“ЖАСАЛМА ТИЗМЕ, МЫЙЗАМСЫЗ ЭМГЕК АКЫ”: НАРЫН УНИВЕРСИТЕТИН КАЙСЫ КАРА ТЕКЕ СҮЗДҮ?

  • 10.04.2024
  • 0

“ЖАСАЛМА ТИЗМЕ, МЫЙЗАМСЫЗ ЭМГЕК АКЫ”:  НАРЫН УНИВЕРСИТЕТИН КАЙСЫ КАРА ТЕКЕ СҮЗДҮ?Нарын мамлекеттик университетинин бир катар жетекчилеринин коррупцияга айыпталып кармалышы билим берүүнүн беделине көө сүйкөгөн жаманатты окуялардын бири болуп калды. Андан мурда Талас мамлекеттик университетинде да финансылык мыйзам бузуулар табылганы белгилүү. Учурда өлкөдө коррупцияга каршы аеосуз күрөш жүрүп жатканда,  жогорку окуу жайлардагы колу таза эмес жетекчилер да кылтакка илинүүдө.

УКМК тараткан расмий маалыматка караганда, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин (НМУ) жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 6 млн сомго жакын бюджеттик каражатты мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы боюнча кармалды.

Тактап айтканда, республиканын башка аймактарындагы белгилүү окумуштууларды жана окутуучуларды ЖОЖдун профессордук-окутуучулук курамынын тизмесине жасалма түрдө киргизүү жолу менен алардын атына катталган банктык карталарга узак убакыт бою эмгек акы чегерилип келген. Текшерүү убагында 2016-жылдан азыркы учурга чейин эмгек акы мыйзамсыз чегерилип келгени ачыкталды.

Суракка алынган илимдин кандидаттары жана докторлору университет менен эч кандай кызматташтык мамиле болбогондугун жана аталган окуу жайда окутуучулук жана башка иш-аракеттерди жүргүзбөгөндүгүн (анын ичинде активдүү эмес окуу жүктөмдөрү үчүн), ошондой эле эмгек акы дагы албаганын айтышкан.

Ошондой эле мазмуну окшош бир диссертациялык ишти кайра-кайра колдонуу фактылары аныкталып, мында илимий жетекчи катары ар башка профессорлор көрсөтүлгөнү аныкталган. Кээ бир учурларда акчалай төлөмдөрдү көбөйтүү максатында илимий-изилдөө иштерин башкаруу үчүн окуу жүктөмдөрү (курстук, магистратура ж.б.) расмий белгиленген ченемдерден тышкары бөлүштүрүлгөн. Окуу жайдын реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн эске албастан, студенттердин санын көбөйтүү максатында университеттин айрым структуралык бөлүмдөрүн кайра түзүү билим сапатына зыян келтирип, жеке түрдө жетекчилерди материалдык жактан байытуу максатын көздөп келгени УКМКнын маалыматында айтылат.

Учурда окуу жайдын башка кызматкерлеринин бул мыйзамсыз иштерге, тартип бузууларга катыштыгы болушу мүмкүндүгүн аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-оперативдик иликтөө иш-чаралары улантылып жатат. Учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыктан азырынча айтылгандын баары айныгыс чындык деп айтуу эрте.

НМУдагы жаманатты кылган окуяга бул жакта мурда жетекчилик кызматтарда иштеп кеткен окумуштуулардын пикирлерин сурадык. Алар негизинен тоо койнундагы университеттин региондун социалдык-экономикалык өнүгүшүндөгү маанисин баса белгилешип, андагы коррупция фактыларына ишенгиси келбейт.

“ЖАСАЛМА ТИЗМЕ, МЫЙЗАМСЫЗ ЭМГЕК АКЫ”:  НАРЫН УНИВЕРСИТЕТИН КАЙСЫ КАРА ТЕКЕ СҮЗДҮ?“Нарын мамлекеттик университети – бул Кыргызстандагы регионалдык жогорку окуу жайларынын арасында алдыӊкы, прогрессивдүү, потенциалы жогору окуу жайларынын бири. Мен өзүм ушул университетте 15 жыл эмгектенип, ректор да болуп, университетин ички потенциалын жакшы билем”,-деди Салидин Калдыбаев, педагогика илимдеринин доктору, профессор, Ала-Тоо эл аралык университетинин илимий иштер боюнча проректору.

 “Университетте алдыны көздөй умтулуу, дүйнөлүк жетишкендиктерди тез аранын ичинде өздөштүрүп, окуу-тарбия процессине кеӊири жайылтуу маселеси жакшы жолго коюлган. Биринчиден, өткөн кылымдын аягы, 2000-жылдардын башынан тартып эле университетте билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселеси приоритеттүү деп эсептелип, жаӊы структуралык бөлүмдөр ачылып, сапаттуу билим берүүдө, студенттердин жана мугалимдердин ортосундагы эл аралык жана ички мобилдүүлүктү ишке ашырууда НМУ Кыргызстандын университеттерине үлгү боло алган. Экинчиден, Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ичинен биринчилерден болуп электрондук платформаларды колдонуу менен электрондук окуу китептерин түзүү жана окуу процессинде колдонуу боюнча ийгиликтүү иш тажрыйбаларды топтоп, башка окуу жайларына методикалык жардам көрсөтө алган”.

EdNet билим берүү Агенттигинин электрондук окуу методикалык комплекси боюнча эки жолку уюштурулган конкурсунда университеттин мугалимдери биринчи орунду камсыз кылышканы буга далил болуп эсептелет.

Университеттин үч окумуштуусу (А.Акматалиев, Н.Чоробаева, Ж.Байтуголова) Фулбрайт стипендиясынын жеӊүүчүлөрү болушкан. Бул – регионалдык жогорку окуу жайларынын ортосундагы эӊ жогорку жетишкендик.  Жылдан жылга университеттин инфраструктурасы жакшырып келүүдө. Университет менен өндүрүштүн ортосундагы кызматташуулар кескин жакшырды. «Университет 4.0» концепциясынын талаптарына НМУнун ишмердиги жооп бере баштады. Илимий изилдөөнүн натыйжаларын өндүрүшкө жайылтууга мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө.

“Менин бул белгилегеним университеттеги аткарылып жаткан алгылыктуу иштердин бир чети гана. Эӊ негизгиси, НМУ – Нарын облусунун жаштарына өзүнүн негизги үч функциясын – билимди, тарбияны берүүчү жана маданиятты калыптандыруучу мекеме экени баарыбызга белгилүү. Нарын мамлекеттик университети – өнүгүү темпи жогору, потенциалы күчтүү университет, келечекте өзгөчө статустагы университеттердин катарынан орун алууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Университет тууралуу, анын өнүгүү келечегине оӊ пикирде бололу деген эле ойдомун”,-деди Салидин Калдыбаев.

“ЖАСАЛМА ТИЗМЕ, МЫЙЗАМСЫЗ ЭМГЕК АКЫ”:  НАРЫН УНИВЕРСИТЕТИН КАЙСЫ КАРА ТЕКЕ СҮЗДҮ?Нарын мамлекеттик университети уюшулганына үстүбүздөгү жылы 28 жыл болду. Союз тарап, завод-фабрикалар токтоп, элдин көбү жакырчылыкта кыйналып, иш жок, жумушсуздук курчуп турган учурда тоолуу региондо университет ачылганы мааниси чоң окуя болгон. Жакшы саамалык болуп, алты жүзгө жакын абитуриент агылып келген, дейт Теңир-Тоодо университет уюшулган биринчи күндөн барып, жыйырма жыл иштеп кеткен биология илимдеринин кандидаты, профессор Токтосун Атанаев:

“Бир нече багыттар боюнча, анын ичинде мугалим даярдоо, айыл чарба, экономика, юридика жана башка адистиктер боюнча элеттик жаштар билим ала баштаган. Биз дагы жоопкерчиликти сезип, аз айлык болсо дагы, изденүү менен түн жарымына чейин иштеп жүргөн учурлар болгон. Аз убакытта эле университеттин таанылып кетишине алгачкы ректор Жанат Жаманкулов зор салым кошту. Андан кийин  бул кызматты аркалаган Алмазбек Акматалиев (1998-2010-жылдар) жогорку окуу жайды эл аралык аренада таанылышы үчүн көп мээнет кылды. Университеттин студенттери эл аралык конкурстарга катышып, байгелүү орундарды ээлеп, чет өлкөлүк окуу жайлардан билим алып келгендер болду. Жылдан жылга өнүгүп, жаңыланып бутуна туруп, эл чарбасына, мамлекетке зарыл адистерди даярдап келатат”.

Профессордун айтымында,  чынында Бишкектеги окумуштуулар, мугалимдер  Нарындын шартына чыдап иштебейт. Нарын облусунда бул университетсиз иш кыла албайт. Ошондуктан андагы мыйзам бузуулар акыйкат иликтенип, бүтүндөй университетти жаманатты кылуудан оолак болуш керек.

“Жалпы университет жамантты болбой, калыс пикирлерди эске алышса дейм. Эгерде  жетекчилик тарабынан мыйзам бузуулар болсо, тергөө аныктап, сот күнөөлүү деп тапса, жазасын алыш керек да. Бул окуя университеттин кадыр-баркына доо кетирип, залакасын тийгизип жатканы өкүнүчтүү”.

“ЖАСАЛМА ТИЗМЕ, МЫЙЗАМСЫЗ ЭМГЕК АКЫ”:  НАРЫН УНИВЕРСИТЕТИН КАЙСЫ КАРА ТЕКЕ СҮЗДҮ?Нарын мамлекеттик университети 1996-жылы 22-майда түзүлгөн. Университеттин карамагында айыл чарба техникуму, педагогикалык коллеж, адистерди кайра даярдоо борбору, интернет борбор жана лицей бар. Университетте оболу 36 кафедра түзүлсө, азыркы тапта алар ирилештирилип, 57 кафедра жана бир нече борбор иштеп жатат.

Дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинин алкагында аймактык денгээлде билимдин‚ илимдин, техниканын жана маданияттын жетишкендиктерин жайылтуучу борборго айландыруу аракети көрүлүп келатат.

Окуу жайдын эл аралык кызматташтыгынын да чабыты кенен. Улуу Британия, Норвегия, Германия, Кытай, Италия, Португалия, Исландия жана башка өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары менен кызматташуу жолго коюлган.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер