“ЖООКЕР ЫРЫ” СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 15.03.2023
  • 0

Чүй облусунун билим берүү бөлүмү Ысык-Ата райондук аскер комиссариаты менен биргеликте мектеп окуучулар арасында “Жоокер ыры” кароо-сынагын өткөрдү.

“ЖООКЕР ЫРЫ” СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Баткен коолагаңында курман болгон аскерлерди эскерүүгө, совет жоокерлеринин Афганистандан чыгарылгандыгына 34 жыл болгонуна арналган бул иш-чарага Чүй облусунун жогорку класстардын окуучулары катышты.

Катышуучулар аскерге чейинки даярдык сабагынын алкагында өтүлүүчү аскердик көндүмдөрдү жасап, жаштарды рухий адеп ахлакка үйрөткөн жана ошондой эле Ата мекенди сүйүүгө шыктандырган ырларды көркөм окуп, согуш жылдарындагы ырларды жана патриоттук ырларды аткарып беришти. Жалпысынан үч номинация боюнча өткөн сынактын жыйынтыгында Чүй облустук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Р.Султанов мыкты ийгиликтерге жетишип, республикалык кароо-сынакка катышууга жолдомо алган алдыңкы окуучуларды куттуктады.

Бөлүшүү

Комментарийлер