ЖОЖДОРГО АКАДЕМИЯЛЫК ЭРКИНДИК БЕРИЛЕТ

  • 07.09.2021
  • 0

Биринчи жолу жогорку окуу жайларга билим берүү дисциплиналарын тандоодо академиялык эркиндик берилүүдө. Башкача айтканда, мындан ары ЖОЖдордо милдеттүү дисциплиналардын 10 пайызы гана мамлекет тарабынан аныкталса, калган 90 пайызы университеттин тандоосуна берилет.

—  Эң башкысы, натыйжада бүтүрүүчү эмгек рыногунда ийгиликтүү болууга мүмкүндүк бере турган багыт же адистик боюнча керектүү компетенцияларын калыптандырышы зарыл. Жогорку кесиптик билим берүү деңгээлинде дагы бир жалпыга жеткиликтүү онлайн платформа түзүлдү, анын өзгөчөлүгү – Кыргызстандын алдыңкы ЖОЖдорунун мыкты лекциялары жана практикалык тапшырмалары баарына жеткиликтүү болот жана студенттер, алар үчүн кайсы ЖОЖдо теманы кошумча изилдөө дагы кызык экенин салыштыра алышат. Ошентип, университеттердин жана окутуучулардын коомдук рейтингдери түзүлөт, — деди билим берүү жана илим министри Б.Купешев агартуучулардын республикалык кеңешмесинде жасаган баяндамасында.

Бөлүшүү

Комментарийлер