ЖОГОРКУ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНА БИРГЕЛЕШКЕН СЕРЕП ӨТҮҮДӨ

  • 27.03.2023
  • 0

Бүгүн, 27-мартта Билим берүү жана илим министрлиги “Кыргыз Республикасындагы жогорку кесиптик билим берүү трансформациялоо жолунда” аталышындагы жогорку кесиптик билим берүү системасына биргелешкен сереп өткөрүүдө.

ЖОГОРКУ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНА БИРГЕЛЕШКЕН СЕРЕП ӨТҮҮДӨ

Жогорку окуу жайлардын ректорлору Кыргыз Республикасында жогорку медициналык билим берүүнү өнүктүрүү: тренддер жана көйгөйлөр, Кыргыз Республикасында инженердик билим берүүнү өнүктүрүү, ЖОЖду өнүктүрүүнүн мыкты моделдери жана практикасы, Жогорку кесиптик билим берүү системасын жакшыртуу боюнча сунуштар ж.б. темаларда баяндамаларды жасоодо.

Университеттин моделин талкуулоо үчүн мамлекеттик түзүмдөр, жогорку кесиптик билим берүү уюмдары, эл аралык уюмдар, көз карандысыз эксперттер, илимий-изилдөө, аналитикалык уюмдар, аккредитациялоочу агенттиктердин өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышууда.

Консультациялардын жана талкуулардын жыйынтыктары республикадагы жогорку билим берүү системасындагы реформаларды пландоого, ЖОЖдорду стратегиялык багыттоону пландаштыруу үчүн негиз болуп берет.

Ошондой эле талкуулардын жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-2030- жылдарга карата планында чагылдырылат.

Бөлүшүү

Комментарийлер