ПСИХОЛОГДОР БАТКЕНГЕ БАРАТ

  • 20.09.2022
  • 0

2022-жылдын 20-сентябрында Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин тапшырмасы менен республикадагы жогорку окуу жайлардын 27 психологу Баткенге барат.

Анын ичинен 13ү Бишкектен, 8и Оштон барат. Учурда жеринде 6 психолог иш алып барууда. Бул психологдор кербенинин алкагында уюштурулууда.

Бүгүн Билим берүү жана илим министрлигинде жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен жыйын өтүп, анда жогорку окуу жайларда иштеген психологдордун тобун Баткенге жиберүү тапшырма берилген.

Кошумчалай кетсек, Тажикстандын Кыргызстанга каршы куралдуу баскынчылыгынан жабыркагандарга көмөктөшүү максатында ачылган “Баткенге жардам” атайын эсебине азыркы учурда билим берүү тармагынан 17,5 млн.сом которулду. Мындай көмөктөшүү каражаттары алдыда дагы которулмакчы.

Бөлүшүү

Комментарийлер