ЖЕРТӨЛӨДӨГҮ ӨЗГӨЧӨ КИТЕПКАНА

  • 02.02.2023
  • 0

Каракол шаарында өзгөчө «Дем» китепканасы ачылып, шаар тургундарына үч жылдан бери кызмат кылууда. Бул китепкананын башкалардан артыкчылыгы – ичинде кофейня, конференция залы жана иштөөчү жайы бар.     

ЖЕРТӨЛӨДӨГҮ ӨЗГӨЧӨ КИТЕПКАНА         

Мындай өзгөчө китепкана ачкан демилгечилердин бири  —  Ахмет Макаев.  Ага өзгөчө китепкана ачуу идеясы 2020-жылы Бишкек шаарындагы китеп саткан дүкөнгө барганда пайда болгон.  Ал дүкөндө эки стол коюлуп, китеп окуу менен биргеликте кофе, чай ичип отурса болот. Ошондо окуучулардын жакшы ойлорду талкуулап жатканына күбө болуп, дал ушул идеяны Караколдо да ишке ашыруу чечимин чыгарган. Идеясын алгач достору менен бөлүшүп, алар менен отуруп талкуулап, болочоктогу имараттын дизайнын түшүрөт. Имарат үчүн керексиз бир жертөлөнү оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, каражатты үнөмдөө үчүн өздөрү да кошо иштешкен. Түнгө чейин калган учурлары да болгон. Жертөлөгө техника кире албагандыктан жети КамАЗ таштандыны колу менен чыгарган.

ЖЕРТӨЛӨДӨГҮ ӨЗГӨЧӨ КИТЕПКАНА

  • Бизге “силер кимсиңер, бул иштен кандай пайда табасыңар?” деп суроо салгандар көп болот. Чындыгында, биз, өнүгүп-өскөн өлкөдө жашайлы деген максат менен жүргөн эле адамдарбыз. Өнүккөн абалга жетүү үчүн ириде аң-сезим, жүрүм-турум, тарбия, маданият, билимибизди жогорулатышыбыз керек экен. Аң-сезимди өстүрүүчү булак – бул китеп. Ошондуктан “Демди” креативдүү-социалдык  долбоор  катары эсептейбиз. Бул бизге эч кандай каражат алып келбейт, тескерисинче, айрым учурда чыгымдарды өз чөнтөгүбүздөн төлөйбүз. Биздин башкы максатыбыз – жаштарды китеп окууга тартуу, кызыктыруу.  Миссиябыз — жаштарга жакшы шарттарды түзүп берип,  үлгүлтүксүз окууга, өзүн-өзү өнүктүрүүгө дем берүү деп эсептейбиз.  Билим берүү мекеме, үй-бүлөдөн кийинки өзүн өнүктүрүүнү каалагандарга платформа бололу деген эле ой, —  дейт демилгечи.

Китепкана ачуу демилгесин Ахмет Макаев көтөргөн болсо, иш жүзүнө ашырууга достору, жакындары жана Каракол шаарынын тургундары болуп жалпы миңден ашык адам салым кошту.

Башында китепкананын ичинде кофейня жана окуу залы гана болгон. Былтыркы жылдын жаз айларынын биринде кинозал менен коворкинг зона кошушкан. Кинозал көп функционалдуу, ар кандай иш-чараларды да өткөрүүгө ыңгайлаштырылган. Жаштарга мотивациялык  иш-чараларды өткөрүү дагы бир багыты болгондуктан, биринчи жылы эле автордук, музыкалык кече, китептин презентациясы сыяктуу 388 иш-чара өткөн.

Учурда 4000ден ашуун орус, кыргыз, англис, түрк тилиндеги китептер бар, анын көпчүлүк бөлүгү жаңы басылып чыккан. Буюрса, китептин санын 6000ге жеткирүүнү максат кылат. Китептер ашар жолу менен республика боюнча чогултулган. Азыр деле Бишкек шаарында китеп чогултуп бергендер бар. Кээ бир кайрымдуу инсандар социалдык тармактардан «китептерди чогултуп койдук, алып кеткиле» деп кайрылса, атын атагысы келбегендер жөн эле берип жиберет. Келген коноктордун арасынан «салым болсун» деп акча таштап кеткендери да бар.

Китеп окуу үчүн атайын система иштелип чыккан. Мисалы, келген китептер жаңы болгону үчүн үйдө окууга берилбейт. Кокус салып алган болсо же уурдап кетүүнү кааласа китепке орнотулган чип эшиктен чыгып кетерде белги берет. Ал эми ижара акысы – китептин наркынын он пайызын гана түзөт. Мисалы, 500 сомдук китеп болсо, 50 сом гана төлөнөт. Ижара акысынын эң кымбаты 50 же 60 сом. Бир эле жолу төлөнгөн акы менен китепти толук окуп бүткөнчө колдоно алат. Бул ыкма менен демилгечилер окулуп бүткөн китептин жөн эле текчеде туруусун алдын алат. Бир китепти сатып алгандын ордуна он китепти окуса болот деген максатты коёт.

  • Бул долбоордун экинчи максаты — ашар жолун жайылтуу. “Дем” китепканасын ашар жолу менен ачууну башында эле тилек кылганбыз. Пандемия убагында, Баткен окуясында кыргыз элинин бири-бирине жардам бергенин көрдүк. Ашарды биз жалаң эле кризис убагында эмес, тынч убактарда деле жакшы долбоорлорго жумшаса болорун көрсөткүбүз келди. Китепкананын курулушу пандемия убагына туура келип, чогултулган каражатты үнөмдөө үчүн өзүбүз колубуздан келген иштерди жасаганбыз. Демек, ашар жолунда адамдар бир гана финансылык жактан эмес, тажрыйбасы, билими, кадыр-баркы менен да салым кошсо болот, — дейт  Ахмет.

ЖЕРТӨЛӨДӨГҮ ӨЗГӨЧӨ КИТЕПКАНА

Демилгечинин айтымында, бул долбоорду иштеп баштаганда «эмне кыласыңар, азыр жаштар китеп окубайт, телефонду эле чукулайт» деген скептикалык ойду айткан адамдар да болгон.  Ошондо да кол куушуруп отуруп калбай, максатынан артка кайтпай, баштаган ишти аягына чейин бүтүрүп көргүбүз келет деген позицияны карманган.

  • Ошондо бул иштин аягына чыкканыбыз жакшы болуптур. Көрсө, жаштарга шарт түзүп берсек окуйт экен. Күнүнө 200дөн ашык адам келип жатат. Анын арасында дайыма келип китеп окуган рекордчулар да бар. Биздин артыкчылыгыбыз — китепкананын ичиндеги атмосфера. Келип бардык адамдардын китеп окуп отурганын көргөн жаңы конокторубуз да окуй баштайт. Кээ бир жаштардын жылуулук же бекер вайфай үчүн келгенин байкайбыз. Биринчи ошол үчүн келсе, андан кийин китеп окуп отургандарды көрүп кызыгып, окуп отургандарын көрүп кубанабыз. Шаардын борборунда жайгашкандыгы да ыңгайлуу болууда. Жаштар дагы биздин мамилебизди, камкордугубузду сезип, күнүгө же күн алыс келе башташат. Сабагын окуп, дипломун жазгандар да бар. Бири-бири менен баарлашып, шахмат ойнойт, айтор, өсүп-өнүгүүнү каалагандар ушул жерде. Ишкерлер да бизнес жаатындагы жакшы китептерибизди окуу үчүн келип турат. Билим берүү, өнүгүү,  мотивациялык мекемелер менен көп кызматташканга аракеттенебиз. Белгилүү ишкерлер Караколго келгенде тренинг өтүп берүүсүн суранабыз. Жакын арада өтүүчү иш-чараны Инстаграм баракчабыз аркылуу жарнамалап, конокторду кабардар кылабыз, —  дейт Ахмет.

 

Китепкананын дагы бир артыкчылыгы —  “асма кофе” деген салты бар. Келген конок бир кофе алса, артынан экинчи кофени башка конок үчүн алып таштап койсо болот. Кээде шаардан жеке ишкерлер «менден баланча кофе» деп акча салып коет. Канча кофе бар экенин уюштуруучулар Инстаграмдагы баракча аркылуу жарыялап турат. Кофейнядагы суусундук, таттуулар окуучулардын чөнтөгүнө туура келгендей баада коюлган. Китепкананын коммуналдык кызматы, колдонулуучу каражаттар, кызматкерлердин эмгек маянасы сыяктуу чыгымдарын жабууга гана жетет.  Беш-алты кишиден турган кеңеш өз убактысына ыңгайлаштырып, китепкананын ишине, көйгөйлөрүнө көз салып турат.

Келечекте китепкананын жанында ресурстук борбор ачуу планы бар. Анда онлайн сабактарды өткөрүүнү,  чет тил, IT курстарын ачууну максат кылат. «Дем” китепканасы башкаларды да шыктандырып, Кызыл-Суу айылынын эли айылга ушундай китепкана ачты. Андан сырткары, долбоорду жети дубанга жайылтууну көздөгөн Ахмет борбор калаада да ачуу иштерин жүргүзүүдө. Эгерде долбоорду ишке ашырууну каалагандар болсо, тажрыйбасы  менен бөлүшкөнгө даяр.

 

 

КИТЕП ОКУУГА БАЛАҢЫЗДЫ КАНТИП КЫЗЫКТЫРАСЫЗ?  

 

Журналист Гүлайым Калыбекова да китепкөй инсан. Беш жана төрт жаштагы кыздарын китеп окууга кызыктырууга азыртадан аракеттенет.

  • Кыздарымдын китеп дүйнөсүнө кирип, маанисин түшүнүшүнө абдан аракет кылам. Алгачкы аракетим студент кезимде бала тарбиясы тууралуу жана балдарга арналган китептерди чогултуудан башталган. Эне болгондон кийин кыздарым ар кандай буюмдарга кызыга баштаган кезинде эле колуна китептерди да карматып, барактатып, өзүм ага аяр мамиле кылуу керектигин чоң адамга айткандай эле түшүндүрүп берчүмүн. Сүрөттөргө кызыга баштаган кезинде сүрөттүү чоң китептерди оюнчук катары берип, бирок айрыганга, чийгенге болбой тургандыгын кайталап эскертчүмүн. Ушундан улам кыздарым чынында китепке өзгөчө аяр мамиле кылууну үйрөнүштү. Үйүбүздө келген мейманды кайдыгер калтырбаган китеп текчебиз бар. Кыздарым каалаган китебин алып ары бери көтөрүп, окуган түр көрсөтүп, бири-бири менен китеп тууралуу сүйлөшүп ойношот. Иш жүзүндө күнүгө бир жомок окууну адатка айлантып алганбыз. Кыздарым көнүп калгандыктан менин бошобой жатканыма же чарчаганыма карабай сөзсүз окутушат. Мындай адатты калыптандыруу эң оңой: балага эки-үч күн катар китеп окуп берип, күнүгө окуп туруш керектигин айтып койсо эле калганын менин кыздарымдай болуп өз мойнуна алып, аркаңдан ээрчип жүрүп аткартат. Болгону ал суранганда урушуп салбай суранычын аткара бериш керек. Ага 10 мүнөт гана убакыт кетет. Ушул 10-15 мүнөт баланын келечеги үчүн чоң пайдубал, балалыгынан унутулгус сонун эскерүү болуп калат. Бала китепке жакын болушу үчүн үй-бүлөнүн таасири абдан чоң экенин өз практикамдан улам билем. Кичинекей кезимде үйүбүздө элүүгө жетпеген китептен турган өтө чакан китеп текче бар эле. Ошол китептердин турушу эле мага зор таасир калтырган, — дейт Гүлайым Калыбекова.

Он, жети жана алты жаштагы үч баланын энеси, дизайнер Анара Токтосунова болсо бала китеп окушу үчүн эң оболу эне китеп окушу керек деп эсептейт.  “Балаңды тарбиялап убара болбо, өзүң тарбиялуу бол. Бала сени көрүп чоңоёт” деген сөздү бекем карманат.

  • Биздин үй-бүлөдө атайын “үй-бүлөлүк китеп окуу таблицасы” деген таблицабыз бар. Күндө ким канча бет окуйт белгилеп жазып турат. Көп окуганга сыйлыктарды уюштурабыз. Жеңүүчү балким, атасы, же мен, же балдарым болуп калышы мүмкүн. Ошондой эле китепканаларга көп алып барам, өздөрү кызыккан китептерин тандап алышат. Китепке акча аябайм. Үйдө китеп окуу сааттарын уюштурабыз. Уктар алдында атабыз балдарына жомок окуп берет, ал жокто мен окуп берем. Китеп окуу, план түзүү, күн сайын жакшыруу, кызыктуу жашоонун эрежелерин түзүп чыгуу менен балам экөөбүз жума сайын алектенебиз. Калгандарын ошол эрежелерге үндөйбүз, — дейт Анара.

Айгерим Токтобаева «КУТ БИЛИМ»

Бөлүшүү

Комментарийлер