ЖОЖдор КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУНУН III ТУРУН БАШТАДЫ

  • 16.01.2023
  • 0

16-январда жогорку окуу жайларына келишимдик негизде окууга кышкы кабыл алуунун III туру башталды.

ЖОЖдор КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУНУН III ТУРУН БАШТАДЫ

Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 16-январда башталып, 18-январь күнү саат 14:00до аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 19-январь күнү саат 9:00го чейин жайгаштырылат.

ЖОЖго кабыл алууга сунушталган абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун 2023-жылдын 21-январы саат 16:00го чейин тастыкташы керек. Эгерде абитуриент окууга болгон каалоосун ырастабаса, анда бул орун кийинки турда бош болот.

I турда 371 талон катталып, ЖОЖдор 355 абитуриентти кабыл алууга сунуштаган. Анын 291и окууга болгон каалоосун тастыктаган.

II турда 210 талон катталып, ЖОЖдор 206 абитурентти кабыл алууга сунуштаган. Андан 180 абитурент окууга болгон каалоосун ырастады.

Бөлүшүү

Комментарийлер