Жер-суу аталыштары, терминдер калыпка салынат

  • 19.04.2024
  • 0

Жер-суу аталыштарын жапырт каалагандай которуп эч нерсе таппайбыз. Бул тууралуу КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов илимий конференцияда билдирди.

Жер-суу аталыштары, терминдер калыпка салынат

 

Бүгүн ««Терминология», «Ономастика» – коом жана мезгил» аталышындагы илимий конференция өттү. Ал Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедиясы жана терминология борбору тарабынан Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына  жана Кыргыз энциклопедиясынын  55 жылдыгына арналган.

Иш-чарада төраганын орун басары Эдил Байсалов сүйлөп, терминология, ономастика темасы учурдагы өтө татаал маселе экенине токтолду.

Жер-суу аталыштары, терминдер калыпка салынат

 

«Жер-суу аталыштарын жапырт каалагандай которуп эч нерсе таппайбыз. Бөрк ал десе баш алмай адатыбыз бар. Топонимикада бизде илгертен келаткан тарыхый аттарыбыз бар, аларды  калыбына келтирип, терминологиядагы талаштуу маселелерди бирдейлештирсек жакшы болмок.

Улуу, белгилүү кишилердин, тууган-туушкан, куда-сөөктүн аттарын бере берүү, менимче,  туура эмес көрүнүш. Аларды сыйлайлы, бирок тилдин, аталыштардын эрежеси башка да, ошондуктан баарын эле которо бериштин пайдасы эч кимге тийбейт. Жер аттарын, тарыхты, маданиятыбызды сактап калалы», – деген Э. Байсалов окумуштуу, илимпоздорду бул маселеге кылдаттык менен көңүл бурууга чакырды.

Жер-суу аталыштары, терминдер калыпка салынат

 

Кыргыз энциклопедиясы жана терминология борборунун директору Темирбек  Осмоналиев мезгил өзгөргөн сайын бул тармак да өзгөрүүлөрдү талап кылат деди. Анын айтымында, 1929-жылдан азыркыга чейин 300гө жакын терминологиялык сөздүк чыкса да бир калыпка салынган эмес.

Жер-суу аталыштары, терминдер калыпка салынат

 

“Бул сөздүктөр жеке адам, мамлекет, окуу жай тарабынан каржыланып, жарыкка чыккан. Бирок алардын бирөө дагы бир системага салынып, бирдейлештирилген эмес. Мисалы, ондон ашык медицина аталыштагы сөздүктө бир эле терминдин бир нече кыргызча аталышы бар.  Биз  чаржайыт колдонулган терминдерди бир калыпка салалы, жер-суу аталыштарындагы жасалма түрүндө өзгөрүп кеткен илгерки тарыхый аттарды кайтаралы деген максатта окумуштууларды бириктирип, чечүү жолдорун талкуулап жатабыз”, – деди борбордун директору.

Жер-суу аталыштары, терминдер калыпка салынат

Тарыхчы, коомдук ишмер Алмаз  Кулматов тил өтө тез саясатташкан талылуу маселе. Сөз эле эмес, тыныш белгилери да укуктук, экономикалык мааниге ээ деп эсептейт.

«Мисалы, Жогорку Кеңештин 2008-жылдын 26-июнундагы № 567 токтомунун менен бекитилген “Кыргыз тилинин жазуу эрежелерине” ылайык жер-суу аттар (энчилүү аттар) алеки заматта өзгөрүп, эн алдыда элге, тейлөө кызматтарына, социалдык-экономикалык мекемелерге эбегейсиз түйшүк, карым-катнаштан тартып финансылык маселелерде, эсептешүүдө башаламандык жаратты. Ысык-Көл «Ысыккөл» болуп жазылды, Кара-Үңкүр «Карүнкүргө» айланды. Кесепетин аким кезимде башыман өткөрдүм. Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн дыйкан чарбасы бир кезде соцфондго, салыкка, банкка жана башкаларга эски аталышы менен катталгандыктан, алардын маалымат системасы Акталаа, Кошдөбө сөздөрүн кабыл албай, далай убара тартышты: акчасын ала албады, убагында салыгын төлөй албады, туум төлөдү, айтор, арбын финансылык жана моралдык чыгым болушту. Социалдык-экономикалык, маданий, логистикалык, саясий натыйжаларын, пайда-зыянын ойлобой жасалган иш ушундай болот экен.

Ат берүү айрым учурларда алдуулардын, акчалуулардын кусаматын канааттандыруунун формасына айланды. Кадырлай турган, эмгегин барктай турган эл башчылары, журт акылмандарынын ысымдары көчөлөргө, мекемелерге, мектептерге туш келди ыйгарылды. Ыйгарылганы го дурус, кантип жаздык… “Б. Батыра” деген көчө бар. Мурдагы Совет көчөсүнүн башы. Негизи “Байтик баатыр” атындагы көчө болууга тийиш эле. Байтиктин атынан аталгандай болгон. Аткара келгенде “Б. Батырага” айланды. Белгилүү адамдардын ысымдарынан коюлган объектилер ката, туура эмес жазылгандыктан, ысымы коюлган кишинин жынысы өзгөрүп, же индоевропа тилдеринде, анын ичинде орус тилинде “средний род” сөз түркүмүнө кирип, жансыз зат атоочту билдирип калган учурлар да кездешет», — деди.

Тарыхчы ырааттуу топонимикалык саясат жүргүзүү учур талабы деп кошумчалады.

Иш-чарада жогоруда айтылган маселелер боюнча баяндамалар окулуп, кызыктуу талкуу болду.

Жер-суу аталыштары, терминдер калыпка салынат

 

Жыйынтыгында адистер жер-суу аталыштарын илимий жактан изилдөөнү жандандырып, тарыхый аттарын тактоону, географиялык топонимдерди калыбына келтирип, системага салууну, аталыштарды иликтөөдө  жер-суу шартына, турмуштук окуяларга байланыштуу келип чыккан атоолорго көңүл буруу зарыл. Ошондой эле социалдык, саясий, экономикалык, илимий жана техникалык багыттагы көптөгөн терминдерди тармактар боюнча бөлүштүрүп, текшерип чыгууну, аларды иштеп чыгууда адабий тилдин грамматикалык ченемдерин колдонууну бекем сактоо жана сөздүктөрдү басып чыгаруу боюнча иштерди аткарууда талаптарга өзгөчө көңүл буруу керек деген сунуштарын айтып, резолюция кабыл алышты.

Эльвира КАКИЕВА

Сүрөттөр Турсунай Калмурат кызына таандык

Бөлүшүү

Комментарийлер