ЖОЛ КООПСУЗДУГУ — БАШКЫ МАСЕЛЕ!

  • 12.09.2022
  • 0

Жакында Кара-Көл шаарынын Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясында балдардын жол коопсуздугуна арналган жалпы ата-энелер чогулушу болуп өттү.

Жыйында балдар катышкан жол кырсыктарын алдын алуу, үгүт-насаат иштерин жүргүзүү, кылмыштуулук жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча мектептин директору Р.А.Тагаева баяндама жасады. Шаардык ички ичтер башкармалыгынын башчысы Э.Ы.Молдокеев «Жолдо жүрсөң абайла!» деген темада чыгып сүйлөп, күн сайын балдарга жол эрежелерин сактоону айта жүрүүнү ата-энелерден өтүндү.
Мектеп-гимназиянын англис тил мугалими Н.Закирова «Туура тамактануу жашоого өбөлгө», математика мугалими Э.К. Чыналиева «Пиза- 2025 эл аралык изилдөөсүнө азыртан даярдык көрөлү!» деген темада кызыктуу баяндама окуду. Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Б.Мырзалиева мектептин жетишкендиктери тууралуу баяндама жасады. Социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Эсенгулова Чынара өз сөзүндө окуучулардын үй-бүлөлүк социалдык абалына, ата-энеси миграцияда жүргөн окуучулардын көйгөйлөрүнө токтолду.
Кара-Көл шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун башчысы Бакыт Авасбекович кутурма оорусу тууралуу маалымат берип, анын олуттуулугуна токтолду. Жыйындын аягында шаардын вице-мэри Э.С.Тажимырзаев ата-энелердин көйгөйлүү суроолоруна жооп берди.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер