ЖЕМКОРЛУКТУ АЛДЫН АЛУУ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 23.01.2025
  • 0
 Баткен мамлекеттик университетинде  билим берүүдөгү жемкорлуктун алдын алуу маселесине арналган жыйын өттү. Иш-чаранын негизги максаты – университетте ачыктыкты камсыздоо жана жемкорлукка каршы күрөшүү механизмдерин өркүндөтүү.
ЖЕМКОРЛУКТУ АЛДЫН АЛУУ ТАЛКУУЛАНДЫ
Жаңы кабыл алынган жемкорлукка каршы мыйзам жыйындын негизги талкуу темаларынан болду. Бул мыйзамга ылайык, коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү адам мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлей албайт жана күнөөсүн моюнга алуу менен материалдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө келишим түзүүдө, эркинен ажыратуунун эң төмөнкү мөөнөтүнүн кеминде жарымы дайындалат. Андай адамдардын жакындары, туугандары да мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштей албайт. Мындай кылмыштар үчүн айып салуу жокко чыгарылат.
ЖЕМКОРЛУКТУ АЛДЫН АЛУУ ТАЛКУУЛАНДЫ
Жыйындын жүрүшүндө ректор жаңы мыйзамдын маанисин, анын талаптарын ишке ашыруу жолдорун жана университеттин бул мыйзамды аткаруудагы жоопкерчилигин талкуулашты. Мыйзамдын ишке кирүүсү жемкорлукка каршы күрөшүүдө олуттуу кадам катары бааланды.
Билим берүү тармагындагы жемкорлуктун коомго тийгизген терс таасирин баса белгилеп, анын алдын алуу үчүн чечкиндүү кадамдар зарыл экендигин айтты. Ошондой эле кызматкерлердин жана студенттердин ортосундагы ишенимди бекемдөө, ачык-айкын башкаруу системаларын киргизүү жана бул багытта конкреттүү иш-чараларды ишке ашыруу боюнча сунуштар талкууланды.
Жыйынга профессордук-окутуучулар курамы, кызматкерлер катышып, жемкорлуктун алдын алуу боюнча өз ойлору жана сунуштары менен бөлүштү. Жыйындын соңунда белгиленген иш-чаралардын натыйжалуулугун камсыздоо үчүн биргелешкен аракеттерди улантуу зарылдыгы баса белгиленди.
Бөлүшүү

Комментарийлер