КУДАЙ ПЕНДЕСИНЕ МЫКААЧЫЛЫК КЫЛАБЫ?

  • 23.11.2021
  • 0

Редакциядан: Дин менен илим-билимдин алакасы азыркы кыргыз коому үчүн өтө орчундуу болуп калды. Көпчүлүк молдокелер диний түшүнүктөрдү өтө тайыз, калпыс чечмелеген учурлар көп болуп жатат. Мындай шартта жаш теолог Элмурат Кочкор уулунун «Ислам – илимдүүлөрдүн жана билимдүүлөрдүн дини” аттуу китеби жакшы жаӊылык болчудай. Төмөндө басууга даярдалып жаткан бул эмгектен бир келкини сунуштайбыз.

2003-жылдары музыканы катуу коюп, дабышын азайтып ал деген апасынын колунан ал окуп жаткан ыйык Куранды жулуп алып тепсеп салгандыгынан улам, Кудайдын каарына калып, бир бейбаш кыз маймыл сыяктуу макулукка айланып калгандыгы тууралуу сүрөт Кыргызстанда колдон-колго, айылдан айылга таркаган эле.

Ыйык Куранды ким тепсеп жатат?

Динге үгүттөгөн сабатсыз же жоопкерчиликсиз кишилер муну менен Кудайдын буйруктарын аткарбай, анын каарына калган учурда эмне балээ-балакет болуп кетүү ыктымалдыгын көрсөткүсү келген окшойт. Ал кезде жаш бала болчумун. Ошол жылдары электен өтпөгөн диний түшүнүктөр кеңири жайылып, көпчүлүктүн аң-сезиминен орун ала баштаган эле. Мындай сүрөт өтө көп адамдардын, өзгөчө жаш балдардын психологиясына терс таасир тийгизгени шексиз.

«Демек, Кудай ушунчалык мыкаачы болуп кете берет экен да?» — деп санааркап калган элем. Себеби бул сүрөт камтылган дисктин ичинде намаз окубаган баланын кыйналып жан бергени, дагы башка намаз окубай өткөн жаш баланын сөөгү көрүнө киргизилээри менен жанчыла башталгандыгы, чачынын дароо агарып кеткендиги тууралуу тири шумдук видео материалдар бар эле.

Ошол коркунучтуу видеого Курандын айрым аяттарынын арапча окулушун кошуп монтаждашкан экен…

Патриция Пиччинининин «Булгаары пейзажы» эмгегинин бир бөлүгүн бурмалаган арапча үгүт маалыматы. 2005.

Бул тири шумдук видеолордун таасиринде бир канча жыл көңүлүм чөгүп жүрдүм.

Кийин атайын диниятчылык билимим тереңдеген сайын, мындай нерселердин динге таптакыр тиешеси жок экенин аңдай баштадым. Мен билгенден азыр деле өлкөбүздө Кудай ушундай, тил албаган пендесине аябай мыкаачылык көрсөтөт деп коркутуп-үркүткөн түшүнүктү жайылтуудан арыла албаган «дин күрөшчүлөрү», алардын сөзүн укканда чоочуп калган абдан көп эже-карындаштарыбыз, ага-инилерибиз бар. Балким, аларга пайдасы тийип калаар деп ой бөлүшүп жатам.

Мындай материалдарды камтыган дисктер жок эле дегенде оң миңдеп сатылган окшойт. Жалпысынан алганда, «намаз окуу, Куран окуу сыяктуу бир канча жөрөлгөлөрдү аткарбаган пенде мына ушундай каарга калат» деген түшүнүктү алар табити начар, ыплас, түркөй материалдар аркылуу таңуулап кеткен. Албетте, ал учурда: «Деги, намаз окубаган же ыйык Куран китебин тепсеген кишиге мынча каардуу мамиле кылган Кудай, элдин акысын жеп, миллиондогон долларларды жалмаган, акыйкатсыз чечими менен далай момунду какшаткандарга неге анчалык каарын көргөзбөйт?» — деген сыяктуу суроолор корккондон ойго деле келбептир.

Аныгында, Куранда мусулманга намаз окууну буюрган аят да бар, башка бирөөнүн акысын жебөөнү да буюрган ага теңдеш аят да бар. Ал тургай намазга караганда бирөөнүн акысына аяр мамиле кылуу керектигин эскерген аяттардын саны көп чыгышы мүмкүн, эсептеп келгенде… Чындыгында ыйык Куранды тепсегендер – мына ушул жемкорлор жана залимдер эмеспи!?

Түпнусканы карайлы

Бул маймылга айланды делген кыздын баяны жалган экенин диниятчылык билимиме таянып айтып жүргөн элем. Жакынкы эле мезгилде бул сүрөттүн кайдан алынганын билдим. Көрсө, маймылга окшоп калган бейбаш кыз дегенибиз австралиялык заманбап көркөм өнөр чебери Патриция Пиччинини (Patricia Piccinini) айым таптакыр башка темага байланыштуу жараткан айкел экен.

Патриция Пиччинининин 2003-жылы көргөзмөгө коюлган «Булгаары пейзажы» (The Leather Landscape) эмгегинин толук көрүнүшү.

Дини мусулман болбогон Пиччинини айым био-этикалык көйгөйлөрдү көркөм өнөр кубаты аркылуу өзгөчөлөнтүп чагылдырууну жактырган сүрөткер экен. «Эгерде киши баласы өзүнүн киши катары сыймыгына, ардактуу милдетине шайкеш келбеген мамилеге кабыла берсе, башкача айтканда, табият мыйзамдары эске алынбай калса, анда бара-бара адамзаттын тукуму да, башка жаныбарлардын тукуму да мутацияга учурап кетиши мүмкүн. Андыктан ушулар тууралуу эмитеден ой жүгүртүп, акыл калчап, кишиге карата да, ар кандай макулуктарга карата да жасалчу жырткычтык мамилеге каршы туралы» деген ойду туюндуруу үчүн 2003-жылы уюштурулган көргөзмөгө айкелчи «Булгаары пейзажы» (The Leather Landscape) деген таң каларлык аталышы бар ушул чыгармасын койгон экен.

Аны исламдагы айрым түркөй дин үгүтчүлөрү карапайым жамаатты коркутуп-үркүтүү аркылуу намаз окууга тартуу максатында сүрөттүн авторунан уруксат да сурап отурбастан ар кыл тилдерде өз алдынча таркатып салышыптыр. Чыгарманы мындай бурмалоонун натыйжасында пайда болгон Кудай түшүнүгү азырга чейин баёо кишилердин аң-сезимин ууктуруп келген, мындан кийин да ууктура берет. Жараткан Кудай ушундай мыкаачылыкка Өзү жол ачат экен деген ойдон акыл-эси жабыркаган кишинин эркин ой жүгүртүүдөн, бактылуу жашоодон кол жууп калуусуна ким жооп берет?

Мындан кабары болгон соң, автор, Патриция Пиччинини айым, абдан капа болгондугун, мусулман дүйнөсүндөгү айрым түркөй үгүтчүлөр бул эмгектин маанисин таптакыр бурмалап, Йеменде, Оманда ж.б. өлкөлөрдө бир арап кызын «поп-музыканы угуп жатканы үчүн Кудай ушинтип жазалады» деп таратышканын да өз учурунда кейип жазыптыр:

“Чынында да бул жорук менин намысыма тийди, анткени ал мен айтайын деген ойдун теңирден тетирисин бериптир. Түп нускада мен макулук менен наристенин ортосундагы өз ара тартылууну чагылдыргым келген болчу. Ал эми динге байланыштырылган жасалма уламышта бул макулук кандайдыр бир жийиркеничтүү сыпатталыптыр. Сүйүүгө төнгөн карым-катнаш, бул иштин маңызы таптакыр ойрондолгон экен”.

Кыскасы, келечектеги дистопия (эбегейсиз зор мүшкүлдүн азабын чеккен коом же кырдаал) тууралуу сарсанааларды визуалдаштырган, оор учурда да сүйүүнү, адамгерчиликти унутпагыла деген сүрөткердин идеясын такыр түшүнбөстөн, өзүн диний үгүтчүмүн деп санагандар автордук укукту бузуп, жалганчылык кылышкан экен.

Көрсө, мындай үгүтчүлөр үчүн кишинин ар-намысына шек келтирбөө керектигин туу туткан түшүнүктү жеткирүүнүн ордуна, кандай жол менен болбосун мусулман кишининин намаз окуп калышын камсыздоо зор мааниге ээ болгон экен… Караңыздарчы, илим-билимден алыс, чындыкты каалагандай бурмалоого даяр киши элди эмнелерге гана азгырбайт?!. Айтмакчы, үгүтчүлөр таркаткан бул жалган маалыматты сынга алып чыккан макалалар Түркияда да жарык көрүүдө.

Артык кылам деп тыртык кылбайлы

«Кандай болсо да, жыйынтыгында көп киши намаз окуп калды го. Мунун эмнеси жаман?» деген күдүк ой деле пайда болушу мүмкүн. Бул жалган чүргөмөнү атайын соода-сатык максатында колдонуп, каймагын капчыгына урган шылуундар мусулман жамы журтунун ичинен айрым өтө ишенчээк жана караӊгы катмарынын тайкы түшүнүгүнөн пайдаланды го, чиркин!..

Чындыгында Кудай пенделеринин аң-сезимдүү түрдө сыйынуусун каалайт. Кудай эч качан Өзүнөн кандайдыр бир жырткыч жаныбардан корккон сыяктуу коркуубузду каалабайт. Коркууга таянган мамилени такыр эле каалабайт, түркөйлүккө негизденген мүңкүрөөнү талап кылбайт, адилет болууга, акыл-эстүү, чынчыл болууга чакырат.

Кызыгы, мындай бурмалоочу мазмундагы видео жана сүрөт материалдар эч азайбай, кийинки жылдары да чыгып турду. Баёо адамдарды ого бетер адаштыруучу бузукулар таптакыр окшошпогон нерселерге деле диний маңыз кийирип тарата беришти. Мисалы, ажыга барып келген бир кемпир «Каабаны тегеренип жылан сыяктуу сойлоп келдик» деп койгондугу үчүн ташка айланып калыптыр дегендей имишке ишендирүү үчүн таштан жасалган жыландын айкелинин сүрөтүн пайдаланышты.

«Алла» деп арапча жазылган аарынын уясы, помидордун уруктары, Австралиядагы же Африкадагы, айтор, фактыны текшерүү оӊой болбошу үчүн алысыраак жактагы козунун терисиндеги арапча «Алла» сөзүнө окшогон так сыяктууларды таркаткан жалганчылардын «үгүт баракчаларын» байма-бай эле көрүп калдык.

Булардын баары Кудайдын пенделерине эскертип, коркутуучу кадамдары катары бааланып жиберилди. Куранда сыпатталган табиятына караганда, Кудай мындай жосунсуз кадамдарга таптакыр барбайт. Мындайча айтканда, Кудай күнөөкөрдү жазалоону, сооптуу кишини сыйлоону адамдардын эркине да байланыштырган.

Болбосо, азыр эле коомчулуктун, ЖМКнын, ал түгүл бийликтин эч алы келбей жаткан кылмышкер, жемкор, «мыйзамдагы ууру», паракор жана башка жексурларды, оор учурда дарыны он эсе кымбаттаткандарды жана башкаларды көз алдыбызда эле Кудай чыңыртып алып кетип турбайт беле!

Кудай Өзүн пенделери таанып-билсин деп табият мыйзамдарын жараткандыгын, аларды жакшы билип, бактылуу жашоо, адилеттүүлүктү камсыздоо үчүн баарыбыз, ар бирибиз күрөшүүбүз зарыл экенин качан түшүнөбүз?..

Эң эле жөнөкөй мисал катары, адамдын организминдеги укмуштарды, табият мыйзамдарынын кынтыксыз иштеп жаткандыгын карап туруп эле Кудайдын бар экендигин билсек болот. Ошол эле кубулуштарды эволюциялык жол менен табигый түрдө келип чыкты деген пикирди таркаткан окумуштуулардын арасында бактылуу өмүр сүрүп, жүзгө чыккандар да бар экенин айта кетели.

Көз алдыбызда турган кереметтерди көрбөй, Кудайдын аарынын уясына өз изин, өз ысымын арап тилинде калтырганга аргасыз болгонуна ынанып кала турганчалык аң-сезими мокогон пендеден Жараткан Өзү анчейин үмүтү болбосо керек го дейм… Андыктан мындай окуяларды Кудайдын каардануусу, анын өзгөчө кадамы катары баалаганга эч кандай илимий негиз жоктугун жаш муундарга тынымсыз айтып туруу зарыл.

Келиңиздер, айрыкча жаш балдардын диний аң-сезимин калыптандырууда жети өлчөп, бир кесели. Мындай коркунучтуу, эч кандай илимий негизи жок түшүнүктөрдөн балдарды оолак кармайлы. Кудайды коркуунун эмес сүйүүнүн, айкөлдүктүн булагы катары кароо гана туура болот. Эң башкысы, бардык жаатта болгондой эле, диний жаатта да жазылгандын, айтылгандын бардыгы туура боло бербестигин эске алып, ошондой бир беткей маалыматты таркаткан үгүтчүнүн өзүнүн билим деңгээли кандай экендигин калыс баалай жүрсөк…

Элмурат Кочкор уулу, Түркиядагы Эржиес университетинин дин философиясы боюнча докторанты

 

Поделиться

Комментарии