ЖАРЫК ДҮЙНӨНҮ ҮЧ ТИЛДИН ЖАРДАМЫ МЕНЕН ТААНЫШАТ

  • 13.02.2020
  • 0

Бишкектеги көзү азиз жана начар көргөн балдардын атайын жалпы билим берүү мектеп-интернатында балдар бир күндү англис тилине арноону салтка айландырып алышкан. Алар бул күнү алдын-ала жаттаган ырларын, тексттерин жана өзү жөнүндө баяндарын англис тилинде айтып беришип, өздөрүнүн бул тилде канчалык деңгээлде үйрөнүп жатышканын атайын келишкен конокторго көрсөтүшөт. Бул жолу да балдар топ-топко бөлүнүп алышып, тексттерди гана окушпастан, ырларды көркөм окушуп, ал тургай, жаңылмач да айтып беришти.

ЖАРЫК ДҮЙНӨНҮ ҮЧ ТИЛДИН ЖАРДАМЫ МЕНЕН ТААНЫШАТМындай көрүнүш кадыресе мектепте болсо, көнүмүш адаттай эле таасир калтырмак, бирок бул балдардын көздөрүнөн мүчүлүштүк бар экенин, китепти эле эмес, кең дүйнөнү көкүрөгү, ички туюму менен кабыл алышаарын эске алсак, алардын бул аракетин эрдик катары бааласак куп жарашчудай. Балдардын тырышчаактыгы, артисттик жөндөмдөрү, баарынан мурда, аалам таанууга умтуулусу алардын мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинен ашырып, балалыктын баео дүйнөсү баардыгына бирдей эшик ачаарын далилдеп тургансыйт.

Беш баланын энеси, кызы Венера Жээнбековага күйөрман болуп келген Аиданы 14 ата-эне өкүл катары жиберишкен. Балдары менен бирге ыр жатташып, кошо даярданышканын айткан Аида өзүнө жүктөлгөн милдетин так аткарып, бирин да калтырбай видеого тартып жатты. Алдыга чыкканы артындагысын аяр жетелеп, кимиси күймөлө түшсө жанындагы курбусу кулагына шыбырай коюп, айтор, чыныгы ынтымактуу, бирдиктүү команда экендигин далилдешти.

Голливуд жылдызы менен жолугууну кыялданган Ахмед

ЖАРЫК ДҮЙНӨНҮ ҮЧ ТИЛДИН ЖАРДАМЫ МЕНЕН ТААНЫШАТ 5-класстын окуучусу Хусаинов Ахмед өзү жөнүндөгү баянда англис тили ага дүйнө кыдырып саякаттоо учурунда жакшы жардам берерин айтат. Ал ошондой саякаттардын биринде балким Голливуд жылдыздарына жолугуп калса, англис тилинде аңгемелешем деп кыялданат. Айтмакчы, Ахмедди буга чейин ырчы катары жакшы таанышат. Ал классташы Акылай экөө Москвада өткөн “Ак аса” (“Белая трость”) фестивалына катышып келишкен. Голливуд жылдыздары менен баарлашкысы келгени да ошондон болсо керек. Балдардын баянынан улам, англис тили аларга дүйнө таанууга, музыканы түшүнүүгө жана деги эле дос күтүүгө жардам берери маалым болду.

Заман талабына жараша, жок дегенде үч тил билгенге умтулуу керек деп балдарды демилгелеген калыстар тобунун төрагасы Бекболсун Алымбаев, эң жогорку бирдей балл алган үч классты — 5-“а”, 5-“б” жана 6-“б” класстардын командаларын жеңүүчүлөр деп жарыялады.

ЖАРЫК ДҮЙНӨНҮ ҮЧ ТИЛДИН ЖАРДАМЫ МЕНЕН ТААНЫШАТБүгүнкү ийгиликтерде албетте, англис тилинен сабак берген Мавлюда Осмонованын эмгеги зор. Мавлюда Ашимовна 40 жылдык тажрыйбасы бар педагог. 35 жыл Түп районундагы Маяк айылындагы мектепте иштеп жүрүп, Бишкекке көчүп келгенден кийинки алты жылдан бери ушул мектепте иштеп келатат.

— Ушул мектепке келип иштеп калганыма аябай кубанам. Биздин мектепке жыл бою ар кайсы мектептен балдар үзгүлтүксүз келе беришет, ошого жараша алардын билим деңгээли да ар кандай. Айрыкча алыскы аймактардан келген балдардын тил билүү деңгээли өтө төмөн, бирок алар башкаларга карап түздөнүшүп, тез эле үйрөнүп кетишет. Биз педагогдор балдарга сабак берүүдө эң оболу алардын ден соолугунун мүмкүнчүлүгүнө карайбыз. Балдарыбыз тексттерди, обондуу ырларды өтө тез жаттап алышат, алардын тил үйрөнүүгө дилгирлиги мени аябай кубандырат жана ишимди кыйла жеңилдетет. Албетте, тил үйрөнүү оңой эмес, бирок тилек болсо, каалоо болсо, баардыгына жетүүгө болот. Методика канчалык күчтүү болсо да, эгерде балдардын каалоосу болбосо, ийгиликке жетүү кыйын. Мен айрыкча сөз байлыгын көбөйткөнгө басым жасайм, мисалы, 5-класста 800-900 сөз, 6-класста 1000-1200 чейин сөз жатташат. Лингафондук кабинетке жумасына эки жолу алып барам, анткени мектептин техникалык жабдуулары тил үйрөтүүнү кыйла жеңилдетет,-дейт Мавлюда Ашимовна.

ЖАРЫК ДҮЙНӨНҮ ҮЧ ТИЛДИН ЖАРДАМЫ МЕНЕН ТААНЫШАТ

Балдарыбыз эл аралык фестивалдарга байма-бай катышып турушат

Быйыл 234 бала окуп жатканын айткан Бишкектеги көзү азиз жана начар көргөн атайын мектептин директору Каликан Урсеитова, балдардын ден соолугу менен бирге алардын билим сапатын биринчи орунга коюу керек деп эсептейт.

— Биз жыл сайын февраль айында англис тилинин ачык эшик күнүн өткөрөбүз. Көрүү жагынан чектелгендигине жараша, балдарыбыз табиятынан өтө зирек, сезимтал келишет, эске тутуу жөндөмдөрү да мыкты. Окуу менен эс алууну айкалыштырып, балдарды ар тараптуу өнүктүрүү үчүн окуу сынактарынан тышкары, музыка, бий жагынан да тынымсыз иш-чараларды өткөрүп турабыз. Эки жыл мурда мугалимдик кесипке урмат-сый арттыруу максатында ачык сабактарды өткөргөнбүз. 8-11-класстын окуучулары өздөрү ачык сабак өтүшүп, ага Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы атайын мектептердин директорлору катышкан. Катышуучулар окуучуларыбыз ар бир предметти жогорку деңгээлде өтүшкөнүн ушул кезге чейин айтып калышат. Албетте, мугалимге да, окуучуга да эң чоң жардамды техника берет. Бизде ар бир кабинет бардык керектүү жабдуулар менен жабдылган.

Мен ушул мектепте 1992-жылдан бери директор болуп иштейм. Ушул мезгил аралыгында жетекчи катары менин бир ынанганым, максатты туура аныктап, талап кое билген адам сөзсүз ийгиликке жетишет экен. Биз балдардын ден соолугуна кам көргөндөн тышкары, алардын билим  сапатына да өзгөчө көңүл бөлөбүз. Анткени балдарыбыздын башкалардан айырмасы бар, демек, ошол айырмачылыкты билим менен толуктаса деп тилейбиз. Көздөрү менен көрө албаса да, жан дүйнөсү менен, тили менен жана билими менен таанылып, ийгиликтүү жаштардан болушуна болгон аракетибизди жумшап келебиз,-дейт Каликан Амановна.

Сабактардан мыкты окууга, сабактан тышкары убактыларын музыкага жана башка пайдалуу иштерге арноого бардык шарттары бар бул мектепте эл аралык жылдыз болууга жетишкен ырчылары арбын. Балдар жыл сайын Москвадагы жана башка өлкөлөрдөгү эл аралык музыкалык фестивалдарга катышып турушат. Былтыр октябрь айында 9-класстын эки окуучусу — Зарина жана Саида Москва шаарындагы Кремль сарайында өткөн “Ак аса” (“Белая трость”) деген юбилейлик фестивалга катышып келишти. Мектеп фестивалдын уюштуруучусу, Россия эстрада жылдызы Диана Гурцкая менен тыгыз байланышта иштейт. Андан тышкары, Россия Федерациясындагы атайын мектептин  “Өнөр канатында” (“На крыльях творчества”) деген фестивалына быйыл дагы Айбол деген окуучусу барып катышмакчы. Мурдагы жылы ушул фестивалдын алкагында РФ Мамлекеттик думасынын депутаттары менен жолугушуу уюштурулуп, мектептин бир окуучусу апасы менен жана Каликан Амановна барып катышып келишкен. Ал сапарга кеткен чыгымдарды ЖК депутаты Дастан Бекешов көтөргөн.

  Учкан уясын унутушпайт

Мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн интернат – талантын таптаган, өзүнө ишенимди бекемдей алган жана дүйнөнү ар тараптуу көрүүгө үйрөткөн ыйык жай. Мына ушул себептен бүтүрүүчүлөрү ага аяр мамиле жасашып, учкан уясын унутушпай, тез-тез каттап, колдон келген жардамын аяшпайт. Аларды турмушта өз ордун таап, ийгиликтерге жетишин чын дилден каалаган жана кубанып кубаттаган эжей-агайлары бар деген сезим ар дайым коштоп жүрөт.

Каликан Урсеитованын айтымында, мектепти аяктаган балдардын бешөө кайра келип, өздөрү менен кесиптеш болуп, балдарды окутуп-тарбиялоодо жардам берип жатат. Алардын бири Бекболсун Алымбаев КУУнун тарых факультетин ийгиликтүү аяктап келген соң, өзү окуган мектепте сабак берет. Сабак берүү менен эле чектелбей, коомдук иштерге активдүү катышып, балдарды тарбиялоодо кадыресе көмөкчү да болууга жетишет. Каликан Амановна жетектеген педжамааттан билим жана тарбия алган балдар Кыргызстанда эле эмес, чет өлкөлөрдө да билим алышып, юрист, экономист, академик, мугалим сыяктуу ардактуу кесип ээлеринен болушту. Бул чындыгында эле сыймык.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер