“ЖОЖДОР ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИН ДА ЖҮРГҮЗҮШҮ КЕРЕК”

  • 08.12.2022
  • 0

“ЖОЖДОР ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИН ДА ЖҮРГҮЗҮШҮ КЕРЕК”

Билим берүү жана илим министрлигинде жогорку окуу жайлардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, коррупциянын алдын алуу боюнча жыйын өттү.

“ЖОЖДОР ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИН ДА ЖҮРГҮЗҮШҮ КЕРЕК”

Министр Уланбек Мамбетакунов ЖОЖ жетекчилерин заман талабына жараша чымырканып иштөөгө чакырып, өзгөчө илимди өнүктүрүүгө  басым жасоо керектигин айтып, бир катар тапшырмаларды берди.

  • Азыр өзүңүздөр билгендей, мамлекет башчы тарабынан илимди өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалып, илим-изилдөө иштери жогорку окуу жайларда жүргүзүлүшү керек деген талап коюлууда. Улуттук илимдер академиясынын илим-изилдөө институттары университеттерге өткөрүлүп, лабораториялык базалар чыңдалат. Азыр бул боюнча иштер жүрүп жатат. Андан сырткары Кыргызпатент, Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен илимдеги насаатчылык боюнча жакшы долбоор баштадык. Негизги максат мектептер менен жождордун илим боюнча байланышын күчөтүү болуп саналат. Кээ бир окуу жайлар мектептер менен жакшы иштешүүдө. Аны дагы күчөтүшүбүз керек, — деди министр өз сөзүндө.

“ЖОЖДОР ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИН ДА ЖҮРГҮЗҮШҮ КЕРЕК”

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Антикоррупциялык ишкерлер кеңешинин башкы катчысы Муканова Нуруйпа билим берүү тармагындагы коррупциянын алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иштерге токтолуп, ЖОЖдор арасында сынак жарыяланганын айтып, төмөндөгүлөргө токтолду:

  • Антикоррупциялык ишкерлер кеңеши коррупциясыз окуу жай деген сынак жарыялап жатат. Коррупция окутуучу менен студенттин ортосунда гана эмес, башкарууда, каржылык иштерде, гранттык каражаттарды пайдаланууда, чарба иштеринде, кыскасы, бардык иштерде болушу мүмкүн. Сынакта ушулардын баары каралат.  Азыр биз бардык тармактарда коррупциянын деңгээли боюнча көз карандысыз баалоо жүргүзүп жатабыз. Сурамжылоо онлайн өтүүдө.  Эртең жыйынтыкталат. Тилекке каршы, эң көп коррупциялашкан тармак деп дал ушул билим берүү тармагын көрсөтүп жатат. Өзгөчө мектептерде көп экени белгиленүүдө. Албетте, жарандар менен көп карым-катнаш болгон дагы дал ушул тармак. Аны дагы эске алышыбыз керек, — дейт Н.Муканова.

 

Ч.Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер