ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН КАТЫШУУСУНДАГЫ КОНФЕРЕНЦИЯ

  • 01.04.2024
  • 0

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде “Улуттук нарктуулук, иденттүүлүк жана адам баалуулуктары” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН КАТЫШУУСУНДАГЫ КОНФЕРЕНЦИЯ

Конференцияга Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, И. Арабаев атындагы Кыргыз  мамлекеттик университетинин, Казак улуттук искусство университетинин, Азербайжан мамлекеттик университетинин, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Заманбап эл аралык университетинин, Ош мамлекеттик университетинин, Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин, Баткен мамлекеттик университетинин, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин, Талас мамлекеттик университетинин илимпоздору жана адистери жана башкалар болуп жалпы 250 адам катышты.

Иш-чарада “Тил жана адабият жаатында улуттук нарктуулук менен улуттук баалуулуктарды чагылдыруу”, “Жаштарга адеп-ахлактык тарбия берүүнүн этнопедагогикалык негиздери”, “Кыргызстан археологиясы, этнографиясы жана тарыхы учурдагы изилдөөлөрдө”, “Санариптештирүү алкагында улуттук экономиканы өнүктүрүү”, “Улуттук баалуулуктар жана адам укуктары”, “Учурдагы илим жана билим берүүнүн актуалдуу маселелери”, “Саламаттыкты сактоо тутумундагы улуттук артыкчылыктар” аталышындагы секциялар боюнча илимий отурумдар болуп, көптөгөн көйгөйлүү маселелер каралып, бир катар иш-аракеттер, аларды жүзөгө ашыруу жолдору сунушталды.

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН КАТЫШУУСУНДАГЫ КОНФЕРЕНЦИЯ

Конференциянын материалдары “К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин жарчысы” аттуу илимий-популярдык журналында чыгарылмакчы.

Бул конференциянын өткөрүлүшү  Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2022-жылдын 30-августундагы ПЖ №303 “2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу” жарлыгына ылайык иш-чаралар алкагында демилгеленген.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер