ЖАШ ТҮРКОЛОГДОРДУН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

  • 25.09.2019
  • 0

23-24-сентябрда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде Түрк тил коомунун колдоосу менен Жаш түркологдордун VIII эл аралык симпозиуму болуп ѳттү. Симпозиум быйыл “Кутадгу билигдин” 950 жана Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына арналды.

ЖАШ ТҮРКОЛОГДОРДУН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

Симпозиумдун негизги максаты түркология багытындагы жаш илимпоздордун таанышуусун, академиялык турмушка аралашуусун, ошондой эле өз ара пикир алышуусун камсыз кылуу, тил илими, адабият, фольклор, тарых, этнография, археология, философия жана тил үйрөтүү сыяктуу түркологиянын негизги маселелери боюнча келечекте олуттуу эмгектерди жаратууга түрткү берүү, тажрыйбалуу окумуштуулардын жолун уланта турган жаш түркологдорду тарбиялоо жана илимий өңүттөн калыптануусунда аларга жардам көрсөтүү болуп саналат.

Бул жылы симпозиумга катышууга жүздөн ашык кайрылуу болуп, алардын ичинен 43 илимий макала тандалып алынды. Кыргызстандан ‒ 25, Түркиядан ‒ 5, Азербайжандан ‒ 4, Казакстандан ‒ 3, Өзбекстандан ‒ 4, Түндүк Кипр-Түрк Республикасынан ‒ 2 жаш түрколог катышты.

Иш-чаранын ачылышында түркология бөлүмүнүн башчысы Бурул Сагынбаева:

“Ар бир симпозиум түрк дүйнөсүндөгү чыгаан инсандарга, тарыхый окуяларга, белгилүү чыгармаларга арналып өткөрүлүп келе жатат. Бүгүнкү күнү “Кутадгу Билиг” чыгармасынын 950 жылдыгы Түрк дүйнөсүндө эки жерде белгиленүүдѳ. Бири — Түрк тили уюму тарабынан Түркияда, ал эми экинчиси — КТМУда. Симпозиумдун максаты — илимге келген жаштарга багыт берүү жана улуу муундун эстафетасын алып кетүү, жаш окумуштууларды бириктирүү”, — деп жаш окумуштууларга ийгилик каалады.

Окуу жайдын ректору Себахаттин Балжы Кыргыз-Түрк  “Манас” университетинде ѳзгѳчѳ адамзатка кызмат кыла турган келечек инсандарын тарбиялоого кѳңүл буруларын, жаштар ѳздѳрүнүн тарыхын жана маданиятын жакшы билүүсү керектигине токтолду.

  • Жаштар улуттук баалуулуктарды билиши керек. Ата-баларыбыз эбегейсиз бай мурастарды калтырып кеткен. Ал мурастарды таанып билүүдѳ, албетте, тарых жана түркология илими сѳзсүз керек. Бул жаатта биздин университет өзүнүн миссиясына, көздөгөн максатына ылайык эл аралык симпозиум, конференция, семинар жана башка илимий жыйындарды өткөрүп турат. Жалпы эле түрк дүйнөсүндөгү илимге дилгир жаштардын бири-бири менен таанышуусун, академиялык чөйрөгө аралашуусун, илимий пикир алмашуусун камсыз кылуу максатында уюшулган бул симпозиум да ѳз максатына жетет деп ишенем. Жаштарга ийгилик каалайм”, — деди.

Андан кийин сөз сүйлөгөн Түрк тили уюмунун төрагасынын орун басары Фейзи Эрсой түрк элдери тарыхка басым жасаган элдерден экендигин, эгерде тарых барактарынан өчүрсө, анда тарых барактары бош каларын айтып, төмөндөгүлөргө токтолду: — Биз дүйнө тарыхына көптөгөн баалуулуктарды бердик. Алардын бири – тил. Эң маанилүү чыгармалардын бири – “Кут алчу билим” болуп эсептелет. Мына бүгүн анын жазылгандыгынын 950 жылдыгын белгилеп жатабыз. Кээ бир улуттар 200-300 жылдыгын белгилөөдө. Маани берсеңиздер, биз чыгармалардын 950 жылдыгын белгилеп жатабыз. Ал эми Орхон жазууларына 1300 жыл болду. Тилибиздин тарыхы андан да узак жылдарга барат. Бирок, тилекке каршы, колубузда эмгектер жана далилдер жок».

КТМУнун Гуманитардык факультетинин деканы Лайли Үкүбаева: “Бүгүн Кыргызстанда кош майрам өтүп жатат. Бүгүнкү күнү кыргыз тилинин 30 жылдыгын майрамдап жатабыз. Чындыгында кыргыз тили түрк элдеринин эң байыркысы. Бүгүнкү күнгө чейин дүйнөлүк маданиятка салым кошкон элдик оозеки чыгармалардын туу чокусу катары эсептелген “Манас” эпосун жеткирген тил болуп эсептелет. Кыргыз тили оор жолду басып өттү десек жаңылышпайбыз. Советтер союзунун учурунда тилчилердин өткөргөн статистикасы боюнча 197 тилден 97 гана калган экен. Кыргыз тили ошол 97 тилдин ичине кирет. Бул кыргыз тилинин улуулугун, түбөлүктүүлүгүн  билдирет. СССР учурунда кыргыз тили экинчи, үчүнчү планда калып калган. Кудайга шүгүр, азыркы күндө кыргыз тили жакшы абалда. Тил жоголуп кетпеши үчүн ошол тилди колдонуу керек. Жаштарга айтарым, башка тилдерди канчалык жакшы кѳрсѳңѳр да, эне тилиңер болгон кыргыз тилин сүйгѳнүңѳрдѳн жаңылбагыла”, — деди.

Симпозиум эки күнгѳ созулуп, анда республиканын ар кыл аймактарынан жана чет мамлекеттерден келген жаш түркологдордун илимий докладдары талкууланды.

Бөлүшүү

Комментарийлер