ЖРТДАГЫ БЫЙЫЛКЫ ӨЗГӨЧӨЛҮК МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ТЕСТТИ БОЛДУ

  • 24.07.2024
  • 0

ЖРТДАГЫ БЫЙЫЛКЫ ӨЗГӨЧӨЛҮК МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ТЕСТТИ БОЛДУ2024-жылдагы Жалпы республикалык тест тапшырууга жалпысынан 51 946 абитуриент катышканын,  жыйынтыгында быйылкы орточо упайлары 128,4 баллды түзгөнүн, өткөн жылы ал болгону 121,8 баллды болгонун, бул ирет “Алтын сертификаты” 58 окуучу алганын, биринчи жолу ЖРТка Мамлекеттик тил боюнча тест киргизилген министр Догдуркүл Кендирбаева  “Кабар”  маамлекеттик маалымат агентигиндеги басма сөз жыйынында билдирди.

ЖРТДАГЫ БЫЙЫЛКЫ ӨЗГӨЧӨЛҮК МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ТЕСТТИ БОЛДУ-Кыргызстанда Жалпы республикалык тест тапшырууга  70 миңден ашуун мектеп бүтүрүүчүсүнүн 52 миңге жакыны катышты.  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жөнүндө конституциялык Мыйзамын аткаруу үчүн биринчи жолу Жалпы республикалык тест тапшырууда Мамлекеттик тил боюнча тест киргизилгени өзгөчөлүк болду. Муну Жогорку Кеңештин депутаттары дагы талап кылышкан. Тест тапшыргандар кайсы тилде окуганына карабастан мамлекеттик тил боюнча тест тапшырылсын деген жарлык аткарылды. Бирок, ал тесттин жыйынтыктарында упай катары берилген жок.   Биринчи жыл болгондуктан деңгээлин билүү үчүн гана аныктадык. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун маалыматы боюнча, ага жогорку окуу жайлардын 50 миңден ашык абитуриенттери катышты. Натыйжалар жакшы болду. Тесттин жыйынтыгы көрсөткөндөй, абитуриенттердин 29,3 пайызы   мамлекеттик тилди жогорку деңгээлде билсе,  мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 48,2 пайызы мамлекеттик тилди ортодон жогору деңгээлде билээри аныкталды.  Ошондой эле абитуриенттердин 20,1 пайызы   мамлекеттик тилди орто деңгээлде билген болсо, 2,2 пайызы гана ортодон төмөн деңгээлде билишет экен.

        ЖРТДАГЫ БЫЙЫЛКЫ ӨЗГӨЧӨЛҮК МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ТЕСТТИ БОЛДУАга ылайык, жалпы билим берүү уюмдарында кийинки окуу жылынан баштап кыргыз тили боюнча өтмө сынакты киргизүүгө даярдык иштери жүргүзүлүүдө. «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 5, 6, 7, 8 жана 10-класстарынын окуучулары үчүн кыргыз тилинен өтмө сынактарын өткөрүү жөнүндө» Жобо жана кыргыз тили боюнча класстан класска өтүү экзамендеринин материалдарынын долбоорлору иштелип чыкты. Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде жана бала бакчаларда кыргыз класстарын жана топторун этап-этабы менен ачуу боюнча иштер башталды. 92 мектепте 1-класстар үчүн 525 комлект класс ачылса, анын 305и кыргыз тилинде, 220сы орус тилиндеги класстар. Жеке менчик мектептерде дагы кыргыз тилинде окуткан класстар ачылат -деди министр.

ЖРТДАГЫ БЫЙЫЛКЫ ӨЗГӨЧӨЛҮК МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ТЕСТТИ БОЛДУЖалпысынан 2024-жылы республика боюнча ЖРТ дээрлик 52 миң бүтүрүүчү катышып, анын 67,8% 110 баллдан жогору босогодон ашканын, (бул өткөн жылга салыштырмалуу 11 пайызга көп) кыргыз тилинде тестти 30 миңден ашуун бүтүрүүчү  жана 22 миң бүтүрүүчү орус тилинде тест тапшырып, эң жогорку балл алган 58 бүтүрүүчү “Алтын сертификат” алганын министр Догдуркүл Кендирбаева баса белгиледи.

Пандемиядан кийин биринчи жолу республиканын мектептеринин бүтүрүүчүлөрү ЖРТнын орточо баллынын көрсөткүчүн олуттуу жакшыртышты, ал 128,4 баллды түздү, өткөн жылы ал болгону 121,8 баллды түзгөн. 2019-жылы 123 баллдан ашкан. Быйыл эң жогорку упай 234 болду. Алтын сертификаттын төмөнкү чеги 225 упайды түздү. Былтыр салыштырмалуу төмөнкү чеги 222 упай болсо, жогорку чеги 236 упай болгон. Быйыл болсо төмөнкү чек бир аз жогорулап, 225 упайга жетти.

Быйыл катышкандардын 66,9 пайызы босого упайдан өттү. Өткөн жылы бул көрсөткүч 58,3 пайызды түзгөн эле.

ЖРТДАГЫ БЫЙЫЛКЫ ӨЗГӨЧӨЛҮК МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ТЕСТТИ БОЛДУЖРТдан эң жогорку упай топтогондордун ичинде алыскы аймактардын элет жеринин бүтүрүүчүлөрү да бар. Тест тапшыруунун жыйынтыгы билим берүүнүн деңгээли  айылдык мектептерде  борбордогу билим берүү мекемелеринен бир-эки тепкич артта экенин ЖРТ тастыктап койду. Бул – факт. Чынында  ЖРТ сынагы мелдеш эмес, билимди баалоо, коррупцияга бөгөт коюу болуп гана саналат.  Тест тапшыруунун жыйынтыктары биринчи кезекте бүтүрүүчүнүн, мугалимдин, ата-эненин аракети, мээнети экенин турмуш көрсөтүп келүүдө.

Билим берүү жана илим министри маалымдагандай 2024-2025-окуу жылында жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуудагы босого балл боюнча буйругу бекиген. Ага ылайык, жогорку окуу жайларга гранттык негизде жана келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылган.  Ал эми Педагогикалык билим берүү багыттары жана “Укук коргоо иши” даярдоо багыттары үчүн гранттык орунга тапшыра тургандар үчүн негизги тесттин босого баллы — 120, предметтик тест — 60 болуп бекиген.  Келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча –115, предметтик тест – 60 балл сакталды.

Саламаттык сактоо багыттары үчүн гранттык квоталарга негизги тест -120 балл, келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча – 110 балл, ал эми предметтик тест-60 балл негизинде жүргүзүлдү. Айыл чарба илимдери боюнча окутуу багыттары үчүн гранттык квоталарга жана келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча – 100 балл, предметтик тест-60 балл болуп бекитилди.

ЖРТДАГЫ БЫЙЫЛКЫ ӨЗГӨЧӨЛҮК МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ТЕСТТИ БОЛДУI жана II топтогу майыптарды, бала кезинен майыптарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды, тоголок жетим балдарды жана ата-эненин көзөмөлүсүз калган балдарды кабыл алуу үчүн медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден/багыттардан тышкаркы бардык адистиктерге/багыттарга гранттык орундарга негизги тест – 105 балл, келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча – 100 балл болуп төмөндөтүлдү.

Жогорку окуу жайларга 1-турда абитуриенттер 30246 талон таштап, 11334 гранттык орундарга, 18912си контрактык орундар болду. Биринчи турдагы тапшырууда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университет лидер болду. Бул жакшы көрүнүш. Ал эми экинчи турда бюжетке 2613 талон ташталды. Контракка 6052 талон ташталган. Жыйынтыгында  системага 38 миң 911  абитуриент катталды,-деди министр Догдуркүл Кендирбаева.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер