ЖАРКЫН ЭЛЕСТЕРИ ТҮБӨЛҮККӨ САКТАЛАТ

  • 05.08.2020
  • 0

30-июлда жалпы кыргызстандыктар аза күтүп, бактериялык согуштан курман болгондордун үй-бүлөсүнө кайрат айтып, тилектештиктерин билдиришти. Таажы вирусу билим берүү тармагына да залакасын тийгизди, орду толгус чоң жоготууга дуушар кылды. Интеллигенциянын туу чокулары биринин артынан бири бул дүйнө менен кош айтышкандары баарыбыздын кабыргабызды кайыштырып, алсыратып койду.

Өзгөчө быйылкы жылдын июль айы — каргашалуу ай болуп калды. Мен мендеген мыктылардан кол жуудук. Гезитибиздин бир санында эки бет толтура некролог жарыяладык. Бул атың өчкүр оору, бир жерде көзгө көрүнбөй жашынып отурган снайпер сыяктуу, кыргыздын мыктыларын, чыкмаларын бирден терип, жоготкондой сезилди мага.

Жангороз Каниметов

ЖАРКЫН ЭЛЕСТЕРИ ТҮБӨЛҮККӨ САКТАЛАТ

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, окумуштуу-педагог, профессор, коомдук ишмер, Эл аралык педагогикалык билим берүү академиясынын академиги (Москва, МАНПО), педагогика илимдеринин доктору Жангороз Каниметов 70 жаш курагында дүйнө салды.

Агай 70 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча бир топ иш-чаралар өтөөрүн айтты эле. Бирок, тилекке каршы, таажы вирусунун айынан бардык иш-чаралары белгисиз убакытка жылдырылган болчу. Анын 70 жылдык урматына «Мугалим» илимий-педагогикалык журналы аны башкы бетине чыгарып, ичине агайдын билим берүү тармагына жасаган опол тоодой эмгектерин тизмектеген Э.Мамбетакуновдун мыкты материалы жарыяланган болчу.

— Журналды колуна алганда агай кудуңдап, жаш баладай аябай сүйүнгөн эле, — дейт журналдын башкы редактору Рахат Сулайманова.

«Кут Билим» гезитине да агай тууралуу замандаштары жазган материалдарды жарыялайбыз деп турган учурда, өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланып, карантинге чыгып кетип, жарык көрбөй калган. Кеч болсо да ал материалды агайдын көзү өтүп кеткенден кийин жарыялаганга туура келди.

Жангороз агай эмгек жолун жөнөкөй мугалимден баштап бакыйган конгрессменге чейин жетти. Ушул аралыкта кандай гана кызмат ордунда отурбасын, ал билим берүү тармагынын өнүгүп-өсүшүнө зор салымын кошуп келди. Алсак, 1995-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынына, 2000-2005-жылдары Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынына жана 2007-2010-жылдары Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, эки чакырылышта (1995-2005) Жогорку Кеңештин билим, илим жана маданият комитетинин төрагасы болуп иштегенин мугалим журтчулгу жакшы билет. Анткени агай «Мугалимдердин статусу» (2000), «Билим берүү жөнүндө» (2003), «Экологиялык-экономикалык Ысык-Көл системасынын туруктуу өнүгүшү жөнүндө» (2004) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары жана башка мыйзамдарга демилгечи болуп, алардын автору катары коргогон. Бул мыйзамдар бүгүн улуттук билим берүүнүн базалык-укуктук документи катары кызмат кылууда.

Ж.Каниметов «Манас-1000», «Даңк» медалдары, Кыргыз ССРинин, СССРдин «Билим берүүсүнүн отличниги», КР Жогорку Кеңешинин бир нече ардак грамоталары менен сыйланган, «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген мугалими» деген ардактуу наамдарга татыктуу болгон. Ал К.Карасаев, Т.Сыдыкбеков медалдарынын ээси. Ж.Каниметов Кыргыз Республикасынын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси, Ысык-Көл облусунун, АКШдагы Флорида штатынын ж.б. өлкөлөрдүн ардактуу атуулу жана бир нече университеттердин ардактуу профессору.

(Эмиль Каниметовдун атасы тууралуу жазган мыкты эскерүүсүн биздин сайттан окусаңыздар болот)

Айчүрөк Самакова

ЖАРКЫН ЭЛЕСТЕРИ ТҮБӨЛҮККӨ САКТАЛАТ

Нарын шаарындагы атактуу Чкалов атындагы мектеп-гимназиянын директору Самакова Айчүрөк эженин күтүүсүз дүйнөдөн кайтышы бүтүндөй билим берүү тармагы үчүн оор жоготуу болду.

Айчүрөк эжей Бишкекке келгенде сөзсүз «Кут Билимге» келип, жетишкен ийгиликтерин айтып, баарлашып кетээр эле. Ар бир сөзү жугумдуу, жалаң билим берүү тармагынын өнүгүп-өсүшү тууралуу кеп кылчу. Өзгөчө чкаловдуктар Москва шаарында өтүп турган сынактарга активдүү катышып, дайыма байгелүү орундарды жеңип келгендери тууралуу биринчи эле бизге кабарлачу. Айрым учурда ошол жеңишке жеткендерди кошо ала келип, «интервью бергиле деп ээрчитип келдим» дээр эле.

Айчүрөк Самакова өзү окуп кеткен Чкалов атындагы мектепке 1986-жылы кайтып баргандан кийинки эмгек жолу ушул жерде өттү, класстан сырткары иштерди уюштуруучу, биология сабагынын мугалими, тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеп, өзүн такшалган уюштуруучу, кесипкөй педагог катары көрсөтө алды.

1997-жылы мектеп-гимназиянын директору болуп дайындалып, өмүрүнүн акырына чейин тынбай үзүрлүү эмгектенди. Бүтүн республикага аты чыккан мектепти гимназия кылып кайра түзүп, окуу-тарбиянын жогорку деңгээлин түшүрбөй жетектеп келди.

Мектеп-гимназия 2007-жылы «Даӊк» медалы менен сыйланып, 2010-жылы «Шаардын эӊ мыкты мектеби» аталды. Бул жетишкендиктерде Айчүрөк Самакованын салымы чоң экени калетсиз. Мамлекеттин билим казынасын байытууга жана өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы мамлекет тарабынан жогору бааланып, Айчүрөк Самаковага “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” ардактуу наамы ыйгарылган.

Эльнура Музаева

ЖАРКЫН ЭЛЕСТЕРИ ТҮБӨЛҮККӨ САКТАЛАТ

Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун мыктысы Музаева Эльнурадан айрылдык. Ал 54 жашта эле. Анын өмүрлүк жолдошу Уран Кубатбеков жаман илдетке кабылып, курман болгондон кийин эки күндөн кийин Эльнура анын артынан кете берди. Эки уулу эки бирдей жакын адамдарынан айрылып, жетимсиреп калышты.

Эльнуранын адамгерчилигинин бийиктиги, катуу сүйлөбөгөн, иштин көзүн билген, боорукер, мээримдүү эне, жароокер жар эле.

№5 Улуттук гимназияны жетектеп турганда болуп көрбөгөндөй бир топ жакшы иштерди жасады. Аны гимназиянын эмгек жамааты жакшы билет. Кийин №78 гимназияга директор болуп дайындалганда чу дегенде эле мектептин эскирип калган сыртын сырдатып, айлана-чөйрөсүн көрктөндүрдү. Айрым учурда ал өзү шымаланып алып, бак-дарактарды, көздүн жоосун алган гүлдөрдү отургузуп, аларды сугаруу үчүн жердин алды менен түтүкчөлөрдү орноттурган.

Э.Музаева гимназиянын өнүгүп-өсүшүнө зор салым кошту. Демөөрчүлөрдү таап, ата-энелер комитети менен тыгыз иштеп, мектепке керектүү эмеректерди алып, акыркы технологиялар менен жабдыганга жетишкен.

— Директор болуп келген күндөн тарта жаны тынган жок. Иштин көзүн аябай билчү. Документтери так, анан таза иштечү. Мектепке ысык суу киргиздирди, дараткана салдырды, эмеректерди алдырды, бир сөз менен айтканда көп иштерди жасап кетти. Ата-эне, окуучу, мугалимдер менен бат тил табышчу. Аябай адамгерчиликтүү эле, — дейт №78 мектептин завучу Гүлнара Асаналиева.

Эльнура Турдукуловна 1966-жылы Талас районуна караштуу Ивано-Алексеевка айылында туулган. 1983-жылы Фрунзе шаарынын Педагогикалык орус тили жана адабияты институтуна тапшырып, аны 1988-жылы ийгиликтүү аяктап, жогорку билимге ээ болгон.

Эмгек жолун жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин эле 1989-жылы апрель айында ошол эле окуу жайдын канцеляриясында иштеп баштаган. 1989-жылдын декабрь айынын баштап Педагогика жана психология кафедрасында ага лаборант болуп которулуп, ал жерде 1994-жылга чейин эмгектенет.

1995-1996-жылдары Бишкек шаарынын №36 мектебинде орус тили жана адабияты боюнча мугалим болуп иштеп, 1996-жылдан 2004-жылга чейин №69 ОТКде директордун орун басарынан баштап директорлук кызматка чейин көтөрүлөт. Эмгекчил Эльнура Турдукуловна

2004-2006-жылдары Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгын жетектеген, 2006-жылдан баштап 2012-жылга чейин Бишкек шаарынын Улуттук компьютердик гимназиясын жетектеп келген, андан кийин 2012-жылдан ушул күнгѳ чейин №78 мектеп гимназиясында директор болуп жемиштүү ийгиликтерди жаратып иштегенин кесиптештери баса белгилешти.

Анын эмгеги жерде калган жок. Ал Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун мыктысы төш белгисинин ээси, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министирлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланган.

Асина Ташибаева

ЖАРКЫН ЭЛЕСТЕРИ ТҮБӨЛҮККӨ САКТАЛАТ

Өлкөбүздүн билим берүү тармагы дагы бир орду толгус чоң жоготууга учурады. 79 жашында Кыргыз Республикасынын эмгек синирген мугалими, билим берүүнүн мыктысы Ташибаева Асина Бекташевна жалган дүйнө менен коштошту.

Асина Бекташевна өмүр бою мектепте иштеп, райондо алдыңкы мугалимдердин бири болгон. Анын окуучулары ар дайым райондук, облустук олимпиадаларда байгелүү орундарга ээ болуп келген. Ал өз кесибин абдан сүйгөн адам эле. Советтер Союзу тарагандан кийин, ал мектептеги физика лабораториясын сактап калууга чоң салымын кошкон. Асина Бекташевнанын аракети менен мектепте жаш муундарга физика сабагы боюнча керектүү курал-жарактарды жана китептерди сактап келген. Ошондой эле өз каражатынан физика кабинетин жабдыган.

Ташибаева Асина Бекташевна 1965-жылы Фрунзедеги В. Маяковский атындагы кыз-келиндер институтун аяктаган. Окууну бүтүргөн соң, Кемин, Чүй райондорунда жана Бишкек шаарында иштеп келген. 1988-жылдан 2015-жылга чейин Чүй районунун Кошой айылындагы орто мектебинде физика мугалими болуп эмгектенген.

Мыкты жубай, жети баланын энеси, 20 неберенин чоң апасы чыныгы патриотторду тарбиялап өстүрдү. Анын өзүнүн балдары жана тарбиялап окуткан бүтүрүүчүлөрү азыркы учурда ар кандай кызматтарда мамлекетибиздин өсүшүнө салымын кошуп келе жатышат.

Тилек Трукмен уулу

ЖАРКЫН ЭЛЕСТЕРИ ТҮБӨЛҮККӨ САКТАЛАТ

М.И.Ибрагимов атындагы Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинин директору Трукмен уулу Тилек 55 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Тилек менен бир жума мурда бир иштер менен телефон чалып, сүйлөштүм эле. Жайдары, жакшы сүйлөштүк. Сөзүмдү эки кылбаганына ыраазы болуп, аманчылыкта жолугаарыбызды билдиргем болчу. Бир жума өтүп-өтпөй эле суук кабарды уктум. Атың өчкүр оору бир заматта эле мыкты жетекчиден кол жуудурду.

Ыраматылык Тилек 15 илимий макаланын жана эки изилдөөчүлүк патенттин автору болчу. Анын жасаган “Резистивдүү жылыткыч” жана “Суюктукту индуктивдүү жылыткыч” аттуу эмгектери учурда тамак-аш жана өнөр жай ишканаларында колдонсо боло тургандыгын кесиптештери баса белгилешти.

Трукмен уулу Тилек 2004-жылдан ушул күнгө чейин М.И.Ибрагимов атындагы Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинин жетектеп келди. Бул колледжде кылган эмгеги өзүнчө узун сабак кылса болот. Ал колледждин жана кесиптик орто билим берүү тармагынын калыптанышына өзүнүң салымын кошкон. Айрыкча, колледжди акыркы заманбап техникалар жана технологиялар менен, ошондой эле колледждин имаратын оңдоп-түздөө иштерин жүргүзүүдө зор салып кошконун мактануу менен айтып кетүүгө болот.

Кара-Балта шаардык кеңешинин бир канча жолку чакырылышынын депутаты болуп, аталган Кеңештин Билим берүү, жаштар, маданият жана спорт комиссиясынын төрагасы болуп дагы иш алып барган.

Трукмен уулу Тилек билим берүүгө, илимге сиңирген эмгеги бааланып, “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси, Кесиптик кошундар союзунун, Жайыл райондук мамлекеттик администарциясынын, окуу жайлардын грамоталары жана башка сыйлыктар менен сыйланган.

Чолпон (Маамет кызы) Майлыбашева

ЖАРКЫН ЭЛЕСТЕРИ ТҮБӨЛҮККӨ САКТАЛАТ

Ал Ат-Башы айылындагы №2 мектепте жигердүү окуучулардын катарында комсомол уюмун башкарып, «эң жакшы» деген баалар менен окуп, сүрөтү “Ардак тактада” илинип тураар эле. Мектепти аяктары менен Пржевальскийдеги Педагогикалык институтунун математика факультетине өтүп, 1977-жылы ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун Нарындагы атактуу Чкалов мектебинде математика мугалимдигинен баштаган. 1980-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде жөнөкөй окутуучудан баштап, ага окутуучу, доцент, кафедра башчысына чейин көтөрүлгөн. Студенттер, окуучулар үчүн көптөгөн окуу китептердин, усулдук колдонмолордун, илимий макалалардын автору. Математика сабагын мектептерде, жогорку окуу жайларда окутуунун усулдарын жайылтуучулардын бири. Жаш окутуучу кадрларды тарбиялоодогу үзүрлүү эмгеги үчүн “Элге билим берүүнүн отличниги” деген төш белгисине татыган.

Чолпондун дагы бир артыкчылыгы – сөз бага билчү жана ошондой адамдарды баалачу. Дарс окуп жатабы же той-топурда сүйлөгөн сөздөрү кыргыздын улуу ойчулдарынын философиялык ойлоруна, улуттук өзгөчөлүктөрүбүздүн боёкторуна бай, таамай эле. Угуп отурган студентпи же айылдан келген дыйканбы, министрби, окумуштуубу кулагын төшөп, тамшанып кулак түрүшчү. Мындай асыл сапат бардык эле адамдарга берилген эмес.

Пандемиянын курмандыктары:

Каниметов Жангороз, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, окумуштуу-педагог, профессор, коомдук ишмер, Эл аралык педагогикалык билим берүү академиясынын академиги (Москва, МАНПО), педагогика илимдеринин доктору;

Мавлянов Абдырахман Субанкулович, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, АДАМ университетинин президенти, Эл аралык инженердик академиясынын академиги;

Муратов Абдиманнап Аттокурович, медицина илимдеринин доктору, профессор, педиатр-дарыгер;

Майлыбашева Чолпон Сатыбалдиевна (Маамет кызы), КР элге билим берүүнүн мыктысы;

Джаныбеков Чабалдай, техника илимдеринин доктору, КРнын илимге эмгек сиңирген ишмери;

Ж.У.Байсалов, педагогика илимдеринин доктору;

Р.А.Абдраимова, педагогика илимдеринин доктору;

Трукмен уулу Тилек, Билим берүүнүн мыктысы;

Осмонов Кубанычбек Эргешович, Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин директору;

Ташибаева Асина Бекташевна, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими;

Самакова Айчүрөк, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими;

Музаева Элнура Турдукуловна, Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун мыктысы;

Токтосунова Жамиля Ишенбековна, Бишкек шаарындагы №148 бала бакчанын директору;

Казаков Камбар, №55 мектептин директорунун орун басары;

Нефедова Ирина Юрьевна, №61 мектеп-лицейдин башталгыч класстарынын мугалими;

Мусаева Айнура Мусаевна №69 мектептин орус тилчи мугалими;

Калдымолдоева Укен Жолдошевна, №64 мектептин физик мугалими;

Токтосунова Айзирек, №9 мектептин биология жана химия мугалими;

Осмонгазиева Айдай Моңолдоровна, №13 мектептин мамлекеттик тил мугалими;

Петрова Ирина Дмитриевна, №118 бала бакчанын тарбиячысы;

Тюлегенова Тынатин, №10 бала бакчанын кызматкери;

Ашырова Айзада Тентиевна, №22 бала бакчанын кызматкери;

Карыбаев Атабек Мамашевич, №164 бала бакчанын кароолчусу;

Шаршенбек уулу Зиаул, №95 мектептин тарых мугалими;

Алымкулов Төлбашы, Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун мыктысы…

Кут Билим” гезитинин жамааты жарык дүйнө менен кош айтышкан жогорудагы адамдардын жакындарына, үй-бүлөсүнө, кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жаткан жерлери жайлуу, топурагы торко болсун. Ар биринин элеси түбөлүк сакталат.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер