АБИТУРИЕНТ ҮЧҮН ЖОЛ КАРТА

  • 29.06.2021
  • 0

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу 12-июлдан башталат. Учурда баардык бүтүрүүчүлөр келечегине жол ача турган кесиптин ээси болуу үчүн адистиктерди, тапшыра турган окуу жайын  тандап жаткан кези. “Кут Билим” гезитинин редакциясы абитуриенттерге жол көрсөтүү үчүн ЖОЖго тапшыруунун жол-жобосунан баштап, республикадагы бардык  окуу жайлардын тизмеси, дареги, кайсы окуу жайда кандай адистиктер даярдала тургандыгы жөнүндө маалыматтарды, онлайн тапшыруу үчүн видео көрсөтмөлөрдү  бир материалга топтоду. Маалыматтар күн сайын жаңыланып турат. 

 

БУЛ ЖЕРДЕН ШИЛТЕМЕНИ БАСУУ  МЕНЕН КЫЗЫКТЫРГАН ОКУУ ЖАЙ ТУУРАЛУУ КЕНЕН МААЛЫМАТ АЛУУГА БОЛОТ.

  • АБИТУРИЕНТ  Жогорку жана орто кесиптик окуу жайына тапшыруунун жол-жобосу толугу менен ушул материалда.
  • И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ Өткөн кылымдын орто ченинде түптөлгөн алдыңкы окуу жайлардын бири. Бишкектин борборунда жайгашкан университеттин учур талабына жооп бере турган алты окуу имараты бар. Университетте 1000ге жакын профессордук-окутуучулар курамы 15 000ге жакын студентке билим берет.
  • БИШКЕК МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИБишкек мамлекеттик университети — өлкөдөгү эң абройлуу жана элиталык университеттердин сап башында туруп, улуттук интеллектуалдык мейкиндикте гана эмес, эл аралык билим берүү чөйрөсүндө да бекем, туруктуу орун алып, Кыргызстандын жогорку билим берүү жана илим багытында таанылган лидери.
  • КЫРГЫЗ — ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ Кыргыз-Өзбек Эл аралык  университетинде окуу процесси толугу менен автоматташтырылып, окуу жайдын сайты аркылуу ата-энелерге өз балдарынын жетишкендиктерин аралыктан көрүп турууга шарттар түзүлгөн. Студенттердин, ата-энелердин түйшүгүн кыскартуу максатында бирдиктүү терезе иштейт.
  • К.И. СКРЯБИН АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТУК АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТИ Окуу жайда заманбап материалдык-техникалык база, тажрыйбалуу профессор-окутуучулар, сапаттуу билим, чет өлкөдө билим алуу жана тажрыйба топтоо, компьютердик класстар, толук шарттагы жатаканалар, заманбап спорт залы бар.
  • ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ санариптик технологияны колдонуу менен билим берүүдө республика боюнча алдыда келе жаткан окуу жай. Аккредитациялоо жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттигинин “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун суроо-талап рейтинги” программасынын жыйынтыгында жалпы генералдык рейтингде катары менен үчүнчү ирет 1-орунду камсыздады. Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку окуу жайлардын, илимий изилдөө органдарынын ишмердүүлүгүнө жүргүзгөн мониторингинде да ЖОЖдорунун ичинен ОшМУ мыкты деп аталды.
  • КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ АКАДЕМИЯСЫ кабыл алууда жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы эске алынбайт!!! КМДТжСАсы – Кыргыз Республикасындагы заманбап окуу-илимий жана спорттук базасы бар, спорт жана дене тарбия тармагындагы бирден-бир адистештирилген жогорку окуу жайы.
  • ОШ МАМЛЕКЕТТИК ПЕДАГОГИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ Билим берүүдө сапат кепилдигин камсыздоо менен коомдун өнүгүүсүнө салым кошо алган, интеллектуалдык потенциалы жогору, атаандашууга жөндөмдүү, дүйнөлүк деңгээлге интеграцияланган, педагогикалык, социалдык-экономикалык багыттагы жогорку жана орто кесиптик компетенттүү адистерди даярдоо — Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин эң башкы миссиясы.
  • КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ АТЫНДАГЫ ЫСЫК-КөЛ УНИВЕРСИТЕТИ Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө таанылган сапаттуу билим берүүгө умтулган аймактык окуу жай. Университетте заман талабына ылайык эмгек рыногунда көп талап кылынган адистиктер боюнча билим берүү программалары жүргүзүлөт. Өлкөдөгү мамлекеттик жогорку окуу жайлардын арасында материалдык-техникалык базасы жагынан эң мыктылардын бири. Чет мамлекетте стажировка жана «Кош дипломго ээ болуу» программасы да ишке ашырылат.
  • М. АДЫШЕВ АТЫНДАГЫ ОШ ТЕХНОЛОГИЯЛЫК УНИВЕРСИТЕТИЭкономика, өндүрүш, техника жана технологиялар тармагын көтөрүүнү, өнүктүрүүнү көздөгөн улуттук жана эл аралык эмгек рыногу үчүн өз чөйрөсүндө мыкты жана керектүү адистерди даярдап берүү.
  • И.АБДРАИМОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ АВИАЦИЯЛЫК ИНСТИТУТУ Бүгүнкү күндүн талабына ылайык, биздин окуу жайдын коллективинин алдында турган маанилүү маселелердин бири болуп жогорку квалификациялуу авиация адистерин даярдоо эсептелинет.
  • ИНСТИТУТ СОВРЕМЕННЫХ ИНФОРМАЦИОННЫХ ТЕХНОЛОГИЙ В ОБРАЗОВАНИИ Институт был создан в ноябре 2003 года. Отвечая своему названию, за истекшие годы, ВУЗ путем самофинансирования создал материально-техническую, учебно-лабораторную базы, укомплектованы десятью структурными подразделениями, профессорскопреподавательским составом, устав ИСИТО и другие документы, которые отвечают требованиям государственного стандарта Кыргызской Республики.
  • КГУСТА Возможности, предоставляемые для студентов во время обучения в КГУСТА: пройти один курс обучения в одном из европейских, китайских и российских вузов партнеров в порядке участия в международном проекте КГУСТА; пройти практики и стажировки в зарубежных вузах партнерах с получением соответствующих международных сертификатов.
  • КЫРГЫЗСКИЙ ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ТЕХНИЧЕСКИЙ УНИВЕРСИТЕТ ИМ. И. РАЗЗАКОВА является  флагманом инженерно-технического образования Кыргызстана. Университет готовит высококвалифицированных специалистов по разным направлениям для нашей республики, стран ближнего и дальнего зарубежья. Имеет 5 факультетов; 3 института; 4 филиала; Политехнический колледж КГТУ им. И. Раззакова; лицей КГТУ им. И.Раззакова.
  • КЫРГЫЗСКО-РОССИЙСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯАкадемия образования позволяет получить современные знания и практические навыки по престижным и востребованным на сегодняшний день профессиям. Академия имеет бессрочную лицензию Министерства образования и науки Кыргызской Республики №LD170000937 2017 года и бессрочную лицензию Федеральной службы по надзору в сфере образования Российской Федерации №2250 2016 года на право ведения образовательной деятельности.
  • ТОКТОМАТОВ АТЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТЭл аралык мамилелер, экономика, юриспруденция, менеджмент, интернет технологиялар жана башкаруу, туризм, педагогика, дене тарбия, филологиялык билим берүү багыттары боюнча адистерди даярдайт.
  • Башка окуу жайлардын даректери жана телефон номерлерин төмөндөгү шилтемеден кирип, карап алсаңыздар болот. ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН ДАРЕКТЕРИ

Жогорку окуу жайына онлайн тапшыруу үчүн видео көрсөтмөлөр

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер