ЖЕТЕКЧИ -ОКУМУШТУУ АГАЙДЫН ЖАҢЫ ИЛИМИЙ ЭМГЕГИ ЖАРЫК КӨРДҮ

  • 02.10.2023
  • 0

ЖЕТЕКЧИ -ОКУМУШТУУ АГАЙДЫН  ЖАҢЫ  ИЛИМИЙ ЭМГЕГИ ЖАРЫК КӨРДҮ

             Улуттун алтын кору—илимпоздор. Алардын арасында Б.Юнусалиев, А.Салиев, К.Асаналиев жана С.Жигитов сыяктуу фундаменталдуу эмгектерди жаратуу менен бирге  мамлекеттик жана коомдук иштерди да жигердүү аркалап, элине ак кызмат кылган улуу инсандар, чыныгы окумуштуулар  бар. Кийинки муундардан илимде да, жетекчилик кызматта да талбай эмгектенип, тынбай изденип келаткан окумуштуу,  өлкөгө ак кызмат кылган убарлуу  ректор —Абдылда Мусаев.

         Ал кырк беш жылдан бери жогорку билим тармагында иштеп, жөнөкөй окутуучудан эмгек жолун баштап, декан, проректор, ректор, министр кызматтарына жеткен. А.Мусаевдин жетекчилиги астында К.Карасаев атындагы БМУ өлкөдөгү мартабалуу университеттердин бирине айланып, эл аралык байланыштары бекемделип, Чыгыштан Батышка чейинки  таанымал университеттердин катарына кошулду. Илимпоз катары да, жетекчи катары да аты алыска угулуп,  таанылган Абдылда Мусаев Япониянын Сока, Пекиндеги улуттар жана Синьцзянь университеттеринин ардактуу профессору наамын алган. Ондон ашык монография, окуу китептери жана окуу куралдарынын, эки жүздөн ашык илимий эмгектердин автору, илимий иштери SCOPUS, Web of Science, РИНЦ системаларында индекстелген   эл аралык мартабалуу илимий журналдарга жарыяланган.

          Абдылда Мусаевдин  баса белгилей турчу эки өзгөчөлүгү бар, биринчиси — жетекчилик менен окумуштуулукту бирдей ала жүрөт, экинчиси — кыргыз жана орус тилдерин бирдей мыкты билет.

        Билим берүүдө белгилүү уюштургуч, устат педагог, таанымал адабиятчы жана котормочу Абдылда Мусаевдин  2022-2023 жылдары эле “Сүрөткер: адамдык жана чыгармачылык тагдыр”, “Чыгармычылыктын психологизми” өңдүү бир катар фундаменталдуу илимий  эмгектери жарык көрдү.

ЖЕТЕКЧИ -ОКУМУШТУУ АГАЙДЫН  ЖАҢЫ  ИЛИМИЙ ЭМГЕГИ ЖАРЫК КӨРДҮ

             Жакында “Гармония: Мезгил-адам-коом” (Б.:2023) деген аталыштагы дагы бир китеби окурмандардын колуна тийди. Ар дайым университеттин окуу, илимий жана каржылык-чарбалык уюштуруу иштери, менеджменти менен алек болуп жүрсө да, илимий изденүүлөргө да убакыт таап, учурдун уңгулуу маселелерине үн кошуп, аны чечүүнүн жолдорун издеп, мезгил менен үзөңгүлөш жүрүп, билим берүү, коомдун идеологиялык багыттары, адабият боюнча жазган акыркы эмгектери бир китепке топтоштурулган. Китеп алты бөлүмдөн турат.  Биринчи бөлүм “Инсандын руханий өнүгүүсү жана билим берүү системасы: ХХ1 кылымдын чакырыктары” деп аталып, ага беш макала кирген. Мугалидик кесипти А.Мусаев сыртынан эмес ичинен билет. Ошон үчүн анын “Келечек муундун калыптанышынын ачкычы мугалимдин колунда” аттуу макаласында мугалимдик кесиптин байыртан бери коомдо аткарган иши, ойногон негизги ролу кызыктуу фактылар, ишенимдүү аргументтер менен салыштырма типологиялык планда каралып, кеңири талдоого алынып, ынанымдуу жыйынтык чыгарылган. Макаланын ибараты—мугалимге сый-урмат көрсөткөн, анын карашалаган эмгегин баалаган эл гана өнүгөт. Ал эми “Инсандын руханий өнүгүүсү жана билим берүү системасы: ХХI кылымдын чакырыктары” эмгеги инсандын калыптануу көйгөйү дүйнөлүк масштабда, жалпы адамзаттын жана улуттук салттардын  контексинде каралган.

          Жалпы түрк дүйнөсүнүн экономикалык, тарыхый-маданий интеграциясы маселесин изилдеген кийинки макаласында автор тили, дини маданияты, тарыхы,түпкү теги бир өлкөлөрдүн ортосундагы интеграциялык процесстерди бекемдөө багытында  конструктивдүү сунуштар менен бирге, жүйөлүү ой-пикирлерин айткан. Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы билим берүү тармагындагы жемиштүү кызматташуу жана бул байланыштардын түпкү тамыры автор тарабынан тарыхый контексте каралган.

Абдылда Мусаевдин илимпоздук тагдыры залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков менен тыгыз байланышкан. Анын Т.Сыдыкбековдун чыгармаларындагы адам концепциясына арналган монографиясы адабият илиминде өзгөчө орунда турат. Акыркы отуз жылда роман жанрынын маселелери, жаңы мезгилдеги адабият кандай болот деген уңгулуу көйгөйлөрдү иликтөө менен чектелбестен, Т.Сыдыкбековдун чыгармачылыгы боюнча жаңы изилдөөлөрдү жаратты. Залкар жазуучунун “Биздин замандын кишилери”, ”Тоо арасында”, “Көк асаба”, “Бел-белесте” романдарынын жаралышына, образдар системасын, сюжет жана композиция маселелерин автор жаңы өңүттөн карап иликтөөгө алып, улам тереңдетип жүрүп отурган.

         “Сүрөткер жана тагдыр” аттуу эмгегинде автор жазуучу Казат Акматовдун “Мезгил”, “Күндү айланган жылдар” жана “Архат” романдарынын көркөмдүк философиялык маанисин, кыргыз адабиятына алып келген жанылыктарын конкреттүү талдоолордун негизинде көрсөтүлгөн.

       Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романы тууралуу көп адабиятчылар жазган. Алардан айрымаланып А.Мусаев “Төлөгөн Касымбековдун поэтикасы” деген эмгегинде романдын поэтикасын салыштырма-типологиялык планда терең изилдөө менен образдар системасын, идеялык— көркөмдүк өзгөчөлүгүн терең ачып берген.

           Тажрыйбалуу жетекчи, белгилүү илимпоз Абдылда Мусаевдин бул китеби окурманды кайдигер калтырбайт. Бул эмгек ар дайым изденүү күүсүндө жүргөн автордун адабият илимине кошкон дагы бир жаңы салымы катары баалаганыбыз туура.

                                                          Аскар Медетов, филология

                                                          илимдеринин кандидаты

Бөлүшүү

Комментарийлер