ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ АТТЕСТАЦИЯЛАРДЫН МӨӨНӨТҮ БЕЛГИЛҮҮ БОЛДУ

  • 15.05.2023
  • 0

ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ АТТЕСТАЦИЯЛАРДЫН МӨӨНӨТҮ БЕЛГИЛҮҮ БОЛДУ

Буйрук № 1088/1 от 23.03.2023

Кыргыз Республикасынын негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча 2022-2023-окуу жылында жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын өткөрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 939/1 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бардык типтеги жана менчик түрүндөгү жалпы билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын өткөрүү жөнүндө Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын бардык типтеги жана менчик түрүндɵгү жалпы билим берүү уюмдарында 2022-2023-окуу жылын уюшкандыкта аяктоо максатында буйрук кылам:

  1. 2022-2023-окуу жылы Кыргыз Республикасынын бардык типтеги жана менчик түрүндɵгү жалпы билим берүү уюмдарында 2023-жылдын 25-майында аякталсын.
  2. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын өткөрүүнүн төмөнкү мɵɵнɵттɵрү жана түрлɵрү бекитилсин:

2.1. Окутуу кыргыз, орус, ɵзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын 9- класстарынын бүтүрүүчүлөрү үчүн

2-июндан 19-июнга чейин беш предметтен, анын ичинен 4 милдеттүү жана 1 тандоо боюнча:

— математикадан/алгебрадан (комплекстүү тест жазуу түрүндө) — 2-июнда;

— эне тилинен (дилбаяндын элементтери менен баяндама)  — 7-июнда;

— кыргыз тилинен (орус, өзбек жана тажик тилинде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, комплекстүү тест жазуу түрүндө) — 12-июнда;

— Кыргызстандын тарыхынан (оозеки) — 15-июнда;

— тандалган предмет боюнча (сабакты (сабактарды) тереңдетип окуткан мектеп — лицейлер, мектеп — гимназиялар, окуу — тарбиялык комплекстер, эксперименттик аянтчасы бар мектептер үчүн профилдик предмет боюнча базалык көлөмдөн тышкары өтүлгөн темаларын, бөлүмдөрүн эске алуу менен кошумча сынакты жана анын өткөрүү убактысын жалпы билим берүү уюму өз алдынча белгилейт).

2.2. Окутуу кыргыз, орус, ɵзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын 11-класстарынын бүтүрүүчүлөрү үчүн 2-июндан 20-июнга чейинки убакытта беш предметтен, анын ичинен 4 милдеттүү жана 1 тандоо боюнча:

— эне тили жана адабиятынан (эссе) -2-июнда;

— математикадан/алгебрадан (комплекстүү тест жазуу түрүндө) — 7-июнда;

— Кыргызстандын тарыхынан (оозеки) -12-июнда;

— кыргыз тилинен (орус, өзбек жана тажик тилдеринде окутулган класстарда) жана/же орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, комплекстүү тест жазуу түрүндө) -16-июнда.

— тандалган предметтер боюнча (сабакты (сабактарды) тереңдетип окуткан мектеп-лицейлер, мектеп-гимназиялар, окуу-тарбиялык комплекстер, эксперименттик аянтчасы бар мектептер үчүн профилдик предмет боюнча базалык көлөмдөн тышкары өтүлгөн темаларын, бөлүмдөрүн эске алуу менен кошумча сынакты жана анын өткөрүү убактысын жалпы билим берүү уюму өз алдынча белгилейт).

  1. 9-жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү үчүн 2023-жылдын 15-майынан баштап 24-майына чейин сабактан тышкаркы убакта “Дене тарбия” предмети боюнча зачет өткөрүлсүн.
  2. Жазуу түрүндɵ өткөрүлүүчү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы саат 9.00дɵ башталсын.
  3. Кыргыз Билим берүү академиясына (Н.К. Дюшеева), Улуттук билим берүү сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар борборуна

(Б.С. Шамшидинова) 2023-жылдын 27-мартына чейин жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы өткөрүүлүчү предметтер боюнча сынак материалдарын иштеп чыгып, бекитилсин.

  1. Райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жана жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине:

— жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын ɵткɵрүү боюнча даярдыктын жүрүшүндɵ мугалимдерге усулдук жардам берилсин;

—  жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынын ɵткɵрүлүшүнɵ жана жыйынтыктарын жалпылаштырууга кɵзɵмɵл жүргүзүлсүн.

  1. Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясатынын башкармалыгы (К.К. Акматов) жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынын өткөрүлүшүн көзөмөлгө алсын.
  2. Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмү (Б.М. Мураталиева) жазуу түрүндɵ өткөрүүлүчү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынын сынактык материалдарын даярдоо үчүн өз убагында каржыласын.
  3. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын өткөрүү үчүн чыгымдардын сметасы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  4. Мамлекеттик сатып алуу жана инфракструктура бөлүмү

(А.К. Эсенаманов) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын негизинде конкурстук сатып алууларды өткөрсүн.

  1. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону министрдин орун басары Т.А. Ашымбаевага жүктөлсүн.
Бөлүшүү

Комментарийлер