Асан Жакшылыковдун феномени (Эссе)
- 20.11.2026
- 0
Мен алгач Асан ата менен 2024-жылдын октябрь айларында Бишкек шаарыбыздын борбордук жериндеги Айтматов атындагы китепканадан жолуктум. Адегенде көптөн бери телефон аркылуу сүйлөшүп турчумун. Насип буюруп акыры кезиктим.
Ага чейин үндөшкүчтөн (телефон): «Асан ата кайда күтүп турайын» деген элем. «Китепканада күтүп тур» деди.
Ахунбаев көчөсүнөн автобус тосуп алып, Тыныстанов көчөсүндөгү Чыңгыз Айтматов атындагы китепканага келип кирдим. Ичи жапжарык, жылуу-жумшак экен. Төр башындагы өзүнчө бөлмөгө кирсем Айтматовдун чыгармалары ушул бөлмөдө жайгашыптыр. Дароо кирип алып Айтматов жөнүндө жазылган «Ак жарыктын айыкпаган сыныгы» деген көлөмдүү китепти окуп отурдум.
Аңгыча Асан ата кирип келди. Көз алдыма Бакай ата келгендей болду. Үстөлгө отуруп кичине сүйлөшүп, мага «Залкарлар замандаштар» эсселер жыйнагына кол тамгасын коюп, жазып берди. Андан соң: «Сурооң болсо чалып тур» деди сыпайы. Ичимен ушундай сонун китепке ээ болгонума кубандым. Бул мага чоң олжо болду. Үйгө барып китепти окуп баштадым. Эң башкысы жөн жазылбай терең ой менен жазылган эсселер экен. Мага таң берди…
Анын сыңарындай Асан атанын чыгармаларында жеке адамдын гана кайгысы эмес, элдин тарыхы, руханий абалы жана келечеги тууралуу санаа күчтүү жазылыптыр. Поэзиясы улуттук дүйнөтааным жана элдин ар-намысы менен байланыштуу деп бааласа болот. Асан атанын чыгармаларында тоо, асман, суу, жаратылыш жөн гана фон эмес. Табият адамдын ички абалын ачкан руханий мейкиндикке айланат. Бул өзгөчөлүк анын философиялык поэзиясында өзгөчө байкалат.
Дагы бир «Асыл жар» деген поэмасы бар. Өзүнүн көзү өтүп кеткен жубайына арнап жазган экен. Бул жалпы кыргыз поэзиясында да, дүйнө поэзиясында да өтө сейрек кездешкен көрүнүш. Мына ошол эле Омор Султановдун «Сен жөнүндө поэма» деген дүйнөлүк классикага тең турган чыгарма десек болот.
Ырларын окуганда дүйнөлүк классиктер эске түштү. Романтикалык (лирикалык) ырларын окуганда Шиллерге, ыр менен жазылган романы «Мээримди» окуганда Пушкинге, аңгемелеринде Чеховго окшоштургам. Анткени Асан ата адабият жанрындагы проза, поэзияда, драмада үзүрлүү эмгеги сиңген.
Ошол эпикалык жанрдагы «Мээрим» романы 1987-жылы жарык көргөн, кыргыз адабиятында кара сөз менен эмес, ыр түрүндө жазылган уникалдуу эпикалык чыгармалардын бири. Көп тарамдуу чыгарма, совет элинин бекем достугун Улуу Ата Мекендик согуштун сабагы аркылуу көрсөтүп, жаркын балалыктан башталган адам өмүрүнүн, күндөрү күлүк жашоонун не бир кайталангыстыгын автор ары элпек поэтикалык тил менен сүрөттөп берет.
Адабиятчылардын баамында, бир нече катмардан турган кейипкерлердин ички дүйнөсү, социалдык-коомдук чөйрө жана философиялык-адептик тереңдик. Кээ бир изилдөөчүлөр анын масштабын жана таасирин Л.Толстойдун «Согуш жана тынчтык» эпопеясы менен салыштырып келишет.
«Мээрим» романын тематикасы: адамгерчилик, мээрим, адеп-ахлак, коомдогу жана табияттагы гармония, замандаштардын турмушу жана адамдын жан дүйнөсүндөгү улуу сезимдери чагылдырган.
Асан Жакшылыков кыргыз элинин тарыхый эс тутумун, дүйнө таанымын жана салттуу баалуулуктарын терең талдаган. Анын «Эс тутум», «Кыргыз жолу» жана «Кыргызчылык» аттуу үч томдук фундаменталдуу эсселери улуттук өзгөчөлүктү сактоого багытталган олуттуу эмгектер болуп эсептелет.
«Манас» эпосунун философиясын, айрыкча Сагымбай Орозбаковдун вариантын элге жайылтууга жана изилдөөгө зор салым кошкон.
А.Жакшылыковдун жалпы чыгармачылыгын карай турган болуп тыянак чыгарсак, улуттук тамырдан азыктанып, жалпы адамзаттык баалуулуктарды даңазалаган акын-философ жана энциклопедиялык деңгээлдеги калемгер. Анын чыгармачылыгы кыргыз элинин руханий өзөгүн бекемдөөгө, тил байлыгын сактоого жана келечек муунду ыйманга тарбиялоого кызмат кылган бүтүн бир мектеп болуп эсептелет.
Эрбол Жаныбеков, Ысык-Көл районундагы академик Аман Мамытов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 10-классынын окуучусу, кыргыз эл жазуучусу Абдиламит Матисаковдун мектебинин мүчөсү.