ЖЫЛ ИЧИНДЕ ЖАҢЫЛАНА АЛДЫКПЫ?..

  • 19.12.2019
  • 0

Кыргыз билим берүү академиясы (КБА) үчүн 2019 – «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы» абдан активдүү жаңылануу жылы болду.

«Билим кербени» Кыргызстанды кыдырып саякаттообу?..

2019-жылдын 21-апрелинен 17-майына чейин «Предметтик стандарттар, окуу программалар жана компетенттүүлүктөр» аттуу темада республиканын 7 дубанында «Билим кербени-1» иш-чарасын өткөрүп, ага 3000ге чукул мугалимдер, усулчулар, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, облустук билим берүү институттарынын, борборлорунун кызматкерлери катышты.

Иш-чаранын негизги максаты, биринчиден, маселелерди көзмө-көз талкуулап, мугалимдердин көйгөйлөрүн жеринде аныктоо, экинчиден, кайсы багыттарда кызматташып, бири-бирибизге жардам бере аларыбызды тактоо, мугалимдерге усулдук жардам көрсөтүү жана үчүнчүдөн, иш-чарага катышуучулардын да, КБАнын кызматкерлеринин да дараметин арттыруу, илимий изилдөөлөрдү практикага негиздөө болду.

«Билим кербени» эки бөлүктөн турду. Биринчи бөлүгүндөгү пленардык жыйында жалпы маселелер талкууланып,  экинчи бөлүгүндө ар бир окуу предмети боюнча адистер предметтик стандарттар, окуу программалар, жаңы муундагы окуу китептер менен иштөө жолдорун, предмет боюнча көйгөй маселелерди, аларды практикада чечүү ыкмаларын талкуулашты. Иш-чараны өткөрүүгө И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Республикалык педагогикалык кадрлардын адистигин өркүндөтүү жана кайра даярдоо институтунун окутуучулары, А.Молдокулов атындагы №5 Улуттук компьютердик гимназиянын (азыр Инновациялык технологиялардын улуттук мектеп-лицейи болуп калды) мугалимдери да активдүү катышты.

«Мындай чоң иш-чаралар көбүнчө Бишкекте, чоң шаарларда өтчү, бизди эстеп элетке келип, абдан көйгөйлүү болуп жаткан компетенттүүлүк, предметтик стандарттарды ишке ашыруу боюнча усулдук жардам берилип жатканы бизди абдан кубандырды. Мындай иш-чаралар айыл жеринде тез-тез болуп турса!».

Мүсүралиев Байыш, Кара-Көл шаарындагы №4 мектептин мугалими

Мугалимдердин кайра-кайра өтүнүчү менен 2019-жылдын 18-22-ноябрында «Билим берүүдөгү алдыңкы технологиялар» аттуу «Билим кербени-2» иш-чарасы Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн райондорунда өттү. Мында ачык сабактар уюштурулуп, алдыңкы педагогикалык технологиялар көрсөтүлүп, талкууланды. Иш-чара Ош облустук билим берүү институнун кызматкерлери, Инновациялык технологиялардын улуттук мектеп-лицейинин мугалимдери менен кызматташтыкта ишке ашты. Ага жалпы 1500дөн ашык мугалимдер, усулчулар катышты.

«Билим кербени» иш-чараларынын натыйжалары, алар боюнча пикирлер, кайтарым байланыштар (анкеталардын жооптору, келген каттар) КБАны пландарына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мажбурлады.

Концепция эле жаза беребизби?..

«Билим кербени» иш-чараларынын, КБАнын ишмердигин жаңылоо боюнча талкуулардын натыйжасында Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы иштелип чыгып, ал КБАнын сайты аркылуу, «Билим кербени-2» иш-чарасында жана түрдүү жолугушууларда кеңири талкууланды. Концепцияда билим берүүнү өнүктүрүүгө тоскоол болуп жаткан көйгөйлөр талданып, аларды чечүү жолдору, билим берүү системасынын 2030-жылы кандай болору, анын артыкчылыктуу багыттары көрсөтүлүп, концепцияга билим берүү системасын өркүндөтүү багыттарын ишке ашыруу боюнча конкреттүү иш-чаралардын тизмеги тиркелди.

Билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы эрте жаштан өнүктүрүүдөн баштап өмүр бою үзгүлтүксүз билим алууну өзүнө камтып, системдүү, комплекстүү иштелип чыкканы жана бул концепцияны ишке ашыруу боюнча конкреттүү иш-чаралардын планы берилгени кубандырат.

Кадиян Бообекова, Кыргыз-түрк Манас университетинин окутуучусу

Бул концепция боюнча талкуулардын натыйжалары биздин академиянын ишмердигин жаңылоо багыттарына шайкеш келип, КБАнын жаңы Уставы, түзүмү бекип, натыйжада Окуу-усулдук комплекстерди (ОУК) түзүү теориясы жана практикасы лабораториясы, Илим, аналитика жана билим берүүнүн саясаты бөлүмү түзүлдү. Лаборатория коомдо чоң ызы-чууну жаратып жаткан ОУКтарды теориялык жактан изилдеп, практикада ийгиликтүү колдонулушун камсыздоого багытталса, жаңы бөлүм мурда колго алынбай калган республикабыздагы, кошуна мамлекеттердеги, деги эле дүйнөдөгү билим берүүнү өнүктүрүү тенденцияларына анализ жасап, билим берүүнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктамакчы.

Мугалимдин статусун ойлогон жан барбы?..

«Билим кербени» иш-чараларынын жүрүшүндө мугалимдин статусун көтөрүү, мыкты мугалимдердин алдыңкы тажрыйбаларын жайылтуу боюнча атайын иш-чаралардын планы иштелип чыкты. Планга ылайык, алдыңкы тажрыйбасы, жаңылыктары бар мугалимдердин, окуучулары эл аралык, республикалык, облустук, райондук олимпиадаларда, түрдүү конкурстарда ж.б. ийгиликке жетишкен мугалимдин ишмердиги, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын кыска аралыкта кескин жогорулаткан мугалимдердин, мектептердин тажрыйбалары ЭлТР (Илим_билим) каналы аркылуу көрсөтүлүп, кайталанып турат.

Долбоордун натыйжасында алдыңкы мугалимдерге материалдык колдоо көрсөтүү жана Финляндия, Сингапур сыяктуу мамлекеттерге алып барып, билим берүү системасы менен тааныштыруу пландалды. Медиа маалыматтык сабаттуулук жааатында мыкты иштеп жаткан мугалимдерди Жалпыга маалымдоо каржаттарын колдоо коомдук фонду (ЖМКны колдоо фонду) 10 күнгө Германияга алып барып келди. Бул тууралуу жогоруда аталган берүүдөн көрө аласыздар. Алгачкы берүүлөрдүн материалдары тартылып, даяр болду.

Текшерүүчүлөрдүн санын кыскартуу керек. Мектепти билим берүү министрлиги, райондук билим берүү бөлүмдөрү гана текшерсе. Азыр коопсуздук кызматтары, прокуратура жана башка уюмдар да текшерүүдө. Мектепте бизнес, өндүрүш бардай мамиле жасалууда.

Пазыл Бактыбаев, Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы

Санариптешпесек не болмок же кызматташуунун керемети

Билим берүү академиясы Билим берүү жана илим министрлиги (КР БИМ), ЖМКны колдоо фонду менен кызматташтыкта билим берүү системасын санариптештирүү багытында эки тегерек стол өткөрдү. Бул жыйында КР билим берүү системасын санариптештирүү концепциясы иштелип чыгып, концепцияны ишке ашыруунун жол картасы бекитилди. Буга чейин Lib.kg сайтына окуу китептердин электрондук көчүрмөсү жайгаштырылып келген болсо, КР БИМ, ЖМКны колдоо фонду менен кызматташтыкта 5-класс үчүн «Адам жана коом» боюнча интерактивдүү электрондук окуу китеби даярдалууда, иш дээрлик аяктап калды. Бул электрондук окуу китептин артыкчылыгы анын тиркемесинде аудио, видео материалдар, түрдүү оюндар, кошумча материалдар бар, окуучу кааласа, тамгалардын көлөмүн, беттин түсүн өзгөртүп алат, жогоруда аталган материалдарды кеңири колдонот. Ошондой эле бул окуу китептин платформасына салып, каалаган класста каалаган окуу предмет боюнча окуу китептин электрондук вариантын жеңил түзүүгө болот.

КБАнын сайты азыркы талаптарды эске алуу менен жаңыланып, кайтарым байланышка басым жасалды.

«Айгине» маданий борбору жана француздук Борбор Азияны изилдөө институту ж.б. эл аралык уюмдар менен кызматташтыкта кыргыз тарыхындагы талаштуу 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштү ар тараптуу чагылдырып берүү максатында санариптик технолгиялардын негизинде интерактивдүү электрондук карта түзүлдү.

КБАнын кызматкерлери жер-жерлердеги медиа маалыматтык сабаттуулук боюнча мугалимдерди, усулчуларды окутууга да активдүү катышууда. «Медиа жана маалыматтык сабаттуулук» аттуу мугалимдер үчүн ресурстук китеп даярдалып басылып чыкты.

КР БИМ, Ош гуманитардык педагогикалык институту (ОГПИ), «Ыйык Ата Журт» коомдук фонду менен кызматташтыкта 2019-жылдын 26-27-апрелинде ОГПИнин базасында «Ааламдашуу шартындагы билим берүүнүн, тарбиялоонун абалы жана өнүгүү тенденциялары» аттуу Х эл аралык илимий-практикалык симпозиум, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен кызматташтыкта 29-ноябрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын ээси, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, математика боюнча бир нече оригиналдуу окуу китептердин авторлорунун бири, профессор Нуржамал Ибраеванын 80 жылдык мааракесине арналган «Билим берүүнүн мазмунун модернизациялоодогу ишмердик мамиле» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция, 15-16-ноябрда Медиа маалыматтык сабаттуулук боюнча Биринчи Борбор Азиялык конференция өткөрүлдү.

Кыргыз Эл мугалими, Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, педагогика илимдеринин доктору, профессор Бекбоев Исак Бекбоевичтин 90 жылдыгына арналган «Улуттук баалуулуктардын жана инновациялык технологиялардын негизинде билим берүү системасын моделдештирүү» деген темада 2020-жылдын 31-январында өтө турган эл аралык илимий-практикалык конференцияга кызуу даярдык жүрүүдө.

ОУКтардын авторлорунун дараметин арттыруу багытында Авторлордун ассоциациясын түзүү жана алар үчүн семинар, тренингдерди системалуу өткөрүү боюнча иш кызуу жүрүүдө.

Окуу китептердин авторлорун жасаган эмгеги үчүн реалдуу баалап, аларга арнап илимий-практикалык конференцияларды өткөрүүнү жана эмгекти эл аралык деңгээлде даңазалоону мыкты иш деп айтат элем. Мындай иштер окуу китептердин сапатынын жакшырышына түздөн түз таасир этери анык.

Гаухар Саймассаева, “Алматы китеп басмасынын” президенти

КБА ошондой эле «Билим берүү системаларын өнүктүрүүнү натыйжалуу башкаруу шарттары: түрдүү өлкөлөрдөгү изилдөөлөрдүн натыйжалары жана практиканын калыптанышы» аттуу жыл сайын өтүүчү V эл аралык илимий-практикалык конференцияны 2019-жылдын 15-16-ноябрында Москва шаарында Россия Федерациясынын Президентине караштуу РАНХиГС менен бирдикте өткөрүүгө катышты.

Санариптештирүү жылында ачык-айкындыкты камсыз кылуу, кызматкерлердин эмгегине объективдүү баа берүү максатында КБАнын ишмердигине AVN электрондук системасы киргизилди.

Талаптагыдай баалап жатабызбы?

Кыргызстан 2024-жылы өтүүчү PISA баалоосуна катышууга ниеттенип жатат. PISA эл аралык баалоосунун өзгөчөлүктөрү, анын тесттик тапшырмалары 2019-жылы КБАда кеңири талданып, натыйжада “PISA эл аралык изилдөөсүнө даярданабыз” аттуу мугалимдер үчүн методикалык колдонмо даярдалып, басылып чыкты. Колдонмо окуучулардын жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык изилдөөлөрдүн практикасы менен мугалимдерди тааныштырат. Мында PISA эл аралык изилдөөсүнүн тесттик тапшырмаларынын үлгүлөрү да берилген. Ошондой эле КББАнын Мониторинг жана билим берүүнүн сапатын баалоо лабораториясында “Башталгыч мектептин окуучуларынын билим жетишкендиктерин баалоо” аттуу коллективдик монография жарык көрдү. 5-6-класстардын окуучуларынын жетишкендиктерин жаңы стандарттардын талаптарына ылайык баалоонун инструментарийлери иштелип чыгып, апробациядан өтүүдө.

            Учурда 2024-жылы өтө турган PISA сынагына даярдык көрүлүп жатат, бирок бул форматтагы тапшырмалар менен иштөөдө мугалимдерде кыйынчылыктар бар:

  1. PISA методикасын пайдаланып тапшырмаларды түзүү боюнча методикалык колдонмолор кыргыз тилинде жок.
  2. Мугалимдер үчүн PISA методикасын пайдаланып тапшырмаларды түзүү боюнча окуу семинарлары өткөрүлбөйт.
  3. Окуу-методикалык куралдарда PISA методикасынын негизинде суроо-тапшырмалар жокко эсе.

Какаева Таалайкүл, Тогуз-Торо райондук БББнын усулкаанасынын башчысы

Жыйынтыктап айтсак, 2019-жыл КБА үчүн абдан натыйжалуу жана жаңылануунун жылы болду.

 

Алмазбек Токтомаметов, КБАнын президенти

Бөлүшүү

Комментарийлер