ЭМИ ЖЕКЕ МЕНЧИК БАЛА БАКЧАНЫ ЛИЦЕНЗИЯ АЛБАЙ АЧУУГА БОЛОТ

  • 27.02.2023
  • 0

Бишкек шаарында 12 бала бакча курулат. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев менен жолугушуусунда билдирди.

ЭМИ ЖЕКЕ МЕНЧИК БАЛА БАКЧАНЫ ЛИЦЕНЗИЯ АЛБАЙ АЧУУГА БОЛОТ

Садыр Жапаров өз сөзүндө быйыл Бишкекке 12 бала бакча жана бир чоң мектеп салынып жатканын билдирип, мындан ары билим берүү мекемелерин курууга жеке ишкерлер тартыларын, курулуш үчүн жерин бекер берүү жана коммуникациясын киргизүү сыяктуу бардык шарттар түзүлөрүн айтты. Айтымында, мындай шарттар региондорго да түзүлүп, жеке менчик секторуна толук укук берилет.

Президент менен жолугушуусунда Каныбек Иманалиев жетишпей жаткан бала бакчалардын санын көбөйтүү үчүн мындан ары жеке менчик бакчаларды эркин, лицензиясы жок ачууга жол берилерин айтты.

— Бизде азыр мектеп жашына чейинки куракта 1 млн 200 миң бала бар, алардын баарын бала бакча менен камсыздоо үчүн 2 миң 600 бала бакча кура албайт экенбиз. Андыктан бала бакча ачууга талап кылынган лицензияны жокко чыгаралы да, каалаган адам бала бакча ача берүүсүнө шарт түзүп берели, — деди.

Кыргызстандагы мектепке чейинки курактагы 1 млн 200 миң баланын ичинен 200-220 миңи гана бала бакчага барат. Акыркы жылдары бала бакчанын саны өсүп, мектеп жашына чейинки балдар ар түрдүү билим берүү программасы менен камсыздалып жатканына карабай, бала бакчалар дагы да жетишсиз бойдон калууда.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоо 24% түзөт. Вариативдүү, тагыраак айтканда, кыска мөөнөттүү, үй-бүлөлүк, өнөктөштүк, жеке менчик бала бакчаларды ачуу жана кошумча билим берип, мектепке даярдоочу программалар менен камсыздоону кошкондо жалпы деңгээли 47% жетет.

ЭМИ ЖЕКЕ МЕНЧИК БАЛА БАКЧАНЫ ЛИЦЕНЗИЯ АЛБАЙ АЧУУГА БОЛОТ

Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмаз Токтомаметов мүмкүн болгон бардык ыкмаларды колдонуу менен балдарды бала бакчага тартуу зарыл деп эсептейт.

— Жеке менчик бала бакчаларды ачууда талап кылынган лицензияны алып салуу менен бала бакчаларды көбөйтүү ыкмасы — кеңири колдонулуп келаткан дүйнөлүк практика. Маселен, Казакстан лицензияны убактылуу алып коюп, балдарды бакча менен камсыздоону 97 пайызга жеткирди, — дейт.

Буга чейин жеке менчик бала бакчаларды ачуу үчүн 16 документ даярдоо талап кылынган. Мындай узак жана татаал түйшүктөр жеке менчик бала бакчаларды ачууга тоскоол болуп келген.

Мындан ары каалагандар, тагыраак айтканда, билими жана шарты бар жарандар билдирүү жолу менен гана жеке бала бакча ача алат. Эң башкысы – санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөн жана өрт өчүрүү кызматынан акты алып, мамлекеттик билим берүү стандартын аткарууга тийиш.

ЭМИ ЖЕКЕ МЕНЧИК БАЛА БАКЧАНЫ ЛИЦЕНЗИЯ АЛБАЙ АЧУУГА БОЛОТ

Жеңилдетилген шартта дагы көп сандаган бала бакчалар ачылса, атаандаштык түзүлүп, балдар үчүн ыңгайлуулуктар артып, натыйжада бала бакчанын саны менен бирге сапаты өсөрүндө ишеним чоң, анткени сапат бир гана атаандаштык менен көтөрүлөт. Андан тышкары, эртели кеч бала багып үйдө олтурууга аргасыз болгон кыз-келиндер иштеп, акча таап, үй-бүлөсүн багып, биринчи кезекте балдарынын муктаждыктарын канааттандыра алат.

Адистердин айтымында, бала бакчага барган баланын деңгээли бала бакчага барбаган балдарга караганда 17% жогору болот. Ал эми үч жашка чейинки баланы тарбиялап-окутууга жумшалган инвестиция кайтарымы 17 эсе, алты жашка чейинки балдардан 12 эсе, ал эми 10 жашка чейинки балдардан болгону жети эсе кайтып, тарбия жугуму улам азая берери илимде далилденген.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер