Жети-Өгүз району үчүн энергетикалык долбоорду КМТУ ишке ашырат
- 16.01.2025
- 0
Жети-Өгүз районунун акими Э.И. Бахавадинов башында турган делегация КМТУга иш сапары менен келип, кызматташтыкты бекемдөө жана биргелешкен демилгелерди талкуулоо максатын көздөдү. Сапардын негизги багыты архитектура жана энергияны үнөмдөөчү курулуш тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу болду.
Жолугушууда окуу жайдын ректору М.К. Чыныбаев конокторго университеттин жетишкендиктери жана артыкчылыктуу багыттары тууралуу баяндама жасады. Ошондой эле араптар презентацияларды жасап, маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча биргелешкен пландарды макулдашты.
Талкуунун жүрүшүндө тараптар Жети-Өгүз районундагы социалдык объекттер үчүн энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу макулдашышты. Мындан сырткары райондо чет элдик архитектор-студенттердин катышуусунда архитектура жана шаар куруу боюнча эл аралык жайкы мектебин өткөрүү чечими кабыл алынды.
Жолугушуудан кийин делегация университеттин лабораторияларын, анын ичинде тамак-аш жана жеңил өнөр жай, энергетика, курулуш, маалыматтык технологиялар жана башка изилдөө борборлорун кыдырып чыкты. Коноктор жабдуулардын заманбаптыгын жана изилдөөлөрдүн кеңири мүмкүнчүлүктөрүн жогору баалашты.
Мындан тышкары, тараптар райондук жол инфраструктурасын өнүктүрүү, заманбап кафе, ресторандар, эс алуу пункттары жана коомдук дааратканаларды куруу долбоорлорун талкуулашты. Бул туристтик аймак катары районду өнүктүрүүгө салым кошору белгиленди.
Иш сапардын жыйынтыгы КМТУ менен Жети-Өгүз району ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө негиз болуп, ар кандай тармактарда ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.
Комментарийлер