ЖЕКЕ МЕНЧИК БАЛА БАКЧАЛАРДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК СОЦИАЛДЫК ЗАКАЗ ПРОГРАММАСЫ БАШКА ШААРЛАРГА ЖАЙЫЛТЫЛАТ

  • 26.08.2019
  • 0

Бишкек шаарында пилоттук режимде текшерип көрүү үчүн киргизилген мектепке чейинки билим берүү тармагындагы мамлекеттик социалдык буйрутма программасын башка шаарларда дагы иштетүү пландалууда.

Программаны аткаруучу болуп Билим берүү жана илим министрлиги эсептелет.

Программанын төмөндөгүдөй артыкчылыктары бар:

—  Калктын аярлуу катмарына багытталган,

— Төлөм баланын ата-энесине социалдык талон аркылуу жеке менчик бала бакчанын акысынын 50% кем болбошу керек,

— Жеке секторду кызматташууга тартуу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү,

-Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган бюджеттик каражатты үнөмдөө.

Ɵкмөттүн басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, баа саясатын аныктоо үчүн Бишкек жана Ош шаарларындагы жеке менчик бала бакчаларга кошумча мониторинг жүргүзүлгөн. Социалдык тейлөө кызматын көрсөтүүчүлөрдү тандоо критерийине ылайык, Бишкек шаары боюнча 2014-жылдан 2019-жылга чейин лицензия алган 73 жеке менчик бала бакча боюнча маалыматтар чогултулган.

Бишкек шаары боюнча мониторинг:  3500дөн 6000 сомго чейин – 9 бакча; 6000ден 8000 сомго чейин – 22 бала бакча; 8000ден 10000 сомго чейин — 42 бакча.

Бул тизмеден тышкары ар бир ата-эне өзү жана баласы үчүн ыңгайлуу болгон бала бакчаны тандаса болот.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жеке бала бакчалардын документтерин кабыл алуу жүргүзүлүүдө. 2019-жылдын 15-майына карата жеке менчик бала бакчалардан бардыгы болуп 12 билдирме келип түшкөн, алардын ичинен 9 бакчанын билдирмеси жайгашкан жерине барган техникалык комиссиянын чечими менен канааттандырылды.

  • «Капелька счастья», Дэн Сяопина пр, 551;
  • «Бекхан», Токмок көчөсү, 65;
  • «Карлсон»,   Восточная көчөсү, 64;
  • «Балдар ааламы», Л.Толстой көчөсү, 97а;
  • «Герман Гмайнер окуу-тарбиялоочу SOS» мекемеси, А.Токтоналиев, көчөсү, 137а;
  • «Кенгуренок» мектепке чейин билим берүү жана тарбиялоо борбору» ЖЧК, Бакаев көчөсү, 141;
  • «Бала бакча-наристе «Нур Бала» ЖЧК, 7-кичи район, 23/4а;
  • «Бала бакча «В гостях у Пеппи длинный чулок» мекемеси, Осипенко көчөсү, 38;
  •  «Слоненок» ЖЧК, Армейская көчөсү 10/3.

Жеке менчик бала бакчалар жалпысынан 300 орун берет.

Учурда жарандардан  каалаган бала бакчасына социалдык талон алуу үчүн билдирмелер кабыл алынууда.

Белгилей кетүүчү жагдай, программа Бишкек шаарында пилоттук режимде киргизилген. Учурда билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу органдар тарабынан социалдык буюрма программасын жеткиликтүү кылуу жана калкты көбүрөөк тартуу үчүн каржылоо механизмин өзгөртүү боюнча иштер жүргүзүлө баштады.

Мамлекет тарабынан дотациялоо өлчөмүн көтөрүү болжонууда.

Бишкек шаарында сынамык мезгили аяктагандан кийин, 2020-жылдан баштап программаны башка шаарларда дагы иштетүү пландалууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер