ЖАШ МУУНДАРГА УЛУТТУК ЖАНА УНИВЕРСАЛДЫК НАРКТАГЫ ТАРБИЯ КЕРЕК

  • 28.12.2022
  • 0

Балдардын тарбиясы колдон чыгып кетти, кыргыз коому бушайман ойдун чеңгелинде турганда, өлкөдөгү аттуу-баштуу педагогдор Бишкекке чогулуп, заманбап доордун тарбия иштерин канткенде таасирлүү алып баруу керек деген маселени талкуулашты.

ЖАШ МУУНДАРГА УЛУТТУК ЖАНА УНИВЕРСАЛДЫК НАРКТАГЫ ТАРБИЯ КЕРЕК

Баш калаадагы «Маариф»  мектебинде Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган республикалык биринчи тарбия форуму үй-бүлөлөрдө тарбия иштеринин таасири жакшы болбой, кээ бир мектептерде мугалим менен окуучулардын ортосунда конфликт чыгып, ал эми педагогдордун аракети жаңы заман чакырыгына жооп бербей, кризистик көрүнүштөр күчөгөн учурга туш келди. Балдардын тарбиясындагы кемчиликтер үчүн мектеп ата-энени, ата-эне мектепти күнөөлөгөн адат күчүндө.

Көп жылдан бери бул багытта мамлекеттик бирдиктүү саясат жок болуп келип, аздыр-көптүр иш жыла баштаганына аз эле убакыт болду.

«Жалпы билим берүү уюмдарынын 1-11-класстарынын окуучулары үчүн тарбия иштеринин жана тарбия сабактарынын  программасы иштелип чыгууда. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген «Инсандын рухий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» концепцияда белгиленгендей, үй-бүлө инсандын руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнүн пайдубалы болуп саналат. Ошондуктан ата-энелердин балдарды окутуп-тарбиялоого болгон дареметин көтөрүү – учурдун талабы болуп саналат», — деди форумдагы сөзүндө билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов.

Эң алгачкы жана түбөлүктүү мугалим

Ырас, балдардын тарбиясы биринчи кезекте үй-бүлөнүн мойнундагы жоопкерчилик. Ошол эле убакта азыр энесине кызы баш бербей, атасын балдары укпай калган үй-бүлөлөр да көп. Демек, жаңы доордун балдарына таасирлүү тарбия берүү жагынан ата-энелердин потенциалын көтөрүү дагы учурдун маанилүү талабы болуп калды.

«Балдардын билим жана тарбия сапатын жакшыртуу үчүн мектептин, мугалимдин ишмердиги аздык кылат. Ошондуктан ата-энелердин педагогикалык маданиятын өнүктүрүү боюнча дагы иштер жүргүзүлүп жатат. Ата-энелердин балдарды тарбиялоодогу жана аларга кам көрүүдөгү көндүмдөрүн жакшыртуу, жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алуу максатында 2022-жылдын 1-октябрынан баштап республика боюнча пилоттук негизде 272 бала бакчага жана 522 мектепке «Ата-энелер мектеби» программасы киргизилди», — деди министр.

«Ата-энелер мектеби» программасы Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан атайын сунушталган максаттуу программа. Аны А.Калдыбаева, А.Муратов, Г.Мадаминов, С.Рыспаев сыяктуу белдүү окумуштуулар, педагогдор иштеп чыккан.

Ата-энелердин өздөрүн окутуу жалпы эле окуу-тарбия деңгээлинин жакшыруусуна алып келе тургандыгын Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминовдун педагогикалык ишмердиги кашкайта көрсөтүп турат. Бишкектеги тарбия форумунда жалпы кыргыз журту кадырлаган педагог өзү да мастер класс өткөрүп, ата-энелер менен иштөөнүн маани-маңызына токтолду.

«Ата-энелердин педагогикалык маданиятын жогорулатуу деген биздин кулакка чоочун угулушу мүмкүн. Педагогдордун маданиятынын ата-энеге кандай кереги бар? Бул аксиоманы карасак, мындай деген сөз бар экен: «Ата-эне – эң алгачкы жана түбөлүктүү мугалим». «Үй-бүлө – дүйнөдөгү эң кичине жана түбөлүктүү мектеп». Мен жалаң гана Мадаминовдун атын атабастан, дүйнөлүк бир-эки шилтеме берейин. Масару Ибуканын «Үч жаштан кийин кеч» деген китебин билесиздер. Ошол жерде айтылып жатат, үч жаштан кийин тарбия кеч болуп калат деп. Үч жашты кой, бизде алты жашка чейин балдар педагогикалык маданияты, билими жок ата-энелердин колунда калып, мектепке келип жатат», — деди
Гапыр Мадаминов.

Чынында эле, ар бир үй-бүлөнү өзүнчө бир тарбиячыга айлантуудан балдар да, ата-эне да, коом да, мамлекет да утат турбайбы. Демек, ата-энелерди педагогикалык бир минимумга окутуу ишин жалпылап колго алуу милдети турат. Бул ишти Гапыр Мадаминов өзүнүн Лейлектеги №3 эксперименталдык гимназиясында эчактан бери эле жүргүзүп келатат, анын иш тажрыйбасы Кыргызстандын башка региондорундагы мектептерге да тарап
жатат.

«Ата-эне өзү үйдө бир жолу да китеп окубаса, үй-бүлөлүк китепкана болбосо, энциклопедия, сөздүк, справочник болбосо, балдар каяктан китеп окусун. Азыр бир мындай мода кирген, китеби 300дөн аз болгон үй-бүлөнү рухий жакыр үй-бүлө деп жарыяладык. Эгер мугалимдин китеби дагы 500дөн аз болсо, анын мугалим болуп иштешке моралдык укугу жок. Мен өзүмдүн мугалимдериме айтып жатам, ар бир айлыгыңардан 500-1000 сомду китеп алышка бөлүп койгула. Бул кайыр-садаканын да ордуна өтөт, дыйканды дыйкан кылган кетмени болсо, мугалимди мугалим кылган анын монографиясы, энциклопедиясы», — дейт Гапыр агай.

Ата-энелерди окутуу тажрыйбасы жер-жерлерде эң жакшы натыйжаларды берүүдө. Гапыр Мадаминовдун өзүнүн эксперименталдык гимназиясынын окуучуларынын жетишкендиги эле бул жерде эң кашкайган факт. Эгерде ар жылы ЖРТдан окуучулардын республика боюнча орточо баллы 124.5 болсо, Мадаминовдун гимназиясындагы окуучулардын орточо баллы 173 болуп жатат. Ал эми эң алдыңкы окуучулары Алтын сертификат алууда. Бир класстан 23 окуучу бүтсө, анын 18 жогорку окуу жайына бюджеттик орундарга өтүп жатат.

ЖАШ МУУНДАРГА УЛУТТУК ЖАНА УНИВЕРСАЛДЫК НАРКТАГЫ ТАРБИЯ КЕРЕК

Улуттук-универсалдык тарбия

Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Тууганбай Коңурбаев салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарга тарбиялоонун маанисине токтолду:

“Үй-бүлөлүк салттар — бул муундан-муунга өтүп келе жаткан кадимки үй-бүлөлүк нормалар, жүрүм-турум, үрп-адаттар жана мамилелер. Үй-бүлөлүк салттар бир жагынан, дени сактыктын (В.Сатир) же функционалдык (Э.Г.Эйдемиллер ж.б.) маанилүү белгилеринин бири, экинчи жагынан, үй-бүлөлүк каада-салттардын болушу үй-бүлөлүк өз ара аракеттенүү мыйзамдарын кийинки муундарына өткөрүп берүүнүн маанилүү механизмдери: үй-бүлөлүк жашоонун бардык чөйрөлөрүндөгү ролдорду бөлүштүрүү, үй-бүлөлүк байланыш эрежелери, анын ичинде чыр-чатактарды жана пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү. Үй-бүлөлүк салттар коомдук, диний жана тарыхый каада-салттарга жана ырым-жырымдарга негизделет, бирок алар чыгармачылык менен өзгөрүлүп, толуктоолор менен коштолот, ошондуктан алар ар бир үй-бүлө үчүн өзгөчө мааниге ээ”.

Бүгүнкү ааламдашуу шартында байгер, бакубат жашоо издеп Кыргызстандан чет өлкөгө кетүүнү гана самап турган жаштардын катмары да өсүп жатканы кейиштүү көрүнүш. Акыркы 30 жылда Кыргызстанда эле эмес, КМШ өлкөлөрүндө жаштарды тарбиялоодо алгылыктуу багыт табылбады. Бул аралыкта мамлекеттик деңгээлдеги программалар кабыл алынып, тарбиялоонун бир нече концепциялары жазылды. Алардын көбү максатына жеткен жок. Ал эми айрымдары идея, сунуш деңгээлинде калып жатты. Ошондуктан азыркы шартта кыргыз коомунда космополиттерди эмес, чыныгы мекенчил жаштарды өстүргөн тарбия жолуна түшүү абдан маанилүү болуп турат.

“Бардык улутка таандык үч багыт бар: Улуттук, универсалдык (жалпы адамзаттык); улуттук — универсалдык. Эгер биринчи багыт боюнча тарбияласак (30 жылдан бери, негизинен, ушул багыт иштеп келет), жыйынтыгында улутчулдукту алабыз. Улутчулдук, ааламдашуу шартында, түпкүлүгүндө жаман эмес. Бирок бир мамлекетте бир эле улут жашабайт. Экинчи багытта космополиттерди алабыз, өз улутун ойлобогон адамды да бүгүнкү коом кабыл ала бербейт. Акыркы, үчүнчү багыт, бүгүнкү жаштарды тарбиялоодо кызмат кылат деп айтууга негиз бар. Анткени алгач өз улутуңду, анын тарыхын, каада-салттарын бил, андан кийин башка элдердин баалуулуктарын үйрөн, аларга сабырдуу мамиле жаса деген чакырык жатат.  Биздин балдар бүгүнкү күнү ушундай баалуулуктардын негизинде  тарбияланууга тийиш”, — деди Т. Коңурбаев. Эстетикалык тарбия

Окуучу балдарга адеп-ахлактык, патриоттук жана эстетикалык тарбия берүүдө кошумча билим берүү уюмдарынын аткарган ишинин мааниси чоң. Тарбия форумунда “Балажан” республикалык окуу-методикалык жана эстетикалык тарбия борборунун директору Дарья Мусина бул темада өзүнчө презентация жасады:

“Эстетикалык тарбия баланын гармониялуу инсан болуп өсүшүндө жана калыптанышында маанилүү роль ойнойт: эмоционалдык интеллект, креативдүүлүк, маалыматты издөө жана иштөө, ишкерлик мамиленин искусствосун өздөштүрүү, өзүн-өзү уюштуруу ж.б. сыяктуу көндүмдөрдү, сулуулукту баалоо, чыгармачылык жаратмандыкка, өз алдынча билим алууга, өзүнүн шык-дараметин ачууга болгон  умтулуусун өнүктүрөт”.

Эстетикалык билим берүүнүн патриоттук тарбия берүүдө да мааниси чоң. Балдар өзү туулуп-өскөн жердин койнунда чоңоюп, анын барк-баасын түшүнөт, ата-энесинин, жердештеринин жетишкендиктери менен сыймыктанат, Мекен деген ыйык түшүнүккө  тарбияланат.

Вокалисттер менен жеке аткаруучулардын «Мен кыргызстандыкмын жана мен муну менен сыймыктанам» фестивалы, «Ысык-Көл досторун чакырат» эл аралык этно карнавалы, «Ысык-Көл балдардын көз карашында» деген аталыштагы лидерлердин эл аралык слету, көркөм сүрөткө шыктуулардын «Эрудит» республикалык телевизиондук интеллектуалдык оюну «Балажан» баштаган кошумча билим берүү уюмдарынын жылыга жүргүзүп жаткан иштеринин бир чети гана.

Тарбия иштерин жүргүзүүдө милдеттүү жалпы билим берүү менен кошумча билим берүүнүн потенциалын, ресурстарын жана чыгармачылык күч-кубатын бириктирүү багытында да активдүү иш-аракеттер зарыл экендиги калетсиз.

Бөлүшүү

Комментарийлер