ЖОЛБОРС КАЯККА БАШТАЙТ?

  • 31.12.2021
  • 0

Уй жылын узаттык. Мына, жолборс жылы да келип калды. Бул жыл баарыбыз үчүн жакшылыкка мол болсун дейли. Бирок канткенде тилектер орундалат да, ойлогон ойду кыстаган турмуш жеӊип кетпейт?

Жолдуу болсун жолборс жыл. “Жолборс изинен тайбайт, жигит сөзүнөн кайтпайт”. Изинен тайбаш үчүн жолборс түлкүлөргө алданбай, чөөлөрдү жанына жолотпошу керек.

Сөзүнөн кайтпаш үчүн адам алысын болжоп, ар кадамын кылдат эсептеп, жетик ойлонот. Утурумдук пайдага азгырылбай, эмоцияга алдырбай, сергек акыл, тереӊ билим, курч кайрат менен туюктан жол чаап чыгат. Ар тараптан такталып, туура мерчемделген ойду өжөр мүнөз коштосо, ал ишке ашпай калбайт. Тескерисинче, чала ойлонулган же дегеле эмоциянын эпкини менен айтыла калган “ой” ойрон болот.

Жалпы улуттук (мамлекеттик, бүткүл өлкөлүк маанидеги) мүдөөлөр орундалышы үчүн бийлик менен элдин, мамлекет менен коомдун ортосунда ишеним, өз ара түшүнүшүү, колдоо болушу өтө зарыл. Бул биримдиктин башкы шарты – сөз менен иштин ортосунда ажырымдын жоктугу, байлык, бийлигине карабай, мыйзамдардын баарына бирдей калыс колдонулушу, кара кылды как жарган калыстык.

Баарыбыздын, ар бирибиздин жолборсубуз жолдуу болсун – изинен тайбасын.

Сөзүбүз өтүмдүү болсун!

Мүдөөбүз бийик, ага жетиш үчүн оюбуз тереӊ, бекем болсун – турмуштун сыноосуна жеӊилип калбасын!

Жолдош Турдубаев.

Бөлүшүү

Комментарийлер