ЖОЖдор аралык илимий конференция

  • 13.12.2024
  • 0

Кыргыз мамлекеттик медициналык, «Ала-Тоо» Эл аралык, Кыргыз мамлекеттик техникалык университети биргеликте «MEET 2024» илимий-практикалык конференциясын өткөрдү.

ЖОЖдор аралык илимий конференция

MEET — медицина (мedicine), инженерия (еngineering), билим берүү (еducation), технология (тechnology) дегенди түшүндүрөт.  Конференциянын негизги максаты- салттуу форматтан чыгып, окутуучулар менен студенттер үчүн катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

Конференциянын алкагында ар кандай форматтагы иш-чаралар уюштурулду:

  • MEET STUDENTS – атайын студенттик конференция. Катышуучулар медицина, инженерия, билим берүү жана технологиялар жаатындагы изилдөөлөрүн, инновацияларын жана идеяларын көрсөтүштү.
  • MEET SCIENCE – илимий баяндамалар, семинарлар жана илимий иштеп чыгуулар боюнча талкуулар.
  • MEET TALKING – Science Slam форматы, анда окумуштуулар өз изилдөөлөрүн илимий-популярдуу жана кызыктуу формада айтып беришти.
  • MEET EXPO – инновациялык долбоорлордун, продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көргөзмөсү. Бул жерде катышуучулар жаңылыктар менен таанышып, профессионалдык байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
  • MEET ANTI-SCI – илимий коомчулук тарабынан көз жаздымда калган, же болбосо абсурд деп эсептелген темаларды олуттуу мамиле менен талкуулоочу креативдүү аянтча.
  • MEET AWARDS – баардык катышуучулар бир-биринин ишин баалап, мыкты долбоорлорду тандаган сыйлоо аземи.

 

ЖОЖдор аралык илимий конференция

АЭУнун инновациялык иштеп чыгуулар жана изилдөөлөр борборунун координатору Радмир Гумеров иш-чаранын жогорку деңгээлде өткөндүгүн белгилеп, студенттерди, окутуучуларды жана изилдөөчүлөр биргеликте тажрыйба жана билим алмашууга шарт түзгөнүн айтты.

Катышуучулар инновациялык долбоорлорун сунуштап, илим жаатындагы актуалдуу суроолорду талкууланып, эксперттерден баалуу кеңештер айтылды.

Ошондой эле Радмир Гумеров Science Slam жана көргөзмөлөр сыяктуу өзгөчө форматтар конференцияны пайдалуу эле эмес, кызыктуу дагы кылгандыгын баса белгиледи.

Мындан сырткары, конференциянын уюштуруу комитети иш-чаранын илимий кызыгуунун атмосферасын камтыган интерактивдүү журнал чыгарууну пландоодо.

Бөлүшүү

Комментарийлер