«ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ» ЖАНА «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ» КОНКУРСУНУН ЖОБОСУ

  • 18.01.2024
  • 0

«ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ» ЖАНА  «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ» КОНКУРСУНУН ЖОБОСУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН

«Жылдын мыкты мугалими» жана
«Жылдын мыкты тарбиячысы»
республикалык конкурстарын өткөрүү жөнүндө

БУЙРУГУ

 

16.01.2024. №50/1

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Ар жылдык «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» республикалык конкурстарын өткөрүү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу» 2023-жылдын 22-декабрындагы №703 токтомун ишке ашыруу максатында буйрук кылам:

  1. Бишкек шаардык билим берүү департаментинин, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын, облустук билим берүү институттарынын, усулдук билим берүү борборлорунун, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери:

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Ар жылдык «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» республикалык конкурстарын өткөрүү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу» 2023-жылдын 22-декабрындагы №703 токтому менен бекитилген республикалык конкурстарынын жоболорун кылдаттык менен карап чыгып, аткарууга алсын;

— мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» республикалык конкурстарынын жоболорунун жеткирилишин камсыздасын.

  1. Кыргыз билим берүү академиясы (Н.К.Дюшеева):

— 2023-жылы Дүйнөлүк банктын долбоору менен иштелип чыккан «Билим берүү илимдерине байкоо жүргүзүү» Улуттук инструментинин көрсөтмөсүн аппробациялоодон өткөрүп, «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» республикалык конкурстарынын жоболоруна ылайык адаптациялоо иш-аракеттерин 2024-жылдын 7-мартына чейин жүргүзсүн;

— Зарыл болгон учурда тиешелүү багытта иш алып баруу үчүн республиканын аймактарынан педагогикалык кызматкерлерди жумушчу топко тартсын.

  1. Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борбору (Ч.Э.Батракеева) жана Билим берүү сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору (Б.С. Шамшидинова) «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» республикалык конкурстарынын 4-этабынын «Педагогикалык кырдаалдар» туруна педагогикалык иштин моделдери тууралуу жана предметтик тесттерди даярдоо боюнча тиешелүү иш-чараларды биргелешип камсыздашсын.
  2. «Кут Билим» медиа борбору (К.Чекиров):

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Ар жылдык «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» республикалык конкурстарын өткөрүү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу» 2023-жылдын 22-декабрындагы №703 токтомун тиешелүү булактарда жарыялоону камсыздасын.

  1. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары М.У. Касымалиевге жүктөлсүн.

Министр          Д.Ш. Кендирбаева

                                                                      1-тиркеме

Ар жылдык  «Жылдын мыкты мугалими» республикалык

конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө

жобо

 

1-глава. Жалпы жоболор

 

  1. Бул жобо «Жылдын мыкты мугалими» республикалык конкурсун (мындан ары – конкурс) өткөрүү тартибин аныктайт, конкурстун түзүмүн белгилейт, конкурстук сыноолордун форматын, регламентин, баалоо критерийлерин, катышуучулардын, калыстар тобунун жана эсептөө комиссиясынын курамына талаптарды, материалдарды берүү тартибин жана мөөнөттөрүн, конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо тартибин аныктайт.
  2. Конкурс билим берүү программаларын жаңылоо боюнча мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын педагогикалык курамынын чыгармачылык ишин өнүктүрүүгө, билим берүү процессин уюштурууда жаңы технологияларды колдоого, педагогикалык кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, коомдо билим берүүнүн артыкчылыктарын бекитүүгө багытталган.
  3. Конкурстун негизги принциптери болуп жол-жоболордун айкындуулугу, ачыктыгы жана анын бардык катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу саналат.
  4. Конкурс төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:
  • гран-при «Жылдын мыкты мугалими»;
  • башталгыч класстардын мыкты мугалими;
  • кыргыз тили жана адабиятынын мыкты мугалими;
  • орус тили жана адабиятынын мыкты мугалими;
  • мыкты математика мугалими;
  • мыкты тарых мугалими;
  • «Адам жана коом» предмети боюнча мыкты мугалим;
  • мыкты чет тили мугалими;
  • мыкты физика/астрономия мугалими;
  • мыкты информатика мугалими;
  • мыкты химия мугалими;
  • мыкты география мугалими;
  • мыкты биология мугалими;
  • «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча мыкты мугалим;
  • мыкты музыка мугалими;
  • мыкты дене тарбия мугалими;
  • көркөм-сүрөт искусствосу боюнча мыкты мугалим;
  • аскерге чейинки даярдык боюнча мыкты мугалим.
  1. Ар жылдык республикалык «Жылдын мыкты мугалими» конкурсунун уюштуруучусу болуп Кыргыз билим берүү академиясынын, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун, Билим берүү сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борборунун Билим берүүнү баалоо жана окутуу методикалык борборунун жана башка кызыкдар уюмдардын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги саналат.

 

2-глава. Конкурстун максаттары жана милдеттери

 

  1. Конкурстун максаты болуп башталгыч, негизги, жалпы орто билим берүү уюмдарынын мамлекеттик жана муниципалдык жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүү жолу менен билим берүү процессинин сапатын жакшыртууга багытталган кадр саясатын ишке ашыруу үчүн алдынкы педагогикалык идеяларды берүү жана жайылтуу көндүмдөрүнө жана жөндөмдөрүнө, билим берүүдө заманбап билим берүү технологияларын жана методикаларын пайдалануу боюнча натыйжалуу практикаларга ээ таланттуу, чыгармачыл педагогдорду аныктоо болуп саналат.
  2. Конкурстун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
  • мугалимдердин социалдык статусун жана кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу;
  • мугалимдик кесипти жайылтуу;
  • билим берүүнү өнүктүрүүнүн заманбап тенденцияларына ылайык жалпы билим берүү уюмдарынын мыкты мугалимдеринин алдынкы инновациялык педагогикалык тажрыйбасын жайылтуу;
  • билим берүү уюмдарын ар тараптуу өнүктүрүүгө мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тартуу.

 

3-глава. Конкурсту өткөрүү этаптары жана мөөнөттөрү

 

  1. Конкурс жыл сайын өткөрүлөт жана төмөнкү этаптардан турат:

1) биринчи этап – мектеп ичиндеги, жыл сайын 1-февралдан
1-мартка чейин жалпы билим берүү уюмунун бекитилген графигине ылайык окуу жылынын ичинде өткөрүлөт;

2) экинчи этап – райондук/шаардык, жыл сайын 2-марттан
20-апрелге чейин райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн иш планына ылайык окуу жылынын ичинде өткөрүлөт;

3) үчүнчү этап – облустук/шаардык, жыл сайын  21-апрелден
25-майга чейин облустук институттар, методикалык билим берүү борборлору, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана Бишкек шаардык билим берүү департаменти тарабынан белгиленген графикке ылайык өткөрүлөт;

4) төртүнчү этап – финалдык (республикалык), жыл сайын
1-октябрдан 5-октябрга чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өткөрүлөт.

 

4-глава. Конкурстун катышуучулары

 

  1. Конкурска жалпы билим берүү уюмунда төмөнкү предметтер боюнча үч жылдан кем эмес иштеген мугалимдер катыша алат:
  • башталгыч класстардын мугалими;
  • кыргыз тили жана адабияты мугалими;
  • орус тили жана адабияты мугалими;
  • математика мугалими;
  • тарых мугалими;
  • «Адам жана коом» предмети боюнча мугалим;
  • чет тили мугалими;
  • физика жана астрономия мугалими;
  • информатика мугалими;
  • химия мугалими;
  • география мугалими;
  • биология мугалими;
  • «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча мугалим;
  • музыка мугалими;
  • дене тарбия мугалими;
  • көркөм-сүрөт искусствосу боюнча мугалим;
  • аскерге чейинки даярдык мугалими.

 

5-глава. Конкурсту өткөрүү форматы

 

  1. Ар бир жалпы билим берүү уюму конкурстун биринчи этабын өткөрүү жол-жобосун өз алдынча аныктайт жана анын жыйынтыгы боюнча мектептин педагогикалык кеңешинин чечими менен директор райондук/шаардык билим берүү бөлүмүнө конкурстун экинчи этабына катышууга билдирме берет жана райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү тарабынан белгиленген мөөнөттө жалпы билим берүү уюмунан катышуучулардын тизмесин жиберет. Арызга кесиптик портфолио (электрондук вариант) тиркелет, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) конкурстун катышуучусунун анкетасы (эркин формада);

2) катышуучунун визиттик карточкасы (видеопрезентация формасында), анда катышуучу өзүнүн ишин, чыгармачылык изденүүлөрүн ишке ашырууну, педагогдун кесиптик өсүшүн, кесиптик активдүүлүгүн, билим берүүнү өнүктүрүүгө кандай жаңылыктарды алып келери көрсөтүлгөн педагогикалык кредо камтылат. Видеоматериалдын сапаттуу сүрөттөлүшү жана үн коштоосу болушу керек, 5 мүнөттөн ашпоого тийиш;

3) программанын максаттары жана милдеттери, окуучулардын компетенттүүлүгүн калыптандыруунун инновациялык методикалары, окутуунун жаңы технологиялары, окутуунун болжолдонгон натыйжалары, окуу-билим берүү процессинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу камтылган түшүндүрмө каты менен билим берүү программасы;

4) материалдардын түзүмдөштүрүлгөн санариптик (электрондук) комплексин камтыган билим берүү программасын ишке ашыруунун методикалык кейси: ченемдик-укуктук документтерди талдоо (билим берүү программасын түзүүдө педагог таянган ченемдик документтер), өзүнүн мыкты тажрыйбаларынын мисалдары, өзүнүн автордук программаларынын бар экендиги колдоого алынат, дидактикалык, көрсөтмө материалдар, социалдык тармактарда, окуу куралдарында, жыйнактарда ж.б. жарыяланган материалдар.

  1. Райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү тарабынан өткөрүлүүчү конкурстун экинчи этабына ушул жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл документтерди берген бардык катышуучулар киргизилет жана автоматтык түрдө конкурстун экинчи этабынын катышуучулары болуп эсептелет. Райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү билим берүү жана илим жаатындагы көз карандысыз эксперттерден, кызыкдар адамдардан жана коомчулуктан комиссия түзөт. Комиссия арыздарды карайт жана экинчи этапка катышуу үчүн эң ылайыктуу талапкерлерди тандайт. Конкурстун экинчи этабынын тандалып алынган катышуучулары окуткан сабагынын (ачык сабактын) видеофрагментин жөнөтүшөт. Сабактын видеофрагментинде конкурсанттын Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын (мындан ары – Мамстандарт) талаптарын ишке ашырууга багытталган санариптик технологияларды жана инновациялык методикаларды колдонуусун камтыган сабактын фрагментинин демонстрациясы камтылууга тийиш. Комиссиянын баалоосунун жыйынтыгы боюнча сабактардын эң жакшы фрагменттерин жиберген катышуучулар мамлекеттик стандартка ылайык мектепте кошумча сабак өтүшөт жана сабакка өз алдынча анализ беришет (5 мүнөттөн ашык эмес). Баалоо инструменти апробациялоодон өткөндөн кийин конкурстун экинчи этабы башталганга чейин конкурсту баалоо инструменти Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен бекитилет. Конкурстун үчүнчү этабына сабакты баалоонун жыйынтыгы боюнча жогорку балл алган катышуучуларга уруксат берилет.
  2. Конкурстун үчүнчү этабына сабакты баалоонун жыйынтыгы боюнча жогорку балл алган катышуучуларга уруксат берилет. Конкурстун үчүнчү этабын облустук институттар, билим берүүнүн методикалык борборлору, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана Бишкек шаардык билим берүү департаменти тарабынан билим берүү жана илим жаатындагы көз карандысыз эксперттерден турган комиссиялар түзүлөт, алар конкурстун үчүнчү этабын өткөрүү тартибин жана конкреттүү мөөнөттөрүн белгилейт, аны өткөрүү жол-жобосун аныктайт, калыстар тобунун курамын жана алардын ишинин регламентин бекитет. Конкурстун үчүнчү этабынын катышуучулары комиссияга жалпы билим берүү уюмунда окутулуп жаткан предмет боюнча катышуучунун педагогикалык концепциясын коргоого багытталган чыгармачыл өзүн-өзү презентациялоону беришет. Өзүн-өзү баалоо жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган катышуучу республикалык конкурстун кийинки этабына өтөт. Конкурстун үчүнчү этабынын жыйынтыгы боюнча ар бир облустан ушул жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн ар бир предмет боюнча он жети катышуучу аныкталат.
  3. Облустук институттар, билим берүүнүн методикалык бөлүмдөрү, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти жана Ош шаарынын Билим берүү башкармалыгы конкурстун үчүнчү этабынын жыйынтыгы боюнча жыл сайын
    10-сентябрга чейин катышуучулардын төмөнкү документтерин жана материалдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин электрондук дарегине жиберет:

1) үлгү боюнча сунуш (1-форма);

2) конкурстун финалынын катышуучусунун үлгү боюнча арызы
(2-форма);

3)  конкурстун маалыматтык картасы  (конкурстун финалынын сайтында электрондук түрдө толтурулат (3-форма);

4) конкурстун финалистинин техникалык талаптарга ылайык түзүлгөн видеобаяны (4-форма);

5) «Жылдын мыкты мугалими» республикалык конкурсунун региондук этабынын уюштуруу комитетинин жыйналышынын протоколунан көчүрмө (5-форма);

6) финалисттин паспортунун скан-көчүрмөсү, финалисттин эмгек китепчесинин скан-көчүрмөсү (биринчи ачылган барагы жана учурдагы иштеген жери тууралуу маалымат барагы).

  1. Өтүнмөлөрдү кабыл алуу жана чогултуу, ошондой эле конкурстун республикалык этабынын финалын өткөрүү үчүн зарыл болгон жол-жоболорду уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан конкурстун оператору жана уюштуруу комитети (мындан ары – Уюштуруу комитети) аныкталат жана бекитилет. Оператор конкурстун төртүнчү республикалык этабынын катышуучуларынын акыркы тизмелик курамын түзөт. Финалисттердин курамын Уюштуруу комитети бекитет.
  2. Тариздөө талаптарын бузган финалисттердин документтери жана катышуучулардын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин электрондук дарегине
    10-сентябрга чейин жөнөтүлбөгөн документтери каралбайт.

 

6-глава. Конкурстун финалынын конкурстук сыноолорунун түзүмү, форматы, аларды өткөрүүнүн регламенти, баалоо тартиби жана критерийлери

 

  1. Конкурстун финалы үч тур менен өтөт. Бардык турлардагы конкурстук иш-чаралар катышуу форматында өткөрүлөт жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтында жана социалдык тармактарындагы баракчаларында, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында көрсөтүлөт.
  2. Биринчи тур – «Педагогикалык кырдаалдар», өзүнө педагогикалык иштин моделдерин билүүсүнө жана ар кандай педагогикалык кырдаалдар менен маселелерди чечүүсүнө тесттик сыноолорду камтыйт. Педагогикалык иштин моделдерин билүүсүнө тест отуз суроодон турат. Тесттик тапшырмалардан өтүү үчүн максималдуу балл – 30 балл. Жыйынтыктоочу баллды көрсөтүү менен натыйжа конкурстун катышуучусуна ошол эле күнү тесттен өткөн жери боюнча берилет. Ар кандай педагогикалык кырдаалдар менен тапшырмалар катышуучулардын методикалык, психологиялык-педагогикалык жана коммуникативдик сабаттуулукту колдонуу менен кырдаалдарды чечүү жөндөмдүүлүгүн аныктоону камсыз кылуучу үч суроодон турат. Конкурстан өтүү үчүн максималдуу балл – 30 балл. Биринчи турдан өтүү үчүн жалпы максималдуу балл – 60 балл.

Конкурстук сыноонун максаты – конкурсант тарабынан өз алдынча түшүнүлгөн педагогикалык принциптерди жана билим берүүгө ыкмаларды көрсөтүү; ата мекендик педагогиканын тажрыйбасын өзүнүн кесиптик тажрыйбасы менен айкалыштыруу жөндүмдүүлүгү; мугалимдин педагогикалык кырдаалдарды чечүү жолун табуу көндүмү жана жөндөмдүүлүгү.

Тест убагында техникалык каражаттарды колдонууга жол берилбейт.

Биринчи турду баалоо критерийлери:

– предметтерди билүүсүнө тесттик тапшырмаларды баалоо – ар бир туура жооп үчүн бир баллдан ыйгарылат;

– педагогикалык кырдаалдарды чечүүсүнө тестти баалоо – төмөнкү критерийлер боюнча бааланат: теманы ачуунун тереңдиги, деңгээли жана тарбиялык баалуулугу; методикалык жана психологиялык-педагогикалык сабаттуулугу; баалуулук багыттары жана жеке позициясы; практикада колдонулушу; катышуучунун жазуу жүзүндөгү жообунда баяндалган универсалдуу педагогикалык иш-аракеттердин түзүлүүсү.

  1. Биринчи турдун жыйынтыгы боюнча катышуучуга биринчи турдун калыстарынын мүчөлөрү тарабынан ар бир конкурстук сыноо үчүн ага эсептелген орточо арифметикалык баллдын суммасын билдирген баа коюлат. Конкурстун финалдык этабынын биринчи турунун жыйынтыгы боюнча максималдуу балл – 60 балл.
  2. Биринчи турдун жыйынтыгы боюнча 40тан 60ка чейинки балл алган катышуучулар экинчи турга жиберилет.

20 Экинчи тур – «Мастер-класс».  

Экинчи турдун максаты – конкурсант тарабынан мектеп окуучуларын тарбиялоодо жана социалдаштырууда кесиптик-инсандык компетенцияларын көрсөтүү. Конкурстук сыноонун форматы – конкурсант уюштуруу комитети тарабынан аныкталган жалпы билим берүү уюмдарынын биринде калыстардын мүчөлөрүнүн катышуусунда окуучулардын саны 15тен 20га чейин болгон тааныш эмес аудиторияда мастер-класс өткөрөт. Мастер-класс окуучулар менен иштөөнүн жеке формаларын көрсөтө алат. Мастер-класс үчүн  темаларды конкурсант окуткан предметине жана окутуу тилине жараша өз алдынча тандайт.

Конкурстук сыноонун регламенти: окуучулар менен иштөө – 20 мүнөткө чейин; калыстардын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооптор –10 мүнөткө чейин. Темалар талкуулана турган курактык топ (мындан ары – класс) конкурсант тарабынан чүчү кулак жолу менен тандалат. Конкурстук сыноо үчүн максималдуу баа – 40 балл.

Конкурстук сыноонун баалоо критерийлери:

–       методикалык компетенттүүлүк: формасынын, мазмунунун, методдорунун жана жолдорунун окуучулардын курагына ылайык келиши;

–        классты тандалган окуу материалына жана иштөө формаларына кызыктыра алуу.

–        уюштуруунун оригиналдуугу жана тематиканын мазмунун тандоо;

–        мастер-класс ичинде балдардын кызыгуусун кармай билүү;  

–        топто балдардын өз ара аракеттенүүсүн/кызматташуусун уюштура билүү;

–        мастер-класс убагында балдардын активдүүлүгүн жана демилгелүүлүгүн эсепке алуу жана колдоо;

–         тандап алынган теманын актуалдуулугу жана мастер-класстын мазмуну.

Экинчи турдун жыйынтыгы боюнча катышуучуга калыстардын мүчөлөрү тарабынан конкурстук сыноо үчүн эсептелген орточо арифметикалык баллдын суммасын билдирген баа коюлат. Экинчи турдун жыйынтыгы боюнча максималдуу балл – 40 балл.

Эки турдун (биринчи жана экинчи тур) суммасы боюнча 70тен 100гө чейин балл алган конкурсанттар үчүнчү турга жиберилет.

  1. Үчүнчү тур – «Сабак» конкурстук сыноосу. Конкурстук сыноонун максаты – катышуучу сабакты даярдоодо, өткөрүүдө жана талдоодо окуу-тарбиялоо процессин жана окуучулардын окуу ишин уюштуруунун негизги формасы катары өзүнүн кесиптик көндүмдөрүн көрсөтөт.

Конкурстук сыноонун форматы – катышуучу уюштуруу комитети тарабынан турду өткөрүү аянтчасы катары бекитилген жалпы билим берүү уюмунда өткөрүлүүчү окуу предмети боюнча сабак. Бирдей багыттагы катышуучулардын чыгуу ырааттуулугу чүчү кулак жолу менен аныкталат жана ошол эле учурда катышуучу чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча туш келген класста сабак өтөт. Сабактын темасы календарлык-тематикалык пландоого жана тиешелүү предмет боюнча жумушчу программасына ылайык анын жалпы билим берүү уюмунун тиешелүү классында иш жүзүндө аткарылышын эске алуу менен аныкталат.

Конкурстук сыноонун регламенти – берилген темага жана сабактын максаттуу багыттарына ылайык методикалык ыкмаларды, ыктарды жана технологияларды колдонууну негиздөө – 5 мүнөткө чейин; сабакты өтүү – 35 мүнөт; сабакты жеке талдоо жана калыстардын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берүү – 10 мүнөт. Конкурстук сыноо үчүн максималдуу баа – 60 балл.

Конкурстук сыноону баалоо критерийлери:

– методикалык жана психологиялык-педагогикалык сабаттуулук;

– предметтик мазмунду түшүнүүнүн тууралыгы жана тереңдиги;

– максатка багыт алуу жана натыйжалуулук;

– кесиптик милдеттерди чечүүгө чыгармачылык мамиле жасоо;

– коммуникациялык маданият;

– рефлексивдүү маданият.

  1. Конкурстун финалдык (республикалык) этабынын үч турунун жыйынтыгы боюнча бирдей балл алган конкурсанттар кошумча сыноого жиберилет. «Мугалимге сөз» сыноосу конкурстун финалдык этабынын чоң калыстарынын жана катышуучулардын катышуусунда уюштуруу комитети тарабынан бекитилген аянтчада эл алдында чыгып сүйлөө мүмкүндүгүн берет.

«Мугалимге сөз» сыноосунун регламенти – 3 мүнөт. Калыстардын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берүү – 5 мүнөт.

Кошумча сыноону баалоо тартиби – сыноону баалоо чоң калыстар тарабынан катышуу менен жүргүзүлөт. Баалоо үч критерий боюнча жүргүзүлөт:

– ата мекендик билим берүүнү өнүктүрүү тенденцияларын жана мамлекеттик билим берүү саясатынын маселелерин түшүнүү;

– ой жүгүртүүлөрдүн тереңдиги жана стандарт, сунушталган чечимдердин негиздүүлүгү жана реалдуулугу;

– билдирген жеке позициясы жана коммуникативдик маданияты.

Конкурстук сыноо үчүн максималдуу баалоо – 10 балл.

 

7-глава. Калыстардын курамы

 

  1. Конкурстун финалында конкурстук сыноолорду баалоо курамына билим берүү чөйрөсүндөгү бир жүз он тогуздан кем эмес эксперт кирген калыстар тобу тарабынан жүргүзүлөт. Калыстардын курамы жыл сайын 15-сентябрга чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан түзүлөт жана бекитилет. Конкурстун финалдык (республикалык) этабынын калыстарынын курамына кабыл алуу жөнүндө кулактандыруу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтында жана социалдык тармактарындагы расмий баракчаларында конкурстун финалдык этабы башталганга чейин 10 күн калганда (жыл сайын 5-сентябрда) жайгаштырылат. Калыстар тобунун ар бир тобуна катышуучу окуткан предмет (предметтик чөйрө) боюнча кеминде бир эксперт кирет.

Калыстардын курамына көрсөтүү үчүн тандоо критерийлери жана формалдуу негиздери болуп төмөнкүлөр саналат: азыркы убакта кесиптик билим берүү уюмунда, кошумча кесиптик билим берүү уюмунда иштөөсү; жана (же) «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими», «Билим берүүнүн ардактуу кызматкери», «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» ардактуу наамдарынын болушу жана (же) «Педагогика» илимий адистиктеринин тобунун илимий адистиги жана (же) конкурстун финалынын катышуучулары окуткан тиешелүү предметтер (предметтик багыттарга) боюнча окумуштуулук даражасынын болушу; жана (же) акыркы үч жыл ичиндеги жыйынтыктоочу “Жылдын мыкты мугалими” конкурсунун жеңүүчүсү. Калыстардын мүчөлөрүнө бардык талапкерлер тиешелүү документтерди (дипломдорду, сертификаттарды ж.б.) берет.

Бардык конкурстук сыноолорду баалоо үчүн төрт калыстар тобу түзүлөт: чоң калыстар тобу жана үч калыстар тобу, алар финалдык  конкурстун үч түрүн баалоо үчүн жооптуу болот. Калыстар тобунда «Педагогикалык кырдаалдар», «Мастер-класс» жана «Сабак» конкурстук сыноолорун баалоо үчүн калыстар топтору предметтер аралык негизде түзүлөт.

Ар бир калыстар тобунун курамына конкурстун финалынын катышуучуларынын тиешелүү тобунун курамына кирген конкурсант окуткан предмет боюнча (предметтик чөйрө) боюнча адистешкен кеминде бир эксперт, жалпы билим берүү уюмдарында окуган бүтүрүүчү класстардын үчтөн кем эмес окуучусу, жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окугандардын арасынан үчтөн кем эмес студент жана кеминде бир коомдук өкүл кирет.

Чоң калыстардын курамы билим берүүдөгү эксперттердин арасынан он экиден кем эмес жана 25тен ашпаган адистен турат:

– педагогикалык психология жаатындагы бир адис;

– мурдагы 3 жылдын «Жылдын мыкты мугалими»  конкурсунун жеңүүчүлөрү;

– экинчи жана үчүнчү турлардын калыстарынын төрагалары.

Конкурстук сыноолордун экинчи жана үчүнчү турларын баалаган калыстар тобу чоң калыстарга отчет берет.

Конкурстук сыноолордун жыйынтыгы боюнча конкурстун финалынын катышуучуларына эсептелген баллды эсептөөнү уюштуруу, жыйынтыктоочу баалоо ведомостторун даярдоо, чүчү кулак кармоону жана конкурстук жол-жоболордун сакталышын контролдоо үчүн эсептөө комиссиясы түзүлөт, анын курамы уюштуруу комитети тарабынан бекитилет.

Конкурстун финалынын калыстарынын бардык мүчөлөрү бирдей укуктарга ээ. Калыстардын ар бир мүчөсү бир добушка ээ жана катышуучулардын конкурстук сыноолордогу сүйлөөлөрдү баалоо боюнча өз алдынча чечим кабыл алууга укуктуу. Калыстардын башка мүчөлөрү үчүн баалоого жол берилбейт.

Конкурстун калыстарынын мүчөлөрү жана конкурстун уюштуруучулары расмий жарыяланганга чейин кандайдыр бир маалыматты жайылтууга укугу жок жана конкурстук материалдарды тандоодо жана кароодо добуш берүүнүн сырын сактоого милдеттүү.

Калыстардын корутундуларынын мазмуну купуя маалымат болуп саналат жана ачыкка чыгарылууга тийиш эмес.

 

8-глава. Конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо тартиби

 

  1. Конкурстун катышуучуларын жана жеңүүчүсүн сыйлоо уюштуруу комитети тарабынан бекитилген аянтчаларда салтанаттуу иш-чаралардын алкагында өткөрүлөт. Конкурстун финалынын бардык катышуучулары дипломдор жана «Жылдын мыкты мугалими» төш ​​белгилери менен сыйланат. Конкурстун үч турунун жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган катышуучу гран-принин ээси болуп саналат. Ошондой эле конкурстун республикалык этабынын үч турунун жыйынтыгы боюнча кыйла жогорку балл алган катышуучулар «Билим берүүнүн отличниги» ведомстволук сыйлыгы менен сыйланат. Кыргыз Республикасындагы ар жылдык «Жылдын мыкты мугалими» республикалык конкурсунун жеңүүчүлөрү ушул Жобонун 4-пунктуна ылайык тиешелүү номинациялар боюнча сыйлыктарды алышат. Гран-при жеңүүчүсү болуп аныктала турган мугалим сыйлык катары батир алат.
  2. Калыстардын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ыраазычылык каттары менен сыйланат.
  3. Ар жылдык «Жылдын мыкты мугалими» республикалык конкурсунун жыйынтыгын чыгаруу жана сыйлоо аземи 5-октябрда кесиптик майрам – Эл аралык мугалимдердин күнүнүн алдында өткөрүлөт.
  4. «Жылдын мыкты мугалими» сыйлыктарын бир эле адамга кайрадан ыйгарууга жол берилбейт.

 

9-глава. Конкурсту каржылоо

 

  1. Конкурстун гран-при жеңүүчүсүнө батирди тапшыруу жана «Жылдын мыкты мугалими» номинациясындагы сыйлыктарды тапшыруу Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан жүзөгө ашырылат, ошондой эле «Жылдын мыкты мугалими» республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жыл сайын борборлоштурулуп жүргүзүлөт.

Конкурстун катышуучуларынын иш сапардык чыгымдары демөөрчүлүк же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

Демөөрчүлөр, башка уюмдар жана жеке адамдар өздөрүнүн жеке сыйлыктарын жана белектерин белгилей алышат.

 

 

1-форма

 

Ар жылдык «Жылдын мыкты мугалими» республикалык конкурсун уюштуруу комитетине

 

Сунуш

 

Ар жылдык «Жылдын мыкты мугалими» республикалык конкурсунун финалдык этабына катышуу шарттары жана эрежелери менен таанышып чыгып:

  1. ______________________________________________________________________________________________________________

(конкурска катышуу үчүн талапкерди көрсөткөн органдын аталышы)

конкурска катышуу үчүн зарыл документтердин пакети менен бул сунушту жөнөтөт.

  1. Конкурска катышкан адамдын жана уюмдун толук аталышы (дареги, телефондору, жетекчиси ж.б.).
 Конкурска катышуучунун Ф.А.А. 

 

 Уставга ылайык конкурсанттын иштеген жеринин аталышы 
Конкурсанттын электрондук дареги

(E-mail)

 
Конкурсанттын мобилдик (вотсап) номери 
Жалпы билим берүү уюмунун сайтынын электрондук дареги 
Өзүнүн автордук программаларынын,* дидактикалык, көрсөтмө материалдарынын, социалдык тармактарда, окуу куралдарында, жыйнактарда ж.б. жарыяланган материалдардын болушу ж.б. 
Сыйлыктардын, дипломдордун, грамоталардын ж.б. болушу 
Предмет 
Окутуу тили 
Курактык топ (конкурсант окуткан класстар) 
  1. Берилген бардык маалыматтардын тууралыгына кепилдик берем/кепилдик беребиз.

Кызмат орду ___________________________________________

 

Ф.А.А.______________________________________________

 

Датасы          20_____жылдын «_____»­­­­­­­­­­­__________________

Колу _________________

 

2-форма

 

Ар жылдык «Жылдын мыкты мугалими» республикалык конкурсун уюштуруу комитетине

 

_____________________________________________________________________________________

(облусу, району/шаары)

____________________________________________________________

(жалпы билим берүү уюмунун Уставына ылайык аталышы)

____________________________________________________мугалими

(окуу предметинин аталышы)

___________________________________________________________                          (чыгыш жөндөмөдөгү фамилиясы, аты, атасынын аты)

 

 

Арыз

Мен, ________________________________________________________

(фамилия, аты, атасынын аты)

 

Кыргыз Республикасында ар жылдык «Жылдын мыкты мугалими» республикалык конкурсунун финалдык этабына катышууга жана конкурстун финалынын веб-сайтында толтуруу жана Интернетте, буклеттерде жана мезгилдүү басылмаларда жайгаштыруу үчүн коммерциялык эмес максаттарда пайдалануу аркылуу конкурстун финалынын катышуучусунун маалыматтык картасында көрсөтүлгөн, Уюштуруу комитетине берилген маалыматтарды редактордук иштетүү мүмкүнчүлүгү менен киргизүүгө макулдук берем.

 

20____ -ж. «____» __________                          ________________(колу)

 

      3-форма

 

Конкурстун финалистинин маалымат картасы

 

Жалпы маалыматтар
Аты-жөнү 
Туулган күнү (күнү, айы, жылы) 
Туулган жери 
Калктуу конуш 
Иши
Иштеген жери 
Ээлеген кызматы 
Окуткан предмети 
Катышуучу иштеген жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин аты-жөнү 
Азыркы учурдагы класс жетекчилиги, кайсы класста 
Жалпы эмгек стажы (толук жылдар) 
Жалпы педагогикалык стажы 
Квалификациялык категориясы (бар болсо) 
Мамлекеттик, муниципалдык, региондук, эл аралык билим берүү программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуусу (катышуу статусун көрсөтүү менен) 
Ардак наамдар жана сыйлыктар 
Билими
Башталгыч, орто жана жогорку окуу жайынын толук аталышы жана бүтүргөн жылы 
Адистиги, диплом боюнча квалификациясы 
Акыркы үч жылдагы кошумча кесиптик билими (кошумча кесиптик программалардын аталыштары, аларды өздөштүргөн жери жана мөөнөттөрү) 
Чет тилдерин билүү (билүү деңгээли) 
Окумуштуулук даражасы 
Диссертациялык иштин (иштеринин) аталышы 
Негизги басылмалары (анын ичинде брошюралар, китептер) 
Иши
Профсоюзда мүчөлүгү 
Коомдук уюмдарга катышуучу (аталышы, ишинин багыты) 
Волонтердук ишке катышуусу 
Үй-бүлөсү
Үй-бүлөлүк абалы 
Балдары (жынысы жана курагы) 
Конкурстун сайтында жайгаштыруу үчүн материалдар
Катышуучунун девизи 
Мен мугалим болуп иштегенди жакшы көрөм, анткени…… 
Окуучуларымдан эмнени үйрөндүм……. 
Хобби 
Кесиптик амбициялар 
Жарыяланган материалдар менен таанышуу үчүн «Интернет» тармагындагы даректер (блог, социалдык тармактардагы баракчалар) 
Билим берүү уюмунун расмий сайтында жайгаштырылган катышуучунун видео эссесине шилтеме 
Байланышуу маалыматтары
Үй дареги (иш жүзүндөгү) 
Мобилдик телефон 
Өздүк электрондук почтасы 
Документтер
Паспорт (сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген) 
ИНН 
Кошумча маалымат
  
  

 

Эскертүү*:

Маалымат картасы – бул документ, ага ылайык катышуучу конкурстун сайтында, басылмаларда, материалдардын жыйнактарында көрсөтүлөт. Маалымат картасы конкурстун  финалынын сайтында электрондук түрдө гана толтурулат.

 

4-форма

Конкурстун финалынын катышуучусунун видео эссесине талаптар

 

Конкурстун финалынын катышуучусунун видео эссеси видеоролик түрүндө көрсөтүлөт (узактыгы – 5 мүнөткө чейин) жана конкурсанттын педагогикалык индивидуалдуулугунун, анын кесиптик ишинин өтө маанилүү аспекттерин жана анын окуучуларынын жетишкендиктери, ал иштеген аймактын жана билим берүү уюмунун өзгөчөлүгүнүн контекстинде чагылдырат.

Видео эссеге техникалык талаптар:

– видеого уруксат берилет – 1920×1080 кем эмес;

– горизонталдык тартуу;

– секундасына кеминде 25 кадр;

– видеонун пропорциясы – 16:9;

  • видеонун форматы – .mov же .mp4.

Видео эсседе конкурсанттын аты-жөнүн (аты-жөнү, кызматы, предмети/окутулган предметтери), конкурсант жана ал иштеген билим берүү уюму жөнүндө маалыматтарды камтыган киришүү болушу керек.

Видео эссе катышуучу тарабынан конкурстун финалынын сайтында, өзү иштеген билим берүү уюмунун расмий сайтында, ошондой эле райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн расмий сайтында жайгаштырылат.

*Конкурстун финалынын катышуучусунун жайгаштырылган видео эссесине шилтемелер маалымат картасында чагылдырылат.

 

 

 5-форма

Ар жылдык «Жылдын мыкты мугалими» республикалык конкурсунун үчүнчү этабынын уюштуруу комитетинин жыйналышынын

ПРОТОКОЛУНУН КӨЧҮРМӨСҮ

________________________________________________________

(регион)

20____ -жылдын _________________ № ______

 

УКТУ: 20____-жылы Кыргыз Республикасында ар жылдык «Жылдын мыкты мугалими» республикалык конкурсунун финалдык этабына катышууга талапкерди көрсөтүү жөнүндө.

 

ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛДЫ: 20____-жылы Кыргыз Республикасында ар жылдык «Жылдын мыкты мугалими» республикалык конкурсунун финалдык этабына катышууга 20____-жылы ар жылдык «Жылдын мыкты мугалими» республикалык конкурсунун үчүнчү этабында ____________________________________________________________

(региону)

______ орунду ээлеген ________________________________________

(фамилиясы, аты, атасынын аты)

____________________________________________________________

көрсөтүлсүн.

 

«МАКУЛ»: ____ адам

 

«КАРШЫ»: ____ адам

 

«КАЛЫС»: ____ адам

 

 

 

 

Уюштуруу комитетинин төрагасы

____________________________________________________________

(кызмат ордун, аты-жөнүн көрсөтүү керек)

 

(колу)__________

М.О.

 

 

2-тиркеме

 

Ар жылдык “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө жобо

 

1-глава. Жалпы жоболор

 

  1. Бул Жобо “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык конкурсун (мындан ары – конкурс) уюштуруу жана өткөрүү тартибин аныктайт, билим берүүнүн мазмунун жаңылоо боюнча педагогикалык кызматкерлердин чыгармачылык ишин өнүктүрүүгө, окуу процессин уюштурууда жаңы технологияларды колдоого, педагогикалык кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, коомдогу билим берүүнүн артыкчылыктуу багыттарын бекитүүгө багытталган.
  2. Конкурс өткөрүү тартиби конкурстун түзүмүн белгилейт, форматын, регламентин, конкурстук сыноолорду баалоо критерийлерин, катышуучулардын, калыстар тобунун жана эсептөө комиссиясынын курамына талаптарды, материалдарды берүү тартибин жана мөөнөттөрүн, конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо тартибин, ошондой эле конкурстун финалын каржылоо шарттарын аныктайт.
  3. Конкурс Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (мындан ары – министрлик) тарабынан Кыргыз билим берүү академиясынын (мындан ары – КБА), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун (мындан ары – ПККЖжКДРИ), И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (мындан ары – И. Арабаев атындагы КМУ), Билим берүүнү сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борборунун, бардык кызыкдар уюмдардын, педагогикалык жана ата-энелер коомчулугунун катышуусу менен өткөрүлөт.
  4. Конкурстун негизги принциптери болуп ачык-айкындуулук, жол-жоболордун ачыктыгы жана бардык катышуучулар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу саналат.

 

2-глава. Конкурстун максаттары жана милдеттери

 

  1. Конкурстун максаттары таланттуу, чыгармачыл тарбиячыларды, методисттерди, музыкалык жетекчилерди жана мамлекеттик тил мугалимдерин аныктоо болуп саналат.
  2. Конкурстун милдеттери педагогикалык кесипти жайылтуу, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин мыкты кесиптик тажрыйбасын жайылтуу, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кеңири илимий жана педагогикалык коомчулуктун, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүлүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жогорулатууга көңүл буруу болуп саналат.

 

3-глава. Конкурстун катышуучулары

 

  1. Конкурска мектепке чейинки билим берүүнүн негизги билим берүү программаларын ишке ашыруучу жана үч жылдан кем эмес иш стажы бар мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин төмөнкү категориялары катышат:

1) тарбиячылар;

2) методисттер;

3) мамлекеттик тил мугалими;

4) музыкалык жетекчи.

  1. Конкурстун биринчи этабына катышуу үчүн талапкерлер төмөнкүдөй көрсөтүлүшү мүмкүн:
  • мектепке чейинки билим берүү уюмунун башкаруу органы тарабынан (педагогикалык кеңеш);

2) өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде.

  1. Конкурска катышуу ыктыярдуу болуп саналат. Конкурска талапкерди көрсөтүүгө анын макулдугун алуу милдеттүү болуп саналат.

 

4-глава. Конкурс өткөрүү этаптары жана мөөнөттөрү

 

  1. Конкурс жыл сайын өткөрүлөт жана төмөнкү этаптардан турат:

1) биринчи этап мектепке чейинки билим берүү уюмдары тарабынан мектепке чейинки билим берүү уюмунун бекитилген планына ылайык окуу жылынын ичинде 1-февралдан 1-мартка чейин өткөрүлөт. Биринчи этаптын жеңүүчүлөрү экинчи этаптын катышуучулары болушат;

2) экинчи этап жыл сайын, окуу жылынын ичинде, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн иш планына ылайык 1-марттан 20-апрелге чейин өткөрүлөт. Экинчи этаптын жеңүүчүлөрү конкурстун үчүнчү этабынын катышуучулары болушат;

3) үчүнчү этап – облустук/шаардык, 21-апрелден 25-майга чейин облустук институттар, билим берүү борборлору, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана Бишкек шаардык билим берүү департаменти тарабынан белгиленген графикке ылайык өткөрүлөт;

4) төртүнчү этап – финалдык (республикалык), жыл сайын
1-октябрдан 5-октябрга чейин министрлик тарабынан өткөрүлөт.

 

5-глава. Конкурстарды өткөрүү форматы

 

  1. Конкурстун биринчи, экинчи жана үчүнчү этаптарын өткөрүүнү уюштуруу-методикалык камсыздоо үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдары жана билим берүү жаатындагы аймактык органдар тарабынан уюштуруу комитеттери (мындан ары – Уюштуруу комитети) түзүлөт, алар конкурстун этаптарын өткөрүү тартибин жана мөөнөтүн белгилейт, аларды өткөрүү жол-жобосун аныктайт, калыстар тобунун курамын жана алардын иштөө регламентин, ошондой эле ушул Жобого ылайык конкурстун этаптарын каржылоо тартибин бекитет.
  2. Республикалык конкурстун финалына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын ар бир облусунан жана Бишкек, Ош шаарларынан
    4 катышуучу жиберилет.
  3. Финалдык этапка катышууга талапкерлерди көрсөтүү конкурстун үчүнчү этабынын Уюштуруу комитети тарабынан жүргүзүлөт.
  4. Эгерде конкурстун финалдык этабына катышууга көрсөтүлгөн жеңүүчү кандайдыр бир себептер менен катыша албаса, конкурстун үчүнчү этабынын Уюштуруу комитети экинчи орунду ээлеген катышуучуну (катышуучу менен макулдашуу боюнча) жиберүүгө укуктуу.
  5. Конкурстун финалдык этабына катышуу үчүн облустук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү министрликтин буйругу менен белгиленген мөөнөттө Уюштуруу комитетинин электрондук дарегине төмөнкү документтерди жана катышуучулардын материалдарын үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрына чейин жөнөтөт:

1) сунуш, үлгү боюнча (1-форма);

2) конкурстун финалынын катышуучусунун арызы, үлгү боюнча
(2-форма);

3) конкурстун материалдары (3-форма);

4) паспорттун көчүрмөсү.

  1. Ушул жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди жана материалдарды кабыл алуу жана конкурстун финалына катышууга талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин оператор тарабынан акыркы тизмелик курам түзүлөт. Финалисттердин курамын финалдык конкурстун Уюштуруу комитети бекитет. Конкурстун оператору жана Уюштуруу комитети министрлик тарабынан аныкталат жана бекитилет, ал өтүнмөлөрдү кабыл алуу жана чогултуу, ошондой эле конкурстун финалдык – республикалык этабын өткөрүү үчүн зарыл жол-жоболорду уюштуруу үчүн жооп берет.
  2. Тариздөөнүн талаптарын бузган жана министрликтин буйругунда белгиленген мөөнөттөн кеч катталган конкурсанттардын документтери каралбайт.

 

 

6-глава. Конкурстун финалынын сыноолорунун түзүмү,

 форматы, аларды өткөрүүнүн регламенти жана баалоо критерийлери

 

  1. Конкурстун финалы үч турда өтөт. Бардык турлардын конкурстук иш-чаралары беттешүү форматында өткөрүлөт.
  2. Уюштуруу комитети конкурсанттардын чыгышынын тартибин чүчүкулак аркылуу аныктайт.

1) биринчи тур – конкурстун катышуучусунун кесиптик ишинин тажрыйбасын (анын ичинде ата-энелер менен иштөө) баяндоону, портфолиону камтыган өзү жөнүндө видеопрезентация (10 слайдга чейин): резюме, сыйлыктар, сертификаттар, балдар, ата-энелер менен өткөрүлгөн иш-чаралардын артефакттары – 5 мүнөттөн ашык эмес (максималдуу
саны – 10 упай);

2) экинчи тур – тесттик сыноону өткөрүү жана “Педагогикалык кырдаалдар” тапшырмаларын аткаруу. Тестирлөө ар бир номинация боюнча 20 суроону камтыйт (максималдуу саны – 20 упай).

3) үчүнчү тур санариптик көндүмдөрдү колдонуу менен мастер-классты көрсөтүүнү камтыйт – 35 мүнөттөн ашык эмес (балдардын жашына ылайык) (максималдуу саны – 70 упай).

4) 1, 2, 3-турлардын упайларынын жалпы максималдуу саны 100 упай.

  1. Өзү жөнүндө видеопрезентация төмөнкүлөр боюнча бааланат:
  • маалымат менен тааныштыруу маданияты;
  • инновациялык технологиялар (максималдуу саны 10 упай).
  1. Тестирлөөнүн конкурстук тапшырмасын жана “Педагогикалык кырдаалдар” тапшырмаларын аткаруу боюнча баалоо критерийлери:

1) оригиналдуулук;

2) практикалуулугу, жеткиликтүүлүгү, ыңгайлуулугу

3) Мамстандартка ылайык келиши;

4) сабактын пландаштырылган жыйынтыгы берилген теманын максаттарына ылайык келүүсү.

Максималдуу саны – 20 упай.

  1. Конкурстук тапшырманы баалоо критерийлери мастер-класс боюнча конкурстун катышуучусунун практикалык тажрыйбасынын фрагментин көрсөтөт:

1) билим берүү иштерин уюштуруу боюнча практикалык тажрыйба балдар менен иштөөнүн ар кандай формалары менен берилиши мүмкүн;

2) методисттин методикалык ишинин практикалык тажрыйбасы педагогдор менен иштөөнүн ар кандай формалары менен берилиши мүмкүн.

  1. Баалоо критерийлери:

1) методикалык компетенттүүлүк, формасы, мазмуну, методдору жана ыкмалары балдардын жаш курагына ылайык келиши;

2) тандалган мазмунга жана иштин түрүнө балдардын тобун кызыктыра билүү;

3) ачык көрсөтүүнү уюштуруунун жана мазмунун тандоонун оригиналдуулугу;

4) уюшкан иш-аракеттердин жүрүшүндө балдардын кызыгуусун сактай билүү;

5) балдар тобунун өз ара аракеттенүүсүн/кызматташтыгын уюштуруу;

6) иш-аракетте балдардын активдүүлүгүн жана  демилгелүүлүгүн эсепке алуу жана колдоо;

7) жалпы маданият (баарлашуу маданияты).

Упайлардын максималдуу саны – 70. Ар бир критерий 10 упайга  чейин бааланат.

 

7-глава. Конкурсту уюштуруу комитетинин иш тартиби

 

  1. Конкурсту уюштуруу-методикалык камсыздоону жана өткөрүүнү Уюштуруу комитети ишке ашырат. Министрлик тарабынан Уюштуруу комитетинин жана калыстар тобунун курамы түзүлөт жана бекитилет.
  2. Уюштуруу комитетине министрликтин, КБА, ПККЖжКДРИ, И. Арабаев атындагы КМУнун, Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин жана башка түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана уюмдардын өкүлдөрү кирет.
  3. Уюштуруу комитетинин курамына төрага, төраганын орун басары, жооптуу катчы жана анын мүчөлөрү кирет. Уюштуруу комитетинин курамы жыл сайын жаңыланып турат жана конкурстун уюштуруучусу тарабынан бекитилет.
  4. Конкурсту уюштуруу комитети:

1) конкурсту даярдоону жана өткөрүүнү жүзөгө ашырат (аны өткөрүү тартибин, учурдагы документтерди, чыгымдардын сметасын аныктайт);

2) конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандырууну министрликтин сайтына конкурс башталган датага чейин 10 күндөн кечиктирбестен жайгаштырат;

3) конкурстун материалдарын баалоонун критерийлерин бекитет (конкурсту өткөрүү жол-жобосун жана конкурстук тапшырмаларды баалоо критерийлерин белгилейт);

4) жалпыга маалымдоо каражаттарында конкурс өткөрүү жөнүндө маалыматтарды жайгаштырууну жана маалыматтык коштоону уюштурат;

5) конкурстун катышуучуларынын документтерин жана өтүнмөлөрүн каттоо жол-жобосун жүзөгө ашырат;

6) документтердин жана өтүнмөлөрдүн сакталышын камсыз кылат;

7) калыстар тобунун жана эсептөө комиссиясынын ишин уюштурат;

8) конкурстун жеңүүчүсүн, конкурстун лауреаттарын, конкурстун катышуучуларын бекитүү боюнча чечим кабыл алат;

9) конкурстук  иш-чараларды каржылоо тартибин аныктайт;

10) конкурстук иш-чараларды өткөрүү жана сыйлык тапшыруу аземинин сценарийлерин иштеп чыгат.

 

8-глава. Конкурстун калыстар тобунун иш тартиби

 

  1. Конкурстун финалынын сыноолорун баалоону министрликтин, КБА, И. Арабаев атындагы КМУнун өкүлдөрү, мектепке чейинки жана мектептик билим берүү системасында иштеген эксперттер, мектепке чейинки жана мектептик билим берүү уюмунун жетекчиси, өткөн жылдардагы конкурстун жеңүүчүсү кирген калыстар тобу жүргүзөт. Калыстар тобунун курамы жыл сайын 15-сентябрга чейин түзүлүп, бекитилет.
  2. Бардык конкурстук сыноолорду баалоо үчүн төрт калыстар тобу түзүлөт: ар бир калыстар тобунун курамына сабактын тармактары боюнча адистешкен бирден кем эмес эксперт кирет.
  3. Конкурстук сыноолордун жыйынтыгы боюнча конкурстун финалынын катышуучуларына эсептелген упайларды эсептөөнү уюштуруу, жыйынтыктоочу баалоо ведомостторун даярдоо, чүчүкулактарды өткөрүүнү жана конкурстук жол-жоболордун сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруу үчүн эсептөө комиссиясы түзүлүп, анын курамы Уюштуруу комитети тарабынан бекитилет.

 

9-глава. Купуялуулукту сактоо

 

  1. Конкурстун калыстар тобунун мүчөлөрү, конкурстун уюштуруучулары конкурстук материалдарды тандоодо жана кароодо добуш берүүнүн сырын сактоого милдеттүү.
  2. Калыстар тобунун корутундусунун мазмуну купуя маалымат болуп саналат жана ачыкка чыгарылбайт.

 

10-глава. Жыйынтык чыгаруу

 

  1. Конкурстун жыйынтыгын чыгарууда жана жеңүүчүлөрүнүн тизмесин аныктоодо министрликтин буйругунда белгиленген мөөнөттөн кеч эмес катталган конкурстук материалдар гана каралат жана эске алынат.
  2. Конкурстун 1, 2 жана 3-орундарынын ээлери конкурстун калыстар тобунун бардык мүчөлөрү тарабынан коюлган бардык 4 этапта конкурстук тандоонун натыйжасында эң жогорку упай топтоонун жыйынтыгы боюнча аныкталат.
  3. Конкурстун жыйынтыгы боюнча Уюштуруу комитети конкурстун жыйынтыгынын протоколун бекиткенден кийин министрликтин буйругу чыгарылат жана жыйынтыктар министрликтин расмий сайтына жарыяланат.
  4. “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык финалдык конкурсунун жыйынтыгы боюнча эң мыкты деп таанылган педагогдор акчалай сыйлык жана диплом алышат.
  5. Калган бардык катышуучулар конкурстун катышуучулары болуп саналат жана конкурстун катышуучусунун сертификаты менен сыйланат.
  6. Конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо министрлик тарабынан бекитилет.

 

11-глава. Конкурсту каржылоо

 

  1. Ар жылдык “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык конкурсу республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарынын эсебинен министрлик тарабынан борборлоштурулуп өткөрүлөт.
  2. Конкурстун катышуучуларынын иш сапардык чыгымдары демөөрчүлөрдүн же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
  3. Конкурстун уюштуруучусу, демөөрчүлөр, башка уюмдар жана жеке адамдар министрлик менен макулдашуу боюнча конкурстун катышуучуларына өздөрүнүн жеке сыйлыктарын жана байгелерин кошумча белгилей алышат.

 

1-форма

 

“Жылдын мыкты тарбиячысы”

республикалык конкурсунун

уюштуруу комитетине

 

Сунуш

 

“Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык конкурсунун жыйынтыктоочу этабына катышуунун шарттары жана эрежелери менен таанышып,

1.__________________________________________________________________________________________________________________

(облустук билим берүү бөлүмүнүн,
Бишкек шаарынын билим берүү департаментинин,

Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын толук аталышы)

 

«Жылдын мыкты тарбиячысы»/«Жылдын мыкты методисти»/«Мыкты музыкалык жетекчи»/«Мыкты мамлекеттик тил мугалими» номинациясына конкурска катышуу үчүн керектүү документтердин топтому менен ушул Сунушту жиберет.

  1. Конкурска катышуучу адамдын/уюмдун толук аты-жөнү (дареги, телефондору, жетекчиси ж.б.):

 

Конкурска катышуучунун толук аты-жөнү 
Катышуучу иштеген уюмдун толук аталышы 
Шаардык/облустук этапта ээлеген орду 
Электрондук почтасы  (E-mail)

Билим берүү уюмунун сайтынын электрондук дареги

 
Телефон (мобилдик) 
Конкурстун жыйынтыктоочу этабына катышуу“Жылдын мыкты тарбиячысы”/

“Жылдын мыкты методисти”/

“Мыкты музыкалык жетекчи”/ “Мыкты мамлекеттик тил мугалими”

 

  1. Бардык берилген маалыматтардын тууралыгын ырастайм/ ырастайбыз.

Кызмат орду         ____________________________________________

Аты-жөнү             ____________________________________________

 

Датасы                  20___-жылдын “______”  ______________________

 

Колу                      ____________________

 

 

 

2-форма

 

“Жылдын мыкты тарбиячысы”

республикалык конкурсунун

уюштуруу комитетине

 

 

Конкурсанттын жеке арызы

Мен, ____________________________________________________________,

(катышуучунун толук аты-жөнү)

«Жылдын мыкты тарбиячысы» республикалык конкурсунун жыйынтыктоочу этабына катышуунун шарттары жана эрежелери менен таанышып, «Жылдын мыкты тарбиячысы»/«Жылдын мыкты методисти»/«Мыкты музыкалык жетекчи»/«Мыкты мамлекеттик тил мугалими» номинациясына конкурска катышууга макулдугумду берем жана керектүү документтердин топтомун тапшырам.

 

Катышуучу жөнүндө маалымат (дареги, телефондору, жетекчиси ж.б.):

Катышуучу иштеген уюмдун толук аталышы 
Шаардык/облустук этапта ээлеген орду 
Катышуучунун электрондук почтасы (E-mail) 
Билим берүү уюмунун электрондук сайтынын дареги,

электрондук почтасы (E-mail)

 
Телефон (мобилдик) 
Конкурстун жыйынтыктоочу этабына катышууга макулдугумду беремОоба/Жок

 

Паспорттун көчүрмөсүн берем жана бардык берилген маалыматтардын аныктыгына кепилдик берем.

 

Аты-жөнү             ____________________________________________

 

Датасы                  20___-жылдын “______”  ______________________

 

Колу                      ____________________

 

3-форма

 

“Жылдын мыкты тарбиячысы”

республикалык конкурсунун

уюштуруу комитетине

 

«Жылдын мыкты тарбиячысы»/«Жылдын мыкты методисти»/«Мыкты музыкалык жетекчи»/«Мыкты мамлекеттик тил мугалими» номинациясына конкурска катышуу үчүн конкурстук материалдарды сунуштоо

 

1. Жалпы маалыматтар
Конкурстук материалдардын тизмесиМатериалдардын аталышы/ материалдардын кыскача баяндалышы
Шаардык жана облустук билим берүү бөлүмдөрүнүн  катышуучуга сунушу 
Катышуучунун өз ыктыяры менен катышууга арызы 
Катышуучу жана анын жарыяланган материалдары менен таанышуу үчүн Интернеттеги (сайт, блог ж.б.) дарекке шилтеме (эгерде болсо) 
2. Иштелмелер жана методикалык материалдар
Видеопрезентация

Эскертүү: Материалдар кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө (CD/DVD дискте) берилет

 
Видео материалдар

(Материалдар кагазда жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө (CD/DVD дискте) берилет)

 
Портфолио (Материалдар кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө берилет (CD/DVD дискте) 

 

Конкурстук материалдарда көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын ырастайм:

Аты-жөнү             ____________________________________________

 

Датасы                  20___-жылдын “______”  ______________________

 

Колу                      ____________________

 

4-форма

 

“Жылдын мыкты тарбиячысы”

республикалык конкурсунун

уюштуруу комитетине

 

«Жылдын мыкты тарбиячысы»/«Жылдын мыкты методисти»/«Мыкты музыкалык жетекчи»/«Мыкты мамлекеттик тил мугалими» номинациясына конкурска катышуу үчүн

портфолио

 

  1. Титулдук барак

 

2. Негизги маалыматтар:
Аты-жөнү 
Туулган датасы: 
Билими: 
Адистиги: 
Иштеген жери: 
Жалпы иш стажы: 
Педагогикалык иш стажы: 
Методикалык иш стажы: 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер