ЖАЙЛООДО ӨТКӨН ЖАЙКЫ КАНИКУЛ

  • 18.08.2022
  • 0

Алыскы Алай районундагы Гүлбурак жана Гүлкайыр жайлоо бакчалары быйыл жайда айтылуу Аскалы жана Бооке жайлоосун жердеди.

Алай районунун Сары-Могол айылындагы жергиликтүү калктын жана малчы-чабандардын балдары жайлоо бала бакчаларында эс алууну билим менен айкалыштырып өткөрүштү. Жайлоонун салкын төрүндө бир колуна чүкө, бир колуна китеп кармап балалыктын бактылуу күндөрүн башынан өткөргөн бул тестиерлерге чынында суктанбай кое албайсың. Алар көк шиберге жайылган шырдак, төшөктөрдө кыргыз жомокторун угуп, чүкө, топ таш сыяктуу нукура кыргыз оюнчуктары менен ойноп, моокумдары канды.

ЖАЙЛООДО ӨТКӨН ЖАЙКЫ КАНИКУЛ

Быйыл Бооке жана Гүлкайыр жайлоо өнүгүү борборунда болжолдуу алганда, жүзгө жакын бала эс алды. Акындар ырга салгандай, оңой менен адамдын буту баспаган “микробу жок тоолорду” жердеп, балдарды атайын эс алууга алып чыккан бала бакчанын жетекчиси Базаргүл Сарытаеванын айтымында, бул балдар негизинен карапайым элеттик малчылардын балдары.

— Жайлоо бала бакчасындагы балдар бул жакта деле кадыресе айылдын турмуш шартында тарбияланат. Алар таң атпай туруп, жайлоонун таза абасы менен дем алып, булактын мөлтүр суусун ичип, ат минип, жаңы саалган сүттөн сары май, курут даярдаганга жардамдашат. Андан тышкары күнү кечке ар кандай жумуштар менен алектенишет. Анан сөзсүз түрдө китеп окуп, түрдүү ийримдерге катышат. Балдар мындай түйшүктүн көптүгүнө капаланбайт деле, тескерисинче, ар бир ишке кызыгуу жана жоопкерчилик менен мамиле жасашат. Айрыкча, жайлоо турмушу шаар жергесинен келген балдарга аябай жагат, — дейт Базаркүл Сарытаева.

Ал айткандай, жайлоо өнүгүү борборлорунда балдар ар түрдүү жомок китептерди окушуп, сүрөт тартып, кол өнөрчүлүк менен алектенишет. Тарбиячылар күнүнө үч сааттан сүйлөө, эсептөө жана башка маанилүү көндүмдөрдү өөрчүтүүгө үйрөтүшөт.

ЖАЙЛООДО ӨТКӨН ЖАЙКЫ КАНИКУЛ

Кесиби боюнча сүрөтчү-дизайнер А.Молдалиева бул жайлоо бакчасына жылда барып, балдарга мастер-класстарды өтүп келет. Ал ар жылы барган сайын, балдар мурунку жылдан кыйла айырмаланып, кадыресе чоңоюп калганын көрүп кубанарын айтат.

— Жылда барганда ошол балдарда кандай өзгөрүү болгонун байкоо мага аябай кызык. Айрыкча кандай өсүп жаткандыгы, мурун кандай эле, азыр кандай болуп калды, өсүү барбы-жокпу, эмнеге кызыгат деген сыяктуу өзгөрүүлөрдү байкап, өзүмчө анализ жүргүзөм. Алгачкы эле мастер класстарда улуттук баалулуктарга басым жасайм. Боолордун ар кандай түрлөрүн, андан эмне жасоого болорун практика жүзүндө көрсөтүп беребиз. Мисалы, этнопедагогика боюнча өрмөк жасоо, боз үйдүн боолорун өрүп көрсөтүү, суверин таштарга сүрөт тартуу, боектор менен оюндар, аквагримм сүрөт тартуу ыкмаларын ж.б. көрсөтөбүз жана кыймылдуу спорт оюндарын ойнойбуз. Бул мастер-класстар балдардын жаш өзгөчөлүгү боюнча өтүлөт, — дейт сүрөтчү-дизайнер.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер