ЖЕТИ ӨЛЧӨП, БИР КЕСЕЛИ

  • 05.08.2020
  • 0

Пандемия учурунда жаңы окуу жылына карата көрүлүүчү даярдыктар жөнүндө Билим берүү жана илим министрлигинин алдында уюштурулган эксперттик-консультативдик кеңештин курамындагы топтордун баяндамалары онлайн-конференцияда талкууланды.

Жаңы окуу жылына карата чечимдер кабыл алына элек

Гезитибиздин өткөн санында белгилегендей, Билим берүү жана илим министрлиги жаңы окуу жылына даярдыкты толук кандуу жүргүзүп жатат. Учурда министрликтин алдында практик-педагогдордон, эксперттерден, билим берүү жаатындагы менеджерлерден турган эксперттик-консультативдик кеңеш иштеп жатат. Ушул топтор менен министрликтин жетекчилери онлайн-конференция өткөрүштү. Анда ар бир топ презентациясын сунуштады, берилген суроолорго жооп беришти.

Кеңештин корутундусу менен башка өлкөлөрдүн жана Кыргызстандын тажрыйбасы изилденип, талданып, окуучулардын жаш өзгөчөлүгүн, балдардын жана педагогдордун коопсуздугун приоритет катары койгон бир нече варианттагы чечимдер кабыл алынат.

Кеңештин мүчөлөрү беш топко бөлүнүп, ар бири тиешелүү багыттар боюнча иш алып барууда. Биринчи топ аралыктан (дистанттык) окутуу мезгилинде ата-энелерге методикалык, психологиялык жардам көрсөтүү боюнча атайын нускаманы иштеп чыгуунун үстүнөн иштесе, экинчи топ башталгыч класстарды окутуунун алгоритмин түзүүдө. Ал эми үчүнчү топ мектеп мугалимдерине дистанциондук окутуунун негиздери, аны туура уюштуруунун жолдору жөнүндө, төртүнчү топ дистанттык окутуу, электрондук каражаттарды жана интернет ресурстарын туура колдонуу жөнүндө мектеп окуучулары үчүн жана бешинчи топ виртуалдык же болбосо онлайн мектеп жөнүндө керектүү маалыматтарды камтыган колдонмолорду иштеп чыгуу үстүндө жумуштарды жасап жатышат.

Белгилей кетсек, түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жаңы окуу жылынын биринчи чейрегин аралыктан уюштуруу пландалып жатат. Кырдаал жакшы жагына өзгөрүүсү менен окуучулар мектепке барып окушат.

Онлайн-конференцияда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова сөз алып, кеңештин мүчөлөрү тез арада иштеп жаткандарына министрдин, министрликтин жамаатынын, дегеле билим берүү системасынын атынан терең ыраазычылыгын билдирди.

— Министрлик ушул кырдаалда эмне кылат деп кайдигер карабай, кандай чечимдерди берет экен дебей жаштар, келечек үчүн баарыңар биригип, абдан жакшы иштеп жатасыздар. Чечимдер жагып, кубаттап турсак да, аны акыркы чечим деп жарыялабай туралы. Дагы да таразага салып, жакшылап талкуулагандан кийин коомчулукка алып чыгабыз, — деди министрдин орун басары.

Ата-энелерге арналган нускама

Аралыктан (дистанттык) окутуу мезгилинде ата-энелерге методикалык, психологиялык жардам көрсөтүү боюнча атайын нускама иштеп чыгуу тапшырмасы боюнча топтун башчысы Гапыр Мадаминов онлайн-конференциянын катышуучуларына презентациясын сунуштады.

— Аралыктан окутуу шартында балдардын үйдө окуусуна шарт түзүү үчүн ата-энелерге нускама иштеп чыктык. Анткени ата-энелер активдүү катышып, балдарды үйдө колдоп, шарт түзбөсө аралыктан окутуунун сапаты төмөн болуусу көрүнүп калды. Ошон үчүн биз былтыркы тажрыйбанын негизинде, анын үстүнө биздин мектепте 20 жылдан бери өтүп жүргөн «Эне мектебинин» тажрыйбасынын негизинде нускаманы түздүк. Буга да кошумча-алымчаңар, сунушуңар болсо, айтыңыздар, — деди Г.Мадаминов.

Анын айтуусу боюнча нускама он бир кадамдан турат экен. Мындан тышкары мектеп жетекчилерине арналган, 14 кадамдан турган нускама да даяр болгонун баса белгиледи.

— Биринчи кадам — аралыкта окутуу процесси башталганда үй-бүлөдө жагымдуу психологиялык чөйрө жаратуу, балдардын кызыгуусун, билим алууга болгон шыгын ойготуу. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы үй-бүлөдө окуу процессине шарт түзүүсү максатка ылайыктуу болот. Экинчи кадам — балдардын мыкты окуусу үчүн сабак даярдоочу атайын бөлмө же орун даярдап, аны стол, стул, жетиштүү жарык (настольная лампа) жана керектелүүчү окуу куралдар менен камсыздоо зарыл. Атайын бөлмө болбосо деле жок дегенде бир бурч уюштуруп, ошол жерге шарт түзүү. Сабак даярдоочу бөлмө өзгөчө санитардык-гигиеналык талапка жооп берип, таза аба болуусу шарт. Үчүнчү — аралыктан окууга керектүү, зарыл техникалык каражаттар: телефон, планшет, ноутбук, компьютер менен камсыздоо зарыл. Эң башкысы техникалык каражаттын сапаттуулугун, балдар үчүн коопсуз экендигине ата-эне маани берүүсү шарт. Бир үй-бүлөдө 3-4 окуучу окугандыктан онлайн-сабактар бир мезгилде туура келсе кайтарым байланыш үчүн мүмкүн болушунча ар бирине өзүнчө техникалык каражаттарды алып берүү жагы ойлонуштурулсун, — деди топтун башчысы.

Кийинки төртүнчү кадамда — үй-бүлөдө аралыктан окуу процесси башталгандан балдардын күн тартибин жана сабактардын жадыбалын мугалимдер класс жетекчи менен макулдашып түзүп, көрүнүктүү жерге илип, жана аларды ошону менен иштөөгө үйрөтүү зарыл. Күн тартибинде балдардын сабакка даярдоосу, китеп окуусу, эс алуусу зарылдыкка жараша күндө жарым саат же бир саат уктап, таза абада жүрүп, эмгек тарбиясын да эске алуу зарыл экенине токтолду. Андан соң телеканалдардын бир жумалык мектеп мугалимдери тарабынан өтүлүүчү онлайн-сабактардын, кайтарым байланыштардын жадыбалын түзүп, баланын сабак даярдаган бөлмөсүнө илип, ата-эне тарабынан көзөмөл жүргүзүлүшү шарт. Телесабактарды өз убагында көрө албай калган учурда, атайын билим берүү порталына, ютуб каналына жүктөлгөн сабактар ата-энелердин жардамы менен балдарга алып, камсыздалышы максатка ылайыктуу экенин Гапыр агай баса белгиледи. Кийинки алтынчы кадамда сабактардын аралыгында он беш мүнөт тыныгууну уюштуруп, таза абага чыгарып, бир туугандары менен ойногонго, гимнастика жасаганга, эс алууга шарт түзүү максатка ылайыктуу экен. Айрыкча балдар үчүн гимнастика кан айланууну жакшыртып, мээнин кабыл алуусу үчүн абдан маанилүү, окуучулар үчүн шириндиктер, мөмө жемиштердин ширелери, суу окуучунун сабак окуган столунун үстүндө турушу өтө маанилүү.

— Жетинчи кадамда — билим берүү программалар, платформалар, пландар, андан тышкары ар бир предметтен балдар эмнелерди маалымат катары алыш керек, билиш керек, болгон көндүм билгичтиктерди мүмкүн болсо ата-энелер билип алышы шарт. Анткени балдарды ал көндүмдөргө багыттап, өздөштүрүүсүнө көмөктөшөт. Сегизинчи — балдарга жакшы окушу үчүн ата-эне ар дайым шыктандырып туруусу зарыл. Мисалы, үй тапшырмаларын жакшы аткарса, жакшы баа алса ошону белгилеп, сүйүнттүрүп, бааларын кагазга жазып, илип коюп, үй-бүлө мүчөлөрүнө айтып, шыктандыруу керек. Ата-эне баласы менен бирге кубанып, эпидемия убактылуу экендигин эскертип, буюрса бул кырдаал таркап кетсе кадимки жандуу окуу процесси башталаарын айтып, эскертип, баланы үмүттөндүрүп, шыктандырып туруу, моралдык-психологиялык колдоо өзгөчө архимаанилүү деп эсептейбиз. Тогузунчу — балдардын телесабактардан тышкары өз алдынча үй тапшырмасын аткаруусуна көз салуу, тапшырмалардын көлөмүнүн берилишин жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө, айрыкча кайтарым байланышка маани берүү, балдардын китеп окуусун уюштуруу зарыл. Урматтуу, ата-энелер, бала интернеттен, телефондон чарчайт, тажайт, ошондуктан алардын столунда предмет боюнча окуу китептери, энциклопедия болушу керек. Бала үй тапшырма аткаргандан кийин да окуу китеп окуусуна шарт түзүү керек. Ал эми онунчу кадамда балдарды моралдык жактан колдоп, өзүн эч убакта жалгыз калтырбоого жол бербөө керек. Мүмкүн болсо балдарды жалгыз үйдө калтырып кетпегенге аракет кылуу зарыл. Аларды классташтары, бир туугандары, кошуналары аркылуу мүмкүнчүлүк болушунча коопсуздук эрежелерин сактап, байланышына шарт түзүп берүү керек. Ата-эне, окуучу класс жетекчи менен бирге байланышып туруусу жакшы натыйжа берет. Окуучу өзүнүн классташтары менен байланышып, тапшырмаларды тактап, ой бөлүшүп туруусу өзгөчө мааниге ээ. Эң акыркы он биринчи кадам — мектепте айрым класстар реалдуу режимде окууга туура келип калса, ата-энелер балдарына керектелүүчү санитардык-гигиеналык шарттарды түзүп берүүсү шарт. Керектүү каражаттарды: беткаптар 2-3 даанадан, антисептик, кол жуучу каражаттар, кол ачуу ж.б.у.с. камсыз кылуусу керек. Эгер 1-класс болсо, ата-энелер алгачкы айларда балдарын мектепке алып келгенде класс жетекчисине ден соолугун айтып, баланын дене табын өлчөп, тапшырып кетүүсү керек. Эгерде баланын дене табы жогору болсо, ал күнү мектепке барбай эле койсо болчудай, — дейт Гапыр агай.

Презентациядан кийин онлайн-конференциянын катышуучулары суроолорун,сунуштарын беришти. Маселен, ата-энелерге психологиялык жардамды кандай беребиз, ата-энелер чогулушун кандай карайсыздар? — деген суроолорго булар мектеп жетекчилерине арналган нускамада белгиленгени айтылды. Ошондой эле кадамдар деп атабай, атайын ата-энеге түшүнүктүү болуш үчүн темаларды коюу жана бул нускама ата-энелер үчүн болгондуктан кайрылуу ирээтинде жазылса деген сунуш берилди. Ошондой эле ата-энелерге кыйын кырдаалдардан кантип чыгуу керек боюнча кеңеш керектиги айтылды.

Башталгыч класстарды окутуунун алгоритмин окутуп чыгуунун жолдору

Бул топтун мүчөлөрү башталгыч класстарды окутуунун жолдору абдан татаал экенин белгилешти. Анткени былтыр 1-класска баргандар 3- жана 4-чейректи аралыкта окуп, көп нерсени унутуп деле калышканын, ал эми быйылкы 1-класска барчу балдарды аралыкта окутуу болбостугун кызуу талкуулап жатышат.

— Бул топту майда топторго бөлүп, өзөктүү маселелерди өзүнчө алып чыгып, эми бириктирип атабыз. Талкууда кандай кылып окутабыз, 1-4-класска чейинби, же 1-2-класстарды эле окутабызбы деген маселелер талкууланып жатат. 1-2-класстарды офлайн режиминде окутууну да карап жатабыз. Окуу процесси кандай болуш керек дегенге токтолдук. Августтун башында 1-класстын мугалимдери келет экен. Мектепке көп нерселерди жүктөбөй демөөрчүлөрдү табуу, практиканттарды тартуу, мугалимдердин айлык акысы, керек болсо кошумча акы төлөө ж.б.у.с. маселелер дагы деле болсо талкууланып жатат, — деди топ башчысы Кеңеш Сайназаров.

Ал эми билим берүү жана илим министрлигинин мектепте, мектепке чейин жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев, 1-классты эки тайпага бөлүп окутканда мугалим бир жумалык ставкасын иштеп, өзүнүн милдетин аткарып жатканын, ага кошумча акы төлөөнүн кажети жок экендигин белгиледи.

Ошондой эле башталгыч класстын мугалимине ассистент катары практиканттарды ишке тартуу, аларга акы төлөө же контракттарынын пайызын азайтуу боюнча да сунуштар айтылды. Бул маселени жождун жетекчилери менен чечүү зарылдыгы бар экени белгиленди.

Дистанттык окутуунун негиздери, аны туура уюштуруунун жолдору

Бул топтун жетекчиси, «Креатив-Таалим» Билим берүү комплексинин генералдык директору Гүлнара Дайырбекованын айтымында, мектеп мугалимдерине дистанттык окутуунун негиздери жана аны туура уюштуруунун жолдору өтө чоң маселе.

— Бул боюнча атайын бир изилдөө жүргүзүп, анан аны илимий жактан негиздеп жана ал тууралуу нускама жазуу көп убакытты талап кылат. Ошондуктан биз азыркы шартка ылайык эле эмнелерди билгенибизди кыска айтып өтөйүн. Негизгиси эки нерсеге токтолдук. Биринчиси — мектеп мугалимдеринин дистанттык режимде окутууну уюштуруусунун кадамдары кандай? Экинчиси — дистанциондук сабак деген эмне жана аны иштеп чыгуунун алгоритмдери. Биринчиде — дистанциондук окутуунун максатын жана милдеттерин так аныкташыбыз керек. Эмне үчүн мен муну айтып атам? Дистанттык режимде окутуу эгерде азыркы пандемия шарты эмес, кадимки дистанттык окутуу болсо, мүмкүн алыстыкта отурган балдарга кошумча билим берүү максатында болушу мүмкүн. Же болбосо башка бир максатты көздөшүбүз мүмкүн. Биздин азыркы максат — реалдуу шартта сабак өтүлбөй аткандыктан, демек балдарга кошумча билим катары эмес, негизги билим берүү болуп аткандыктан дистанттык окутуунун негизги максатын, милдетин ар бир мугалим так аныкташы керек, — деди Г.Дайырбекова.

Экинчиси — ата-энелерди дистанттык окууга карай психологиялык жактан даярдоо. Бул боюнча атайын топ иштеп жатат. Демек, ата-энелерди дистанттык окутууга даярдоо, албетте, бул дагы мугалимдин функциясына кирет. Үчүнчүсү, дистанттык окутуунун өзгөчөлүктөрүн негизге алып, календардык-тематикалык пландарды түзүп чыгуу. Этап менен караганда, биринчи мугалим максатын, милдетин аныктап алса, анан ага ылайык ошо процессти ишке ашыруучу катары ата-энени психологиялык жактан даярдап, дистанттык окутуунун өзгөчөлүктөрүн эске алып, календардык-тематикалык пландарды түзүүдө кичине өзгөртүү менен түзүү зарылдыгы баса белгиленди. Экинчиси — окуп, үйрөнүүгө, текшерүүгө алынган материалдарды жайгаштыруу үчүн платформаны тандоо керектиги айтылды.

— Айрым мектептерде атайын сайт бар, ошол сайтка салынат материалдар. Ошол сайттан бала өзүнүн классын ачып, анан окуйт. Кээ бир мектепте сайт эмес эле, мугалим өзү эле иштеп аткан болот. Демек, мугалим өзү платформаны тандаш керек. Платформаны тандоо мектептин жамаатынын, жетекчилигинин чечими менен болушу керек. Ал жерде бирдиктүү иш болуу зарыл. Платформаны тандоодо республика боюнча эмес, ар бир региондун, ар бир мектептин өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар, өздөрүнүн техникалык абалы бар. Ошого жараша окуп, үйрөнүүгө, текшерүүгө арналган материалдарды жайгаштырууда платформаны тандоо деп койдук. Дистанттык окутуунун үч форматын көрсөтүп атабыз. Кайтарым байланышты уюштуруунун, баалоонун жолдорун аныктоо деп атабыз. Былтыркы жылкы төртүнчү чейректеги практикадан келип чыккан үч форматты сунуштап жатабыз, — деди Гүлнара айым.

Андан соң ал ар бир форматка токтолду, алардын жакшы жагын жана кемчилигин көрсөттү.

Мындан тышкары, онлайн-конференцияда онлайн окутуу, электрондук каражаттарды жана интернет ресурстарын туура колдонуу жөнүндө мектеп окуучуларына атайын колдонмо иштеп чыгуу жана виртуалдык же болбосо онлайн мектеп жөнүндө керектүү маалыматтарды камтыган колдонмо боюнча презентациялар болду.

Убакыт чектелүү болгондуктан кайрадан онлайн-конференция уюштуруу маселеси көтөрүлдү. Ошентип учурда беш топтун мүчөлөрү алымча-кошумчалары менен колдонмолорду талкуулап жатышат. Бир чечимге келгенде, буюрса, аны гезитибиздин кийинки сандарында окурман журтчулугу таанышып калат.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер