалимге – 70 сом акчалай сыйлыктар тапшырылды. Андан башка да кызыктыруучу баалуу сыйлыктар болду. Сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинен тышкары, билим берүү тармагында үзгүлтүксүз үзүрлүү эмгектенип келаткан алдыңкы мугалимдерге “Билим берүүнүн мыктысы” жана Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары да тапшырылып, мугалимдер кесиптик майрамынын алдында кош кубанычта болушту, — дейт Назгүл Мукашевна.

Кемин районунун Чым-Коргон айылындагы А.Казакбаев атындагы орто мектепте кол эмгек мугалими жана китепканачы болуп 30 жылдан ашык үзүрлүү иштеп келаткан Рыскүл Төлөгөнова  үчүн “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисин алгандыгы күтүүсүз жагымдуу окуя болду. Балким көптөн күткөн сыйлык десек тагыраак болор, анткени чейрек кылымдан ашуун турмуштун өөдө-ылдый шартында мектептен кетпей, балдарды кол эмгекке үйрөтүүнүн өзү эле сыйлыкка арзыган чоң эрдик эмеспи. Окуучуларга китепти сүйүүнү эмгекке тарбиялоо менен айкалыштырып үйрөтүп келаткан Рыскүл Абдрахмановна кубанычы менен бөлүштү:

  • Окуучуларга билим тарбия берүүдөгү 30 жылдан ашык эмгегим акталып жатканына чексиз кубанып турам. Чындыгында, мугалимдердин эмгеги айтканга оңой болгону менен иш үстүндө эң эле татаал, ары жооптуу. Муну мектепте иштеген мугалим гана жакшы билет деп ойлойм. Айрыкча, кийинки убакта балдар китеп окуудан аябай эле алыстап баратышат. Буга үйдө ата-энелер да кайдигер болбошу керек. Китеп окууга балдарды кичинекей кезинен кызыктырган туура деп ойлойм. Ал үчүн китеп фонду бай болушу зарыл. Биз мектептеги китеп казынасын толтурууга, окуучуларды китеп окууга тартууга аракеттенебиз. Кызыктыруучу сыйлыктарды коюп, китеп майрамдарын, түрдүү кароо-сынактарды өткөрүп турабыз, -дейт тажрыйбалуу китепканачы.

2016-жылдын “Мыкты мугалими” титулунун жана баш байгенин ээси Бегайым Бегалиеванын агартуу майданындагы алгачкы жылдары минтип ийгилик менен коштолуп отурат. Ал Лейлек районундагы Бурхан Набиев атындагы мектепте балдарга кыргыз тили жана адабияты сабагын окутуп келатканына 12 жыл болду. Сынакка жакшынакай максат менен аттангандыгын, жыйынтыгы өзү күткөндөн да артык болгондугун айткан жаш мугалимдин жүзү ары кубанычтан, ары толкундануудан албырып турду. Сүйлөгөнү так, маңдайы жарык ушундай жаш адистер билим-тажрыйбасын арттырууга умтулуп, сынактарда жеңишке жетишип жатышкандыктары бир чети өздөрүнө стимул болсо, бир чети мугалимдик кесиптин беделин жогорулатууга да салым кошуп жатканы талашсыз.

  • Сынактарга катышуунун өзү биринчиден, тажрыйба топтоого, мыкты мугалимдер менен таанышууга, алардан көптү үйрөнүүгө көмөктөшөрүнө ишенем. Экинчиден, өзүм окуткан окуучуларымды бийик максаттарга шыктандырат деп ойлойм. Бул сынактын максатына ылайык, мен башка кесиптештерим сыяктуу эле балдарды окутууда жетишип келаткан ийгиликтеримди, өзгөчө ыкмаларымды көрсөтүүгө аракеттендим. Мен мугалимдин ишмердүүлүгүн ар тараптан карап, ар түрдүү багыт боюнча иш алып барганга аракеттенем. Мисалы, мугалимдин милдети түрдүү предметтерди окутуу менен эле чектелбейт эмеспи. Албетте анын биринчи милдети – балдарды окутуу болсо, экинчиден, ал – класс жетекчи. Мугалимдин ишмердүүлүгүнүн дагы бир бөлүгү – мектептин турмушуна активдүү катышуу. Мен да башка кесиптештерим сыяктуу эле ушул үч багытта аракеттенүү менен, өз салымымды кошконго аракеттенем. Менин мектебим республиканын эң алыскы аймагында жайгашкан. Бирок ошого карабай балдарга заманбап технологияларды колдонуу менен билим берүүгө аракеттенип иштеп келатабыз. Бул сынактагы менин жеңишим жеке эле мага таандык эмес, мени менен бирге иштеген кесиптештеримдин, мектеп администрациясынын, жада калса мен окуткан окуучуларымдын ийгилиги, жеңиши деп билем. 2010-жылы райондук конкурска катышып биринчи орунду ээлегенден бери, өзүмө ишеним пайда болуп, акырындык менен даярданып келаткан элем. Биздин эмгегибизди баалаган, ушундай сынактарды уюштуруп, бизди алга демилгелеген Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирем,-дейт 2016-жылдын мыкты мугалими Бегайым Бегалиева.

Жылдын мыкты инновациялык мектеби номинациясында баш байгени жеңип алган Бишкек шаарындагы №68 мектеп-гимназиянын директору Омурова Канымжан Жусупбековнанын айтымында бул жеңиш өзү жетектеген педагогикалык жамааттын узак жылдар арасындагы аракеттеринин жыйынтыгы болду.

—          Биз тарбиялап жаткан балдар жеке эле Кыргызстанда эмес, дүйнөнүн төрт бурчунда иштөөгө жөндөмдүү балдар болушу керек деп эсептейм. Анткени заман жаңы, талап жаңы дегендей, социалдык заказ да өз заманына жараша билим-тарбия берүү багытын өркүндөтүү жолдорун издөөнү талап кылууда. Инновация биринчи экономика тармагына киргени маалым. Негизи эле бардык тармакта инновация, өсүп-өнүгүү, жаңылык болбосо прогресс жүрбөйт эмеспи. 2007-2008-жылдары ушундай чечимге келген соң, адегенде мугалимдерди даярдай баштадык. Салттуу сабактарды өткөрүү менен чектелбей, балдарды кызыктыра турган, алардын активдүүлүгүн, кабыл алуусун, эске тутуусун, өркүндөтө турган, аң-сезимин ойгото турган жолдорду издей баштадык. Коңшу Россия, Казакстандагы кесиптештерибиздин тажрыйбаларын Интернет аркылуу алып, аны өзүбүздүн мугалимдердин иш тажрыйбаларында пайдаланып сынактан өткөрдүк. Мында биринчи кезекте өзүбүздүн улуттук өзгөчөлөрүбүзгө шайкеш ыкмаларды кошууга аракеттендик. Бүгүнкү күндө биздин мугалимдердин  80% сабактарында инновациялык технологияларды пайдаланышат. Алсак, мультимедиалык технология, окутуунун долбоордук технологиясы, сергек жашоо образы ж.б. Инновацияны башкаруу үчүн мектепти башкаруунун моделинде да, окуу-тарбия процессин жүргүзүүнүн структурасында да инновация болушу абзел. Инновациялык технологияларды колдонуу менен чектелбестен, жергиликтүү коомчулук менен биргелешип иштөө, мисалы, тартип бузган балдар менен алдын ала иш жүргүзүү, окуучулардын ден соолугун чыңдоо, окуучуларды мектепке тартуу ж.б. пландарды, схемаларын түзүп иш алып баруудабыз.

Эң күчтүү кетип бараткан биздин долбоордук ишибиз бири – бул окуучуларга эстеликалык-музыкалык тарбия берүү багыты. Сиздер билесиздер, “Устат-шакирт” деп аталган эстетикалык-көркөм борбор бар. Бул борбор менен бирге иштеп жатканыбызга жети жыл болду. Бул убакыт аралыгында алар программа жана окуу китептерин жазып чыгышты. Сынагын бизде өткөрүшкөн. Биздин мектептин 500дөн ашык окуучусу комуз чертет, 100 окуучу темир комузда ойнойт. Андан тышкары, эстетикалык рухий багыттагы кабинетибиз бар, мындай кабинет башка жерде жок. Бул кабинетте 50дөн ашык кыргыздын музыкалык аспаптары сакталат. Окуучуларга эң керектүү долбоордун бирин айтпай кетсем болбос, бул — окуучулардын ден соолугун сактоого багытталган “Бекем тиштер” долбоору. Мындан жети жыл мурда балдарга тишти кантип күтүү керектигин үйрөтүүчү атайын окууларды өтүп, Швейцариядан алынып келинген гель менен тишти жаап, кариестен сактоо багытында иш баштаганбыз. Азыркы учурда  мектепте жаңы заманбап жабдуулар менен жабдылган тиш дарылоо кабинетибиз бар. Мындан тышкары ден соолукту күтүүгө үйрөтүү долбоорун улап, окуучуларды таза суу ичүүгө үйрөтүүдөбүз. Таза суу ичүү маданияты – бул ден соолуктун башаты болот экен, ар бир кабинеттерге диспенсерлер коюлган, окуучулар өздөрүнүн стакандарын сумкаларына салып жүрүшөт. Мындан башка да балдарга чет тилдерин, кол эмгегин,  кол өнөрчүлүгүн, ашкана сырларын үйрөткөн көптөгөн эл аралык долбоорлорубуз бар, — деди К.Омурова.

Ал эми Чүй облусунун билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Эгембердиева Венеранын айтымында, облустагы бала бакчалардын ичинен сынакка катыштырууга эң мыктысын тандап алуу өтө эле кыйынга турду. Жетекчиси жаш Сокулук районундагы №3 бала бакчаны көрсөтүшкөнү минтип ишеничти актап, “Жылдын мыкты бала бакчасы” аталып отурат. Куттубай кызы Рахат бала бакчага адеп медициналык айым болуп кызматка кирип, андан соң усулчулук кызматты аркалап, тиешелүү билим алгандан кийин бала бакчанын жетекчилигине көтөрүлгөнү, бардык тепкичтерди басып өтүп, тажрыйба топтошуна чоң салым кошкон. Саналуу бала бакчалардын арасында Монтессори педагогикасы боюнча иш алып жүргүзүп келаткан бала бакчанын башчысы Куттубай кызы Рахат биз менен мындайча ой бөлүштү:

—          “Жылдын мыкты бала бакчасы” номинациясындагы жеңишибиз  эмгек жамаатымдын, райондук билим берүү бөлүмүнүн,  керек болсо бүтүндөй райондун жеңиши, ийгилиги жана кубанычы деп эсептейм.

Биздин эң биринчи милдетибиз — кичинекей бөбөктөрдүн саламаттыгы сак болушу үчүн кам көрүү болуп саналат. Анткени баардыгыбыздын эң башкы байлыгыбыз – бул балдар эмеспи. Эгерде биз бөбөктөрдү коргой билсек, аларды бактылуу балалык менен камсыз кылсак, дүйнө жүзү бактылуу, дени сак жана билимдүү балдарга толот. Ал эми биздин бала бакчалардын милдети — балдарга ошондой турмуш куруучу пайдубалды түптөө. Бул сынак мага аябай жакты, ушундай иш-чаралар бизге окшогон тарбиячыларды жаңы ийгиликтерге, жаңы жетишкендиктерге жетишүүгө үндөйт жана демилгелейт. Биздин бул жеңишибиз алгачкысы эле эмес, буга чейин да райондук, облустук кароо-сынактарга катышып, сыйлыктарга жетишип келгенбиз. Ушуга чейинки ийгиликтерибиз баары биригип келип бүгүнкү жеңишке жол ачып отурат деп ойлойм,-деди

ал.

 

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кутбилим”

Поделиться

Комментарии