Жасалма интеллект: мугалимдерге чоң жардамчы

  • 13.03.2024
  • 0

Билимдүүгө дүйнө жарык

Бишкек финансы-экономикалык техникумунун мугалимдери “Билим берүүдө жасалма акыл платформалары” деген темада 72 сааттык курстан окуп, билимин жогорулатты. Курсту Ала-Тоо эл аралык университетинин журналистика кафедрасынын башчысы Элира Турдубаева өттү.

Жасалма интеллект — дүйнө жүзүндө популярдуулукка ээ болуп жаткан тармак. Анын ишти адам акылынын деңгээлинде жасоого мүмкүнчүлүгү жетип турат. Биз ошол мүмкүнчүлүктү билим берүү тармагында кандайча колдонушубуз керек деп Элира Турдубаевага кайрылганыбызда, ал төмөндөгүлөргө токтолду:

“Мен бул суроого жооп берерден мурда артка чегинип, жаралуу идеясына, курстун максатына токтолуп кетсем. Пандемия учурунда баарыбыз эле үйдө отуруп калбадыкпы. Мектеп, окуу жайлар онлайн окууга өттү. Ошондо байкасак, мугалимдердин көпчүлүгү санарип тиркемелерди колдонгонду билбейт экен. Баары кыйналып жатканын көрүп онлайн университет ачып, аларды кантип колдонсо болот, канткенде сабакты интерактивдүү усулдарды колдонуп кызыктуу өтсө болорун үйрөттүк. Онлайн окутууда акысыз платформаларды кыргызча которуп, кийин анын негизинде кыргыз тилинде китеп чыгардык. Илимий изилдөө жасаган мугалимдер жокко эсе экенин көрүп, аларга багыт бердик. Максатыбыз – жаңы муунду тарбиялап жаткан мугалимдер алардан артта калбай кабардар болуп, окуучуларга билим берүүдө колдонуп, туура багыт берүү. Мугалимдин иши түйшүктүү экени баарыбызга маалым, ошол ишти санарип тиркемелердин жардамы менен жеңилдетүү, жөнөкөйлөтүп берүү.

Акыркы эки жылдан бери жасалма акылды изилдеп көрдүк. Баарыбызга белгилүү болгондой, 2022-жылы OpenAI компаниясы ChatGPT иштеп чыгып, бүт дүйнөгө сунуштады. Биз аны колдонуп, бардык мүмкүнчүлүктөрүн байкап, тажрыйба топтогондон кийин гана мугалимдерди окута баштадык. Алгачкылардан болуп университеттин мугалимдери, Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери, кийин аймактарды кыдырып каалоочулардын баарын окута баштадык. Эмнеге мугалимдердин бул жасалма акылга кызыгы күч деген суроо туулат, себеби мугалим сабагына тиешелүү кызыктуу маалыматтарды 4-5 секунддун ичинде бүт дүйнө жүзү боюнча таба алат. Бул китепканага барып издеген убактысын үнөмдөйт, бир окуу китеби менен чектелип калбайт. Мугалим алган маалыматтар менен сүрөт, видео тартып, презентация жасап сабагын кызыктуу өтөт, окуучулары да сценарий жазганга, текст менен иштөөгө көнөт, лабораториялык иш жасаганга, маалыматтарды издегенге үйрөнөт. Билим берүү тармагында эле 6000ден ашык жасалма акыл платформалары бар. Бул бир жарым жылдын ичинде, биз анын элүү чактысын, бизге керектүүлөрүн гана иргеп алып окутуп жатабыз. Мугалимге жардам берет, билимдин да сапаты жогорулайт”.

Сабак учурунда биз бул платформаларды колдонуп жатканда кыргыз тилинде суроо берсек, жооп кыска, так маалыматтар менен эмес, казакча же өзбекче, же түрк тилинде жоопторду алып жаттык. Мунун себебин Элира кыргыз тилинин лингвистикалык корпусу түзүлө электигинде деп түшүндүрдү.

“Жасалма акылда кыргыз тилинде маалымат аз, ошондуктан жооп берүүдө чектелип калып жатат. Бул жаатта казактар менен өзбектер алдыга кеткен. Башка тилде биз тууралуу маалыматтар болсо, ошону которуп бергенге аракет кылат. Туура, так, кененирээк маалымат алуу үчүн лингвистикалык корпус болушу керек. Учурда филолог, лингвист, адабиятчы, тарыхчылар биригип жумушчу топ түзүлгөн, алар иш алып барууда, бирок бул топто иштеп жаткан өтө эле аз киши бар. Алар киргизип жетишпей калат, коомчулук жалпы киришип, ар бирибиз бирден акын-жазуучунун чыгармаларын, илимий эмгектерди киргизсек ал биздин тилди таанымак. Эффективдүү иштебей жатканынын себеби ушунда. Эгер кыргыз тилин өнүктүрөбүз, келечек муундун тили болсун десек жасалма акылга киргизип, ал аркылуу үйрөтүшүбүз керек”.

Азыркыга чейин “жасалма акыл кирип калса адам эмне болот?” деген коомду кызыктырып келген  суроо мугалимдер арасында да жаңырды. Ага “Жасалма акыл мугалимдердин ордун тартып албайт. Жумушун жеңилдетет, бирок жеңилдетүү үчүн кайрылганда суроосуна так, туура жооп алуу үчүн программа түзүп, иштерин пландап алышы керек. Туура багыт бергенди билүү үчүн изилдеп, билимин улам жаңылап туруу зарыл”, – деп жооп берди Элира Турдубаева.

Бишкек финансы-экономикалык техникумунун кыргыз тилчи мугалими Жылдыз Абжунушова “Жасалма интеллекттин чат-бот, үн жардамчысы, адамсыз жүрө турган транспорт каражаттары, адамдын жүзүн тааныган программалар өңдүү түрлөрү биздин заманда болуп жатканына ишене албай кетем кээде. Жасалма интеллект десе эле мен роботторду элестетчүмүн, бирок окуп, тереңирээк изилдеп көргөндөн кийин ал оюман кайттым. Бул компьютердик программа менен биз, өзгөчө мугалимдер, ишибизди алда канча тез аткарып, жеңилдетип алсак болчудай экен. Маалыматты абдан ыкчам кабыл алган муун калыптанып жаткан маалда мугалимдер да артта калбай, билимибизди жогорулатып алдык. Жаңы өнүгүп жаткан тармак болгондуктан баарыбызга кызык болду”, – деп билдирди.

Ал эми окуу жайдын жетекчисинин окуу иштери боюнча орун басары Екатерина Юдахина “Азыркы окуучулар мурдагылардан кескин айырмаланат. Айрымдары интернет аркылуу изденип, мугалимден көп билип, алдыга озуп кеткен. Ушул эле жасалма интеллектти алалы, ооба, баары жеңил болушу мүмкүн, бирок классикалык окуунун да жакшы жактарын унутпашыбыз керек», — деп билдирди.

Ошондой эле Екатерина Павловна мындай билимин жогорулаткан окуу курстары техникумда байма-бай өткөрүлүп турарын, билим берүү тармагындагы заманбап усулдар, жаңылыктар менен мугалимдер биринчи иретте кабардар болуп, керек учурда окуудан өтүп, сабагында колдонорун кошумчалады.

Эльвира Какиева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер