ЖЕТИ КАДАМ — ЖЕТИ АЙКЫН МИЛДЕТ

  • 07.03.2024
  • 0

ЖЕТИ КАДАМ - ЖЕТИ АЙКЫН МИЛДЕТ

Билим берүү жана илим министрлиги 2024-2026-жылдарга карата тармакты өнүктүрүүнүн программасын жарыялады. Эмесе алардын ар бирине өзүнчө токтололу.

Ар бир бала бакчага барышы керек

Мектептеги билим берүүнүн сапаты түз болбосо да кайсыл бир деңгээлде мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишине көз каранды экендиги белгилүү. Мисалы, бала бакчага барган окуучу менен барбаган окуучунун айырмасы бир топ. Бала бакчага барган балдардын мектептик шартка көнүгүүсү жеңил жана көйгөйсүз өтөт. Алар класстагы башка окуучулар менен бат тил табышып, өзүнө жана өз ишине тыкан болушат. Ал эми мектепке чейинки билим берүүгө аралашпаган наристенин окуп кетиши, башка балдар менен тил табышуусу, эң биринчиден өзүнө, мугалимине, ошондой эле ата-энесине да көйгөй жаратат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча учурда өлкөбүздө мектеп жашына чейинки балдардын 26,4%ы бала бакчага барат. Бул албетте, аз.

Жаңыдан кабыл алынган «Жети кадам» программасында үстүбүздөгү жылы мектепке чейинки билим берүү менен бөбөктөрдүн 40%ын камтуу жагы  белгиленип, мектепке чейинки билим берүүнүн профилдик институтун негиздөө, 560 кыска мөөнөттүү бала бакчаны иштетүү, Өкмөттүк Акселераторду аймактарга кеңейтүү, Өзбекстандын тажрыйбасын пайдаланып, жеке үй-бүлөлүк бала бакчаларды айлык акы менен камсыз кылуу, мектепке чейинки билим берүүгө каржылоонун жаңы моделин (ваучерлерди, купондук системаны) киргизүү, биргелешкен мониторинг жүргүзүү, уктоо жайларын окуу жайларына оптималдаштыруу (123 миң балага 4909 жай), эко бала бакчаларды ачуу милдеттери коюлган.

Сапаттуу окуу китеби — сапаттуу билимдин ачкычы

Окуу китептеринин жетишсиздиги, алардын эскилиги, сапатсыз мазмуну азыркы мектептин эң бир орчундуу маселеси болуп саналат. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Билим берүү жана илим министрлиги жакын арада «Окуу Китеби» Басма үйүн түзүүнү көздөп жатат. Заман талабына шайкеш келген окуу китептерин даярдоо, басып чыгаруу иштери «Жети кадам» программасында бирдиктүү китеп саясатын жүргүзүү, стандарттарды иштеп чыгуу, окуу китептердин мазмунун жакшыртуу аракеттери менен коштолмокчу. Мындан тышкары, программада көз карандысыз эксперттик кеңештерди түзүү, окуу китептерин апробациялоо, адаптациялоо, «Учкун» ишканасында редакциялоо, кооздоо, шөкөттөө, басып чыгаруу, бул окуу китептеринин электрондук версияларын берүү жагы да эске алынган.

Ошондой эле, кабыл алынган жаңы программада андан кийинки ижара маселесин кынтыксыз жүргүзүү, окуу-методикалык комплекстерин STEM-билим берүү принциптеринин негизинде түзүү,  улуттук контентти эске алуу, жаңы окуу китептеринде «Жашыл экономика» талаптарына көңүл буруу, окуу китептерин басып чыгаруу боюнча эң алдыңкы тажрыйбаларга (Оксфорд, Кембридж, Эстония) таянуу милдеттери ачык-айкын көрсөтүлгөн.

Окуучулардын окуу жетишкендиктерине  улуттук баалоонун (НООДУ) маалыматына таянсак, башталгыч мектептеги балдардын 61,2%ы математикадан, 49,2%ы окуу жана түшүнүүдөн базалык сабаттуулук деңгээлине жете алышпайт. Бул көйгөйдү кантип чечебиз? Ал үчүн министрлик Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментин (сапатты баалоо борборун) түзүп, мугалимдин кесиптик компетенттүүлүгүнө – аттестация/ баалоо/ өз алдынча билим алуу жол-жоболорун, көз карандысыз сертификациялоо ыкмасын камтууну  ниеттенүүдө.

Буга кошумча STEM предметтери боюнча педагогикалык өнөрканалар, чет элдик стажировкалар, «мобилдик мугалим — көчмөн мугалим» усулдук жардамы, мугалимдерди даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун 100 сааттык жаңы форматы киргизилмекчи.

Санарип билим — учур талабы

Глобалдашуу шартында санариптик трансформациянын жетишсиз ылдамдыгы азыркы билим берүүнүн эң бир орчундуу көйгөйү болуп калды. Чындыгында эле, бүгүнкү билим берүүнү санарипсиз элестетүү  мүмкүн эмес. Билим берүү министрлиги муну туура түшүнүп, алдыдагы 2024-2026-жылдар  аралыгында бардык 82 миң мугалимди ноутбук менен камсыз кылууга ниеттенип жатат. Бул асыл максатты ишке ашырууга өлкө казынасынан 2,8 млрд. сом сарпталат.

Муну менен кошо чыгымдарды, штатты жана кайталануучу функцияларды кыскартуу чаралары көрүлүп, Санарип репозиторийлери, Жасалма интеллект, Ачык билим берүү ресурстары түзүлөт жана реалдуу убакыт режиминде мониторинг жүргүзүлөт. Программада онлайн (электрондук) мектепке, санарип диктант, санариптик математикага,  виртуалдык мугалим идеяларына кеңири орун берилмекчи.

Мамлекеттик тилдеги билим алуунун натыйжалуу системасы

Окуучулардын окуу жетишкендиктерине улуттук баалоонун (НООДУ) жыйынтыгы кыргыз тилинде окуган студенттердин окуудагы жетишкендиктеринин төмөндөшүн көрсөтүп, мамлекеттик тилдеги билим алууда  чечилбеген маселелер бардыгын ачыктады. Биз сөз кылып жаткан «Жети кадам» программасында чукул арада натыйжалуу тил үйрөнүү системасын түзүү,  кыргыз тилин үйрөнүү үчүн кайтарымдуу санариптик тиркемелерди ишке киргизүү, ар бир мектепте, ар бир бала бакчада кыргыз класстарын ачуу, кыргыз тилин эне тили жана экинчи тил катары окутуунун ийгиликтүү методикаларын иштеп чыгуу милдеттери так жазылган.

Мектептин ата-энелер жана коомчулук менен байланышы

Мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги, балдардын көйгөйлөрүнө жана психологиялык/моралдык муктаждыктарына ата-энелердин жетишсиз көңүл буруусу өспүрүмдөр арасында суицид, чыр-чатак, бейбаштык көрүнүштөрүнө жол берүүдө. Бул, албетте, өкүнүчтүү. Коомчулук үмүт арткан жаңы программада  мектеп менен ата-энелердин ортосундагы эки тараптуу келишимге зор маани берилет. Бул багытта Кворкинг борборлору иштеп, кошумча билим алууда  ваучерлер колдонула баштайт. Анан албетте, программада өз алдынчалыкты, аң-сезимдүү жоопкерчиликти, камкор мамилени, келечекке даярдуулукту, мектеп жашоосуна катышууну өнүктүрүү боюнча япон моделин жайылтуу, ата-энелердин баланын жашоосуна катышуусунда жеңилдиктерди жана кредиттерди алуу мүмкүнчүлүгү, «Алтын казык»  программасын ишке ашыруу, «Кыргызстанда Келечектеги лидерлер лагерин ачуу, «Ар бир баладан бирден көчөт» демилгесин колдоо, мектепте жогорку калориялуу тамактанууну уюштуруу аркылуу балдардын окуу көрсөткүчтөрүн жана сабакка катышуусун жогорулатуу, мектептерге өзгөчө кырдаалдарда балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча өз алдынча чечимдерди кабыл алуу укугун берүү сыяктуу креативдүү кадамдар бар.

Билим берүүнү башкаруунун жаңы модели

Өлкөдө жүрүп жаткан  административдик-аймактык реформанын алкагында билим берүү системасында да башкарууну оптималдаштыруу аракеттери көрүлмөкчү. Анын биринчи этабында билим берүүнү башкаруунун жаңы модели — билим берүү округдары — министрликке баш ийген облустук билим берүү округдарын түзүү каралган. Экинчи этабында болсо  облустук деңгээлге баш ийген райондук жана шаардык билим берүү райондору түзүлүп, башчыдан жана 10 методисттен турган райондук жана шаардык методикалык борборлор иштей баштайт. Башкарууну оптималдаштыруунун үчүнчү этабында райондук жана шаардык билим берүү округдарын алардын ишинин натыйжалуулугунун негизинде кеңейтүү жана аткарылган иштердин көлөмүн талдоо иштери аткарылат.

Атаандаштыкка жөндөмдүү кесиптик билим берүү

Учурда бизде кесиптик билим берүү мекемелеринин репутациясынын көйгөйлөрү жок эмес жана ошого жараша ишке орношуу, илимий багыттын начар өнүгүшү сыяктуу көйгөйлөр учурайт. Кабыл алынган программа кесиптик лицей — колледж — ЖОЖ байланышын чыңдап, иш берүүчүлөр менен өз ара аракеттенүү, киреше алып келчү ишмердүүлүктү өнүктүрүү, дуалдык окутуу форматын жайылтуу, мектептердин үстүнөн университеттердин насаатчылыгы, илимдин, билимдин жана өндүрүштүн интеграциясы, STEM чөйрөлөрүндөгү долбоорлорго каражат бөлүү сыяктуу алдыңкы идеяларды колдойт.

«Университет 4.0» деңгээлинде инноватор — ЖОЖдорду түзүү, инновациялар жана прикладдык изилдөөлөр, алдыңкы тажрыйба борборлору жана изилдөө хабдары, бизнес- инкубаторлор жана StartUp долбоорлор, акселераторлор, технопарктар жана ковиркинг мейкиндиктери – ушунун баары «Жети кадам» программасында камтылган.

А.АЛИБЕКОВ,   «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер